Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Мектептерде жаңы окуу жылы башталар замат кайрадан хижаб маселеси чыкты.

Бишкекте мааалымат жыйынын өткөргөн ислам коомдук уюмдары мектептерде кыздар диний ынанымы үчүн кысымга алынып, алардын хижаб кийүүсүнө тыюу салынып жатканын билдирди.

Билим берүү министрлиги болсо, мектептерде жоолук салынууга уруксат экенин, бирок хижаб кийүү окуунун жүрүшүнө тоскоолдук жаратарын белгилеп жатат.

Эркин чечмеленген термин

Мусулман аялдарынын прогрессивдүү “Мутакаллим” бирикмесинин башчысы Жамал Фронтбек кызынын айтымында, окуу жылы башталган бир апта аралыгында анын атына ар кайсы аймактагы окуучу кыздардан 42 арыз түшкөн. Анын баары мектепте жоолук же хижаб кийүүгө тыюу салынып жатканын баяндаган арыздар.

Жамал Фронтбек кызы тыюуну мектеп жетекчилери Билим берүү министрлигинин бирдиктүү форма кийүү тууралуу жобосуна негиздеп жатышканын, бирок ал Баш мыйзамга каршы келерин айтты.

- Эгер устав Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбесе, анда аны өзгөртүшүбүз керек. Себеби биздин Баш мыйзам бул - Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Эгерде уставда адам укугу, дин эркиндиги тебеленип жатса, анда эмнеге аны өзгөртүшпөйт? Демек мектеп директорлору, алардын орун басарлары Конституцияга баш ийбей жатышат.

Жамал Фронтбек кызы

Жамал Фронтбек кызы

Жамал Фронтбек кызы былтыркы жылы министрлик жоолук жана хижаб салынууга уруксат бергенин жүйө келтирүүдө. Андыктан ал мектеп директорлорунун жана мугалимдеринин иш-аракети үчүн министр Канат Садыков кечирим сурашы керек деп эсептейт.

- Билим берүү министри Канат Садыков зордук-зомбулукка, дискриминацияга кабылып жаткан кыздардан кечирим сурабаса, мектеп директорлорун жумуштан кетирбесе, же административдик жазага тартпаса, директорлор биздин кыздардан кечирим сурабаса, анда биз 22-сентябрда Ош шаарында мэриянын алдында, ал эми Бишкекте Билим берүү министрлигинин алдында пикетке чыгабыз. Ал жерде министрдин кызматтан кетишин талап кылабыз.

“Мутакаллим” уюмуна жогорудагыдай эле арыз менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин Чыгыш таануу факультетинин тогуз студенти да кайрылган экен. Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов Баш мыйзамдагы дүнүявий (светтик) дегенди мамлекеттик кызматкерлер өз билгениндей чечмелеп жатат деген ойдо.

- Демократия адамга укук, дин эркиндигин берет. Демократия Кыргызстандагы бардык жарандарга бирдей укук берет. Мейли ал атеист, же Кудайга ишенген адам болсун. Бирок бизде светтик деген түшүнүк демократияга каршы коюлуп жатат. Ошондой эле исламга да каршы коюлуп жатат. Бул сыяктуу одоно түрдө адамдын негизги укуктары жана ишеним укугу бузулбаш керек.

"Мектеп мектептей эле болсо"

Анткен менен Билим берүү министрлигинин бул айыптоолорго карата өз жүйөлөрү бар. Аталган министрликтин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарованын айтымында, мектептерде жоолук салынууга гана уруксат берилген.

- Жоолук менен хижабдын айырмасы бар. Мисалы, жоолукту айыл жеринде мугалим эжелер да салынып жүрөт. Ага эч ким тыюу салган жок. Өткөн окуу жылында аялдардын “Мутакаллим” коому Билим берүү министрлигинин алдында митинг өткөрүшүп, жоолукка уруксат берүүнү өтүнүшкөн. Ошондон кийин эгер окуучулар кааласа, билим алуусуна тоскоол болбосо, анда макул деп уруксат бергенбиз.

Хижаб кийүүгө уруксат берилүүсүн талап кылган митинг. 19-сентябрь, 2011-жыл

Хижаб кийүүгө уруксат берилүүсүн талап кылган митинг. 19-сентябрь, 2011-жыл

Кылым Сыдыкназарова хижаб кийүү окуучулардын мектеп программасын толук кандуу өздөштүрүүгө тоскоол жаратарын, андыктан бирдиктүү форма зарылдыгын айтты.

- Билим берүү уюмдарынын негизги милдети - мыйзамга ылайык, талаптагыдай, татыктуу билим берүү. Мектеп мектептей болуш керек. Хижаб кийген окуучу дене тарбия жана музыка сабагына катыша албайт. Ошондой эле маданий иштерге катышпайт. Мен биз эмес, тескерисинче кээ бир ата-энелер балдарынын укуктарын чектеп жатат деп айтар элем.

Кыргызстанда жоолук жана хижаб маселеси акыркы жылдары талаш-тартышка жем таштап келатат. Адистер бул маселени тараптар мунасага келүү жолу менен гана чечүү керек дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG