Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Дааватчылардын кийими жаңырды


Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов дааватчыларга жаңы кийим жана күбөлүк тапшырууда. Ош шаары, 16-апрель, 2014.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов дааватчыларга жаңы кийим жана күбөлүк тапшырууда. Ош шаары, 16-апрель, 2014.

Кыргызстанда дин жайылтуучулар мындан ары дааватка кара шым, ак көйнөк, ак калпак кийип чыга башташат. Муфтияттын билдиришинче, коомчулукта дааватчылардын сырткы көрүнүшүнө сындар көп айтылып жаткандыктан, жаңы бирдиктүү форма киргизүү идеясы пайда болгон. Бул кийимдер атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан тигилип жатат.

Кыргызстандын муфтияты дааватчылыкка карата коомчулуктун көз карашын өзгөртүп, аны тартипке салууну максат кылып жатат. Алар дааватчылар үчүн атайы бирдиктүү форманын үлгүсүн иштеп чыгышты. Эми дин жайылтуучулар эл сынына кабыла жүргөн араб, пакистандыктардыкындай көйнөк-дамбалдын ордуна кадимки эле кара шым, ак көйнөк жана улуттук баш кийимибиз ак калпакты кийгени жатышат.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов бул саамалык дааватка карата сынды азайтып, анын түпкү маңызын түшүнүүгө шарт түзөрүнө ишенет.

- Негизи коомчулуктун дааватчылыкка көз карашы жакшы эле. Себеби дааватчылар өзүбүздүн Кыргызстандагы ханафи мазхабынын жайылтуучулары. Кийимине эле көп сын пикир айтып жатпайбы. Менимче, алардын сырткы көрүнүшүн оңдогон соң, сын пикирлер азаят деп ойлойбуз.

Учурунда агроном болуп, кийин бажы кызматында иштеп жүрүп, соңку 15 жылда “Кудай жолуна түштүм” деген Бишкек шаарынын тургуну Насирдин дааватчы муфтияттын демилгесине каршылыгы жок. Анын пикиринде, Кудайдын атын таанытуучулардын сырткы келбети, кийим-кечеси андай деле чоң мааниге ээ эмес. Ал дааватчылардын негизги милдети динди туура түшүндүрүп, элди башка кооптуу агымдардын таасиринен сактап калуу экендигин белгилейт:

- Мейли, кий десе калпакты деле кийе беребиз да. Андан эч ким күнөөгө батып кетпейт. Калпактын ичинен топу кийип аласың. Намаз окуй турган болгондо калпакты чечип коюп, топу менен окуй бересиң. Бул эми ата-бабабыз кийип эле жүргөн кийим да. Негизгиси даават жүргүзүш керек. Элге динди түшүндүрүш керек. Антпесе эртең дааватты баптисттер кылат, иегованын күбөлөрү кылат. Ушул корукунчтуу. Муну ар бир адам сезип, туюш керек.

Дааватка эл менен кошо бир ирет чыгып, ысык-суугун жакындан көрүп, билип келген жеке ишкер Мурат Кыргызстанда диний түшүнүктү туура калыптандыруу үчүн ишти сырткы кийим кечеден эмес, дин жөнүндөгү билимди өнүктүрүүдөн баштаса туура болмок деген пикирде. Эгер дааватка чыккан киши чала сабат болуп, дин туурасында түшүнүктү бурмалай баштаса, анда эл арасында ак калпак кийген динчилдерге ишеним жоголору турган иш.

Мураттын айтымында, дин туурасында маалымат алам деген кишиге дааватка чыкпай туруп эле, билимин өркүндөтүүгө азыр Кыргызстанда толук шарт бар.

- Динчил экен десе эле бизде ага ишениш керек экен, мунун Кудай менен байланышы бар деп ойлой беришет. Ар бир адам пенде, ошондуктан ар бир адам жаңылышат. Ал кыргыз кийим кийеби же пакистандык кийим киеби, ичинде, акылында эч кандай билими жок болсо, ал кайра адашып, андан жаман жака кетет. Мен азыр эл менен алектенбей, билим алуу менен алектенем. Өзүм биринчи адам болуп, анан өзүмдүн мамилем менен башкаларга үлгү болсом ошол дин деп ойлойм. Дааватка чыкпай эле билим алса болот, китеп азыр кенен. Борбордук мечитке барсаң, китептен көп неме жок. Жакшы китептерди тандап алып эле окуш керек.

Дин жаатындагы эксперт Кадыр Маликовдун айтымында, буга чейинки дааватчылардын сырткы кийиминин араб, пакистандыктардыкына окшоштугу, үй-бүлөсүн ач-жылаңач калтырып узак убакыт бою тентип кеткендиктери эл арасында аларга карата терс көз карашты калыптандырып койгон. Бирок кийинки кездерде дааватчылык коомчулукта реабилитациялык борбордун ролун аткарып, баңгилик, аракечтиктен арылам деп руханий жардам сурап келгендерге кадимкидей оң таасир берген учурлар көбөйө баштаган. Мындан улам эксперт Кыргызстанда дааватчылыка Орусия менен Казакстандагыдай тыйуу салбастан, аны кайра жакшыртуу жагын кароо маселеси келип чыкканын белгилейт:

- Мисалы, дааватчылар иштеген жердеги эл алкоголдук ичимдиктерден оолактап, кылмыш азайган учурлар туурасында конкреттүү фактылар бар. Ошондуктан мамлекет, муфтият жана дааватчылар биригип, анын жакшыртуу жаатында биргелешип аракет кыла баштады. Эгер бул иш-чарага муфтият баш-көз болсо, “дааватчылардын тышкы бир күчтөр менен байланышы бар” деген айыптоолор өзүнөн өзү жок болот. Азыр бирдиктүү форманы киргизүү аракети башталды. Ал форма биринчиден сүннөттүн талаптарына жооп берет, ошол эле убакта улуттук маданиятка, өзгөчөлүккө дал келип жатат. Мунун өзү сөзсүз коомчулукка позитивдүү таасир этет. Мындан ары эң олуттуусу -дааватчылардын билимин көтөрүү. Анткени даават улуттук, социалдык маселелерди чечүүгө пайдаланылышы керек. Ал Кыргызстандын, андагы мусулмандардын кызыкчылыгына жооп бериши керек. Азырынча бирдиктүү форманын сунушталышы жакшы башталыш.

Ушул тапта муфтият ак калпак, ак көйнөк, кара шымдан турган 1200 даана кийим тиктирип, жүз даанадан ар облустагы казыяттарга үлгү катары таратып беришти. Аларды муфтиятка өз каалоосу менен Кара-Кулжа районундагы цех иштеткен, атын атагысы келбеген жеке ишкер демөөрчүлүк кылып тиктирип берген. Бул кийим мажбурлоо эмес, сунуш катары берилип жатат. Каалагандар өз табитине жараша каалагандай тиктирип кийсе болот.

Кыргызстанда биринчи жолу 2011-жылы Бишкектеги борбордук мечиттин карамагында даават курсу ачылган. Ушул кезге чейин ал жерде 611 дааватчы билим алып, сертификатка ээ болушкан. Быйыл Чүйдүн Кара-Балта шаарында, Ош, Жалал-Абадда дагы кошумча билим жогорулатуу курстары ачылган.

Сүрөт баян: Дааватчылардын жаңы кийими
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG