Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Атамбаевдин намазга жыгылышы талкуу жаратууда


Президенттик жарышта алдыга чыккан Алмазбек Атамбаев Курман айт намазында, 6-ноябрь, 2011-жыл.
Президенттик жарышта алдыга чыккан Алмазбек Атамбаев Курман айт намазында, 6-ноябрь, 2011-жыл.

Президенттик шайлоодо биринчи келген Алмазбек Атамбаевдин айт намазга жыгылышы коомчулукта бүйүр кызыткан талкууга айланууда.

Быйыл кышта болсо парламент имаратында намазкана ачылган.


Мамлекет башчысы Кудайдан коркуш керекпи?



Президенттик жеңишинин расмий тастыкталышын күтүп турган Алмазбек Атамбаев 6-ноябрь күнү Курман айт намазына келип, куттук сөз айтып тим болбостон, он миңдеген эл менен кошо намазга жыгылды. Ал сөзүндө Кудайдын сотун эске салды:

- Жетекчилер эң акыркы сотко мойнуна чынжыр менен байланып чыгарылат. Бийликтегилер, эл башкаргандар ошону унутпаса. Жөнөкөй мусулмандар ал сотто жөн гана чыкса, эл башкаргандар мойнуна чынжыр менен байланып чыгарылат. Анткени, жоопкерчилик өтө оор. Эл башкаргандар биринчи ирет элди ойлоп, Кудайдан коркуш керек.

Мурда-кийин Кыргызстандын президенттери айт намазга жыгылмак түгүл, жөн эле келип, куттуктаганы болбогон. Кээде гана аппарат башчысын жиберип, мамлекет башчысынын атынан куттук сөз окутуп койчу.

Бул сапар президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев дин менен мамлекеттин ушундай эриш-аркак болушун көптөн күтүшкөнүн он миңдеген момун мусулманга жар салды.

- Биз жыйырма жылдан бери тилек кылып, өз ара сүйлөшүп, айрыкча молдокелер, ажы акелер менен жолукканда, «кандай заманда эл башы, журт башчылар биз менен чогуу намаз окуйт" дечү элек. Кудай ошол заманды өзү алып келип жатат.

Бул окуя телеканалдар аркылуу кеңири көрсөтүлдү жана азыр да талкуунун өзөгү болуп турат. Атамбаев шайлоо маалында утур-утур Кудайды оозанганын мисалы каршылаштары, жеңишке жетүүдө динди курал катары пайдаланды деп да айтышкан болчу. Дагы бир даары Кыргызстан светтик, динден ажыратылган өлкө болгондуктан, мамлекеттик жетекчилер өздөрүнүн диний ишенимдерин сыртка чыгарбашы керек деген ойду карманып турушат.

Маселен, укук коргоочу, «Фридом хаус» коомдук уюмунун өкүлү Алмаз Эсенгелдиевдин пикиринде, мамлекеттик биринчи адамдар көп конфессиялуу коомдо диний бейтараптуулукту сактоого тийиш.

- Эгер диний иштер Атамбаевдин кызматтык учурунда жасала турган болсо, бул туура эмес. Анткени, ал бейтараптуу болуп, кайсы бир динди жактаарын ачык көрсөтпөшү керек. Бирок мындай иштер чакан чөйрөдө, жеке, же тууганчылык мамиле учурунда болсо, албетте анын эч кандай жаман жагы жок. Бирок тескерисинче кызматтык шартта, жумушун аткарып жатып жасаганы туура эмес. Биздин мамлекет светтик өлкө, кайсы бир диний ишенимди, же көз карашты жактоо болбошу керек.

Алмаз Эсенгелдиев Жогорку Кеңеште намазкананын ачылышын да мамлекеттин бейтараптуулук вазийпасы бузулулушу катары эсептейт. Айтор мамлекет башчысы болоору күтүлүп жаткан Атамбаевдин динге ымаласы ал кызматына расмий отургандан кийин уланабы – азырынча белгисиз. Аны менен катар Кыргызстанда исламдын мамлекеттелишине жол ачылабы деген суроолор да пайда болуп турган чагы.

Кыргызстан дин эркиндигинен да алдыда



Айтмакчы, мамлекеттик мекемелер алдында намазга жыгылуу бул чөлкөмдө бир гана Кыргызстанда орун алган. Мисалы, коңшу Казакстанда өткөн айда мамлекеттик мекемелерде намазкана ачууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Кошуна жетекчилердин эл менен намазга жыгылганы да каттала электиги айтылууда.

Талдоочу Санжар Тажыматов Кыргызстан чөлкөмдөгү мамлекеттер ичинен динге көбүрөөк эркиндик берген өлкө катары саналаарын белгиледи.

- Кошуна мамлекеттердин башчылары совет мезгилинде партиялык иштерде иштеген адамдар да. Алар атеизмди көп окуп, ал катуу сиңип калган. Алардын динге болгон мамилеси азыркы талапка жооп бербейт. Ислам же христиан дини зордук-зомбулукка каршы. Динге болгон мамиле биздин мамлекетте салыштырмалуу туура жолго коюлган деп ойлойм.

Ушу тапта Жогорку Кеңештин депуттатарынын арасынан жума намазга баргандардын саны жыйырмадан ашса, беш маал намаз окугандардын онго жакын экен. Мындан тышкары үч министр беш убак намазга жыгылаары белгилүү.

XS
SM
MD
LG