Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Кыргызстанда диний адабияттарды көзөмөлдөө укугун муфтиятка жана орус проваслав чиркөөсүнө берүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Демилгечилердин айтымында, адистер жок болгондугуна байланыштуу диний адабияттардын мазмунун текшерүүгө мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүгү жок болууда.

Диний адабияттарды ким көзөмөлдөш керек?
Кыргыздардын ата-бабабыздан бери кармап келаткан салттуу дини бар да. Ошол салттуу динибизге жаңылык киргизген, экстремисттик жана террористтик маанайдагы башка агымдар кирип кетпесин деген ойдун негизинде гана ушул мыйзам керек деп жатабыз.


Кыргызстанда салттуу исламга туура келбеген, экстремизм жана терроризмге үндөгөн мазмундагы диний адабияттар кездешүүдө. Ошондон улам “Дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизип, диний адабияттарды көзөмөлдөө ишин муфтиятка жана проваслав чиркөөсүнө берүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Бул тууралуу социал-демократтар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди.

- Экстремисттик диний агымдар чыгып жатат. Вахабисттер жана башкалар чыккандыгын айтып жатышат. Биздин, кыргыздардын ата-бабабыздан бери кармап келаткан салттуу дини бар да. Ошол салттуу динибизге жаңылык киргизген, экстремисттик жана террористтик маанайдагы башка агымдар кирип кетпесин деген ойдун негизинде гана ушул мыйзам керек деп жатабыз.

Айрым депутаттардын айтымында, өлкөнүн коопсуздугу менен алектенген мамлекеттик органдарда диний эксперттер жокко эсе. Андыктан, башка өлкөдөн келген адабияттар Кыргызстанга оңой эле кирип кетүүдө.

Мамлекеттин вазийпасы мамлекетте калыш керек

Кыргызстанда шектүү делген диний адабияттардын мазмунун өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын адистери текшерет. Аталган мекеменин төрага орун басары Табылды Орозалиев диний адабияттарды текшерүү укугун диний мекемелерге берүү жаңылыштык болорун айтууда.

- Конституцияда бардык диндер тең деп жазылып турат. Биз деген светтик өлкө деп эсептелебиз да. Ошондуктан, муфтиятка жана орус проваслав чиркөөсүнө мамлекеттин вазийпасын өткөрүп берүү туура болбойт.

Орозалиевдин белгилешинче, ушу тапта Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун адабияттары көп кезигип жатат.

- Экстремисттик адабияттар бизден аныкталат. Алардын 80-90 пайызы “Хизб-ут Тахрир” уюумуна таандык болуп чыгууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү муфтият
Чындыгында сырттан ташылып келген китептерде коркунучтар бар. Айрыкча орус тилдүү адабияттарда коркунучтар бар.


Учурда Кыргызстанда басылган ислам жаатындагы диний адабияттар муфтиятта текшерилип, алардын макулдугу менен чыгарылат. Анткен менен жалпы басылып жаткан китептердин үчтөн бирин гана текшерүүгө алып келишет экен. Ал эми башка өлкөдөн алынып келинген, же текшертилбей эле сатылып жаткан адабияттарды көзөмөлдөөгө Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын укугу жок.

Муфтияттын алдындагы Диний адабияттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери Толкун Арсен уулу буларды билдирди:

- Жалгыз гана муфтиятка келген китептерге басууга уруксат же урксат эмес деген аныктама бере алабыз. Ал эми сатылып жаткан жана сырттан ташылып келип жаткан китептерди текшерүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Чындыгында сырттан ташылып келген китептерде коркунучтар бар. Орусия тараптан келгенби, айрыкча орус тилдүү адабияттарда коркунучтар бар.

Толкун Арсен уулу аталган мыйзам бул иште муфтияттын колун бир кыйла узартмак деп эсептейт.

Биргелешкен кеңеш керек
Диний секталардын салттуу динге карама-каршы келгендигин муфтият көзөмөлдөш керек.


Ал эми Ички иштер министрлигинин алдындагы Диний экстремизм менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Жээнбековдун оюнча, мамлекетте диний адабияттар боюнча корутунду чыгарган ар тараптуу кеңеш же комиссия болсо жакшы болмок.

- Мамлекеттик дин комиссиясы бар да. Ошол жердеги эксперттерден жардам сурап, алардын корутундусун алабыз. Бирок биз бул боюнча атайын эксперттик комитетпи же кеңешпи түзүлүш керек өз сунуштарыбызды бергенбиз. Ал кеңешке окумуштуулар, дин адамдары, укук коргоо органдары, бейөкмөт уюмдардан, кыскасы ушул тармактагы эксперттерди топтоп, пайда болгон маселелер боюнча керек учурда корутунду алып турсак болмок.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Данияр Мурадилов бул маселеде биргелешип иштөө талап кылынарын айтууда.

- Диний секталардын салттуу динге карама-каршы келгендигин муфтият көзөмөлдөш керек. Ал эми кайсы бир секта, конфессия болобу, алардын экстремисттик иш аракети бар жогун, тагырак айтканда мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан нерселерди мамлекет караш керек.

“Дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү Жогорку Кеңештеги Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетте каралып, кызуу талкууланды. Анда сүйлөгөн адистер бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу зарыл экендиги белгилешти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG