Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03
Тигил же бул диний ишенимге үгүттөөдө башка диний баалуулуктарды жана ал баалуулуктарды тутунган өлкөлөрдүн маданиятына шек келтирүүгө Кыргызстандын мыйзамдары да, ислам да жол бербейт. Ошентсе да жума намаздарда айрым динаятчылар Батыштын маданиятын терс көрүнүш катары көрсөтүүгө аракет жасаган учурлар жолугуп жүрөт.

Ош шаарынын тургуну Айдын Токтосунов апта сайын жума намазга барат, молдолордун кеп-кеңештерин угуп, тазаланып турат. Айдындын ишендиргенине караганда жума намазда тигил же бул өлкөнүн саясатына тийишкен учурлар болбойт, болгону маданият, адеп-ахлак жаатында мисалдар келтирилет:

- Мен молдолордун андай кеп-кеңештерин туура эле кабыл алам. Бир гана Батыштын маданиятындагы терс нерселерди гана эмес, орусиялыктардын ичкиликке жакын экени, алардай болуу туура эместигин айтып турушат. Менимче, мындай дарстар бизди жакшылыкка гана жетелейт.

Оштогу “Алай” мечитинин имамы Ахмат Пахиров деле сыйынганы келгендерге маселе окуп жатканда Европа маданиятындагы терс көрүнүштөрдү мисал катары келтирээрин жашырбайт.

- Европанын кийимдери шариятыбызга өтө терс. Ошондуктан биз аларды айтып коюшубуз парз. Европалыктардын исламдан кабары бар, биздин сөздөрүбузгө алар капа болбошу керек.

- Исламда уруксат берилеби, башка бир өлкөлөрдүн маданиятын жамандап, жакшылыкка чакырууга?

- Эгер башка бир өлкөнүн маданияты исламга терс таасир берсе, биз алардын жаман жагын айтууга укугубуз бар.

Ахмат Пахиров өзүнүн дарстары аркылуу конкреттүү кайсы бир мамлекеттин маданиятына шек келтирдим деп санабайт.

Кара-Суу районундагы борбордук мечиттин имамы Сүйүн Калыков болсо мындай көз карашты кубаттаган жок:

- Кесиптешимдин жогорудагы пикирине кошула албайм. Биз башка бир мамлекеттердин мисалында айтканыбыз туура эмес. Биз адамзаттын мисалында дарс окушубуз керек.

Адистердин айтымында, башка бир коомчулуктун, же өлкөлөрдүн көрүнүштөрүн негизсиз каралоого Кыргызстандын мыйзамдары менен кошо исламдын өзүндө да жол берилейт.

Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов билдиргендей, Курани Карим негизделип жаткан учурда деле динсиздерге карата каапыр же ушуга окшош орой сөздөр айтылган эмес экен.

- Азыркынын айрым молдолору кээ бир кишилерге карата «динсиздер, каапырлар» деген сөздөрдү колдоноорун жашыра албайбыз. Исламда туура жолго чакырууда адамзаттын сыпаттары жөнүндө гана сөз кылуу жетиштүү.

Диний эксперттердин баамында, бир тараптуу жамандоого көбүнчө үйрөнчүк молдолор барышат. Дин таануучу Курбаналы Узаковдун айтымында, имамдар башка өлкөлөрдүн мисалында айткан кенештеринде бөтөн мамлекеттин маданиятына шек келтирип жатканына маани деле беришпейт. Анткени аларда конфликтология боюнча билим жетишсиз.

- Жөндөн жөн эле, Америкада мындай, Кытайда тигиндей дей берүү ошол мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелердин начарлашына алып келет. Экинчиден, ошол өлкөлөрдөгү дин туткан адамдар менен бири-бирине карама-каршылыктарды туудурат.

Ушул өндүү маселелерди жөнгө салуу үчүн Кыргызстандагы мечиттерде 1-январдан бери «Бирдиктүү тема» планы ишке кирди. Башкача айтканда, өлкө аймагында иштеп жаткан бардык мечиттердин имамдары жума намаздарда муфтият сунуштаган теманын чегинде гана дарс окушу керек. Бирок бардык эле имамдар сунушталган планга ылайык иштеп жаткандыгын тастыктоо оңойго турбайт. Бул казияттарда, муфтиятта кызматкерлердин жетишсиздиги менен түшүндүрүлүүдө. Маселен, Ош облусунда эле 697 мечит бар, анын ичинен 150 мечитте жума намаз үзгүлтүксүз болуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG