Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Рахматулла ажы муфтийликке шайланды


Жаңы шайланган муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев курултайда сөз сүйлөп жатат. Бишкек, 15-декабрь, 2012.
Жаңы шайланган муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев курултайда сөз сүйлөп жатат. Бишкек, 15-декабрь, 2012.

Кыргызстан мусулмандарынын 4-курултайында Уламалар кеңешинин курамы жаңырып, Рахматулла Эгембердиев муфтий болуп шайланды.

15-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын курултайы алгач өз ишин уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен баштады. Муфтият сунуш кылган долбоор негизинен кабыл алынып, бирок курултайда айтылган жана башка сунуш-пикирлер да кабыл алынсын деп, уставды толуктап иштеп чыгууга дагы эки ай убакыт берилди. Бир катар өзгөртүүлөр киргизилген жаңы уставдагы негизги жаңылык катары муфтий уламалар кеңешинин төрагасы боло албасын айтса болот. Буга чейин муфтий уламалар кеңешинин да башчысы болуп келген.

“Улак тартышка” түшкөн уламалар кеңеши

Андан соң курултайдын делегаттары уламалар кеңешинин 35 мүчөсүн шайлоого киришти. Ал кызуу талаш-тартыш жана карама-каршылыктар менен коштолду. “Муфтий өзү жана облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын казылары уламалар кеңешинин курамына кирбесин, уламалар кеңешинин мүчөлөрү бир катар талаптарга жооп берген илимдүүлөр болсун” деген сунуштар айтылды. Аны жактагандар “буга чейин болуп келгендей тогуз казы жана муфтий өзү да киргени туура эмес, уламалар кеңеши мыйзам чыгаруу бийлиги, ал эми муфтият жана казылар аткаруу бийлиги болсун” деп түшүндүрүштү.

Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов буларга токтолду.

- Рахматулланы мурда шайлап жатканда да айткам, декабрда боло турган курултайда устав, уламалар кеңеши өзгөрсө деп. Дүйшөнбек ажы да ажылыкты уюштуруу иши муфтийден бөлүнсө деген. Ошондон кийин муфтий болом дегендер уламалар кеңешинин алдына чыгып, Курандан, хадистен, тафсирден жана кыргыз тилинен сынак тапшырсын деп айтылган. Экинчиден, сынактан кийин төрт жылдык программасын сунуштаган татыктуу адамды шайлайлык деген элек. Ошондуктан уламалар кеңешине өтө көңүл бургула, урматтуу мусулмандар.

Бирок сунуштар жана демилгелер эске алынбаганына нааразы болгон Абдышүкүр Нарматов уламалар кеңешине мүчө болуудан баш тартты:

- Азыр тилекке каршы, уламалар кеңешинин мүчөлөрүнө дагы эле илимсиздер кошулду. Ар ким муну өзү мойнуна алсын. Эгер мындай боло турган болсо, мен өзүмдүн ордума баарыбызга устат болгон молдо Сабыр агайды сунуш кылам. Мен мындай уламалар кеңеши менен иштеше албайм.

Натыйжада уламалар кеңешине 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын казыларынын сунушу менен өздөрүн да кошкондо 31 адам, ал эми муфтияттан төрт адам кошулду. Болгону Баткен облусунун казысы Ниязалы Арипов уламалар кеңешинде казылар болбош керек деген пикирди жактап, ага кошулбай турганын айтты. Андан соң алар муфтийдин талапкерлигин журналисттерди да киргизбей, жабык кароого киришти.

Муфтийликке он талапкер сунушталды

Негизинен муфтийлик орунга он талапкер көрсөтүлүп, бирок алардын алтоосу өз ыктыяры менен талапкерлигин алып салды.Талапкерлигин алып салгандардын катарында: Абдышүкүр ажы Нарматов, Ниязалы ажы Арипов, Молдонадыр, Максат ажы Токтомушев, Алмаз ажы Сагындыков жана Рустам Гулматов болду. Калган төрт талапкердин ар бири өз-өзүнчө добушка коюлуп, Кимсанбай ажы Абдрахмановго беш, Садыбакас ажы Дооловго бир добуш берилсе, Саясат ажы Асановду эч ким колдогон эмес.

Ал эми азыркы муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиевдин талапкерлиги коюлганда 25 адам “макул” деп добуш берген. Уламалар кеңешинин ишенимин алган Эгембердиевди курултайдын делегаттары да дээрлик бардыгы колдоп, бекитип беришти.

Рахматулла ажы Эгембердиев ушул жылдын июль айынан бери Кыргызстандын баш муфтийинин милдетин аткарып келе жаткан болчу. Ал толук шайлангандан кийин буларды билдирди:

- Мени дагы бир жолу чоң, ары жоопкерчиликтүү кызматка дайындаганыңыздарга Алла ыраазы болсун. Урматтуу мусулмандар, ардактуу уламалар, бул ишеним мен үчүн жөн эле кызматка отуруп калыш эмес, бул менин мойнума жүктөлгөн өтө чоң жоопкерчилик. Бийликке манчыркабай бүткүл өлкө мусулмандарынын кулу катары кызмат кылууга тийишпиз. Мен ошондой кызмат кылып берүүгө сөз берем.

8 млн. сомдун тарыхы менен талашы

31-октябрда 2011-жылдагы ажылыкты уюштурууда мамлекетке 8 млн. сомдук зыян келтирген деп УКМК Кыргызстандын дин башкармалыгынын мурдагы жана учурдагы жетекчилери Рахматулла ажы Эгембедиевге менен Чубак ажы Жалиловго карата кылмыш ишин козгогон. Бирок бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 14-декабрда, жуп курултайдын алдында гана маалымат тараткан эле.

Рахматулла Эгембердиев 14-декабрда Кыргызстан президентине видеокайрылуу жасап, президенттик администрация, УКМК ишембиде өтүүчү курултайдын ишине, муфтийди шайлоого кийлигишип жатканын билдирип чыккан. Ошондон улам ал өзү эки күндөн бери жашырынып жүрүп, курултайга да бир аз кечигип келгени айтылды.

Курултайга катышкан Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жана Акыйкатчы Турсунбек Акун муфтийге кылмыш иши курултайдын алдында козголуп жатканын кысым деп баалашып, ал үчүн бийлик өкүлдөрүн катуу айыпташты.

Иш козголгон 8 млн. сом ажылыктан салык төлөнсүн деген талап экенин айткан Рахматулла Эгембердиев андай салык буга чейин төлөнбөй эле келгенин белгиледи. Ал муфтий болуп бекигенден кийин курултайга катышып отурган бийлик өкүлдөрүнөн, депутаттардан буларды өтүндү:

- Мындан ары ажылыкка салык салбасаңыздар. Ошону биз сиздерден суранып кетет элек, жалпы курултайдын атынан. Экинчиден, Абдилатиф Кудайкулович ушул бизде көйгөй болуп жаткан 8 млн. сомду президенттен да сурансаңыз. Ушул маселени биздин атыбыздан президентке айтып барып, чечип берсеңиз.

Ал эми президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Абдилатиф Жумабаев бийликке айтылган дооматтарды четке кагып, мамлекеттик органдар ким муфтий болбосун иштешүүгө даяр экенин курултайдын башында да, акырында да айтты.

- Шайлоону өткөрдүңүздөр, муфтийди шайлап алдыңыздар. Ким муфтий болсо да биз аны менен иштешебиз. Бирок сиздер, өзүңүздөр тандагандан кийин күн сайын бизге арызданып келе бербеңиздер. Өзүңүздөр уставды кабыл алып, илимдүү болсун деп шарттарын коюп, уламаларды шайладыңыздар. Алар болсо муфтийди тандашты. Өзүңүздөр тандагандан кийин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак менен иштеп берсеңиздер мамлекетте да тынчтык болот.

Нааразылар да бар

Анткен менен Рахматулла ажы Эгембердиевдин муфтийликке шайланганына каршы чыккандар да болду. Аны муфтийге көз каранды уламалар, азганактай гана топ шайлап койду деген курултайдын делегаты Асан ажы Саипов өз позициясын “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Бул уламалар кеңеши мурдатан ар бир облустан тандалып келинген. Журналисттерди чыгарып, жабык карайбыз деген учурда талапкерлер киргенге чейин кимди шайлоо керектигин булар өз ара сүйлөшүп алышкан. Муфтий болом дегендер сынак тапшырсын деген талаптар аткарылган жок. Атайын комиссия түзүлүп, сынак болуп, илим деңгээлин текшергенде Рахматулла Эгембердиев будан өтө алмак эмес. Анткени Кимсанбай ажы, Абдышүкүр ажы жана Садыбакас Дооловдордун жанында анын илими чектелүү.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийин 5 жылдык мөөнөткө уламалар кеңеши шайлап, аны курултай бекитет. 15-декабрда Бишкек шаарында өткөн курултайга 200 делегат, андан тышкары ар кыл уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик коноктор да катышты. Курултайды баштан аяк тартип коргоо органдары катуу көзөмөлдөп турду.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставы боюнча курултай мусулмандардын жогорку органы болуп саналат. Ал беш жылда бирден кем эмес өтүшү керек. Ал эми эки курултайдын ортосундагы эң бийик бийлик органы - уламалар кеңеши.

Жаңы муфтий таржымалы

Кыргызстан мусулмандардын муфтийи Рахматулло ажы Эгембердиев 1977-жылы Баткен облусунда туулган. Бишкектеги Хазрати Умар ислам институтун бүтүргөндөн кийин окуусун Кувейт мамлекеттик университетинин шариат факультетинде уланткан. Ислам билиминен сырткары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда консулдук кызматкер адистигин бүтүргөн.

Ислам багытындагы иши 2000-жылы Баткенде казылыктан башталат. 2002-жылы мусулмандар башкармалыгына ишке келип, билим боюнча бөлүмдү жетектейт. Андан кийин эл аралык бөлүмдү, кийинчерээк ажылык маселеси боюнча муфтийдин орун басары болуп дайындалат.

Ушул жылдын 16-июлунда Чубак ажы Жалилов кызматынан кеткенден кийин уламалар кеңешинин чечими менен муфтийдин милдетин аткаруучулукка шайланган эле.
XS
SM
MD
LG