Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Ушу тапта Кыргызстанда ислам динине үгүттөгөндөр күчөп, дааватчы атангандардын үймө-үй кыдырып жүрүшү түрдүүчө кабыл алынууда.

Бир тарабы жазгы кош айдоо маалында үй-жайын таштап, кыдырып кеткендерге нааразы болуп жатат. Дааватчылар болсо, Кудайды тааныган пайдалуу деген жүйөө кармашууда.

- Биздин айылыбызда эки-үч мечит бар. Ал жерде жапжаш балдар жүрөт. Алардын үйүндө тиричилик жокпу? “Жаз жарыш, күз күрөш” дейт. Биз деле үй-бүлөбүз менен намаз окуган адамбыз, бирок Кудай-таалам деле ырыскыны иштеген адамга берет. Кээ бир балдар жайдын чилдесинде, эл тытынып талаада жүргөндө да дааватта жүрөт.

Бишкектин жанындагы Сокулук районунун тургуну Жамила Асылбекова дааватка кыдырып кеткендерге ушинтип кейийт.

Тартипке салса болбойбу?

“Кош айдоо башталганда тоону томкоро турган жаштардын даават деп жер кезип кеткени жакшы эмес көрүнүш, бир жагынан ислам динине доо кетирет” деп эсептейт Жамила айым. Анын оюнча, жаштардын жумалап дайын-дарексиз кетип калышы ата-энелерди да сар-санаага салат.

- Менин жүрөгүмдү өйүгөнү дааватчылардын көбөйүп жатышы. Жок дегенде дааватка кетип жатканда, ата-эне анын кайда жүргөнүн билиш керек да. Бирок булар телефондорун өчүрүп, “силердин кайда жүргөнүңөрдү эч ким билбеш керек” деп айтышат экен. Дааватты бир тартипке келтирсе, аларга туура багыт берсе болбойбу.

Дааватчыларга нааразы үндөр башка аймактардан да угулат. Талас шаарынын тургуну Зина Муратова “дааватчылардын жүрүм-турумуна жана алардын эртели-кеч эшик такылдатып, исламга чакырып келгенинен көпчүлүк жадап баштады” дейт.

- Күнүгө эртең менен болобу же кечиндеби, эшикти такылдатып келишет сакалчан, чапанчан адамдар. “Мечитке келгиле, дааватка келгиле, же болбосо сүйлөшөлү дедик эле, таксыр барбы” деп сурашат.Үйдө эркек киши жок деп кутулабыз.

Кыргызстанда даават иши өлкө эгемендик алган өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында пайда болгон. Ал кезде бирин-экин чет элдик дааватчыларды эске албаганда, жергиликтүү элдин андан кабары жок болчу. Бирок 2000-жылдардан кийин өлкөдө даават тездик менен жанданып, азыр дааватчылардын курамын дээрлик жүз пайыз кыргызстандыктар түзөт.

Терс иштердин дабасы - дааватпы?

Муфтияттын алдындагы Даават бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Эратов дааваттын жаштарды оң жолго салууда, коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүүдө салымы зор деп эсептейт.

- Дааваттын таасири менен коомчулук аябай запкы тартып жаткан аракечтиктен, ичимдиктен арылып, кала берсе баңгизатын колдонуудан да кутулуп кеткендер көп. Андан тышкары, селсаяк болуп, турак жайы жок адамдардын арасында да даават иши жүрүп, алардан адам катарына кошулуп, кадимкидей турмушун улантып кеткендер да катарыбызда көп.

Равшанбек Эратовдун белгилешинче, дааватка чыккандагы адамдын максаты башкаларга динди үйрөтүү эмес, эң оболу өзү үйрөнүү болуп саналат. Ал ошондой эле “биздин айылга дааватчылар болсо жиберсеңер” деп суранган жарандар бар экендигин кошумчалады.

- Кээ бирлер бизге дааваттын кереги жок деп айтып жатса, ошол эле кезде бизге дааватчыларды жөнөтсөңүздөр болот эле, мечитибиз аңырайып бош калды деп кайрылып жаткан жарандарыбыз да бар. Эч кимден нан, же оокат сурабай, же бир зыянын тийгизбей, колунан келген жакшы сөзүн айтып, бири-бирин жакшылыкка үндөп турган бул жакшы иш. Мунун жаманы, зыяны жок.

Муфтияттын өкүлүнүн айтымында, исламда сөзсүз үч күнгө же кырк күнгө дааватка чыгуу деген талап жок. Бирок даават кылуу, башкача айтканда адамдарды “жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу” иши кырк парздын бири деп эсептелет. Дааватчылар ал эми үч күнгө, кырк күнгө, же төрт айга дааватка чыгуу анын чаржайыт болбошу үчүн гана ойлоп табылган эреже жана тартип экендигин айтышууда.

Коомчулукта болсо дааватчылардын аракети түрдүүчө кабыл алынууда. Бир тарабы алардын үгүтүн макул тапса, дагы бир тарабы дааватчылардын жүрүм-турумуна, үстү-башына, өздөрүн алып жүрүүсүнө ичи чыкпайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG