Линктер

Жума намаздын убактысын узартуу боюнча мыйзам долбоорунун тегерегинде чыккан чыр коомдогу келишкис талаш-тартыштарга жем таштап, агрессиялык маанай жаратты.

Кырдаалга президент кошо кийлигишип, диний ишмерлерди саясаттан оолак болууга чакырды. Талдоочулар бийлик менен динзарлар бул маселеде аяр болушу зарылдыгын, антпесе бир туура эмес айтылган сөз, ишаара коомдо динге ишенгендер менен светтик коомду жактагандардын ажырымына алып келерин эскертүүдө.

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында ушул маселе талкууланды. Берүүгө - Кыргызстан муфтийинин орун басары Аким ажы Эргешов жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаилов катышты.

“Азаттык”: Аким ажы, мурунку муфтий, азыркы кезде кеңири аудиториясы жана көп сандаган тарапкерлери бар дин аалымы Чубак ажынын жума намаз үчүн убакытты бир саатка узартууну колдобогон депутаттарды зекип, опузалаганы кыргыз коомунда кызуу талкууга жем таштады. Анын айынан өзгөчө социалдык тармактарда жөнөкөй жарандар эки жээкке туруп алып, кайым айтышууга өттү. Муфтият Чубак ажынын айткандары анын жеке пикири деген билдирүү менен чектелгендей болду. Бирок, жеке пикирге карата коомдогу реакция маселенин тамыры тереңде экенин көрсөтүп койгонун моюнга алыш керекпи?

Аким ажы Эргешов: Албетте, бүгүнкү коюлган маселе чындыгында кайсы бир деңгээлде бизге оорураак сезилгени менен, анын көп пайдасы бар экенин да айткым келет. Азыр ар бир адам өзүнчө бир тараптуу баа берип жаткан болушу мүмкүн. Бирок чындыгына келгенде маселенин өз учурунда туура коюлганын айткым келет. 2014-жылкы Коргоо кеңешинин отурумунан кийинки президенттин жарлыгы мына ордуна келип жатат. Анда диний чөйрө менен жалпы коомчулуктун ортосундагы тең салмактуулукту, жалпы сабаттуулукту көтөрүү максаты коюлган эле. Мына бүгүнкү күндө биз ошонун аз да болсо башталып жатканын байкап жатабыз. Буга чейин коом дин туткандардын катмары, дин тутпагандардын катмары деп каралып келген. Өзгөчө биздин мамлекет светтик мамлекет болгон үчүн, ошол светтик деген сөздү орой мүнөздө кабыл алып алгандын натыйжасын көрүп олтурабыз. А бирок кечээки болуп өткөн келишпестиктин өзү коомдогу болгон абалды аныктап алууга же кайсы катмарга көңүл буруу зарыл экенин көрсөттү.

“Азаттык”: Нурлан мырза, депутат менен диний аалымдын кайым айтышуусунан кийин өзгөчө интернеттеги социалдык тармактарга бири-бирин тааныбаган эле жарандар урушуп, талашып жатышты. Светтик өлкөдө жашаган жарандарда мындай жаалдануу, агрессиялык сезим кайдан келди?

Нурлан Исмаилов: Болуп өткөн окуялардын бардыгы биз кайсы катмар менен иштеп жатканыбызды көрсөтүп койду. Эгер топторго бөлүп карай турган болсок, биринчиси ашыкча светтик мамлекетти жактагандар, экинчиси бир аз радикализмге берилгендер, үчүнчүсү ошолорду тынчтыкка, ынтымакка чакырган бөлүк. Бирок так ошол ынтымакка чакырган топ өтө аз болуп жатат. Мени ушул нерсе өкүндүрдү. Бирок бул окуя бизге диагноз койгонго жардам берди. Карама-каршылык эмнеден чыгууда? Светтик көз караштагы адамдардын динди тааныбаганы бар. Алар диндин принциптерин толугу менен түшүнүп биле элек. Экинчиден, динге ишенген адамдарды алсак, бүгүнкү күндө ислам дининин жайылышы төрт этаптан турат. Биринчиси - көрүү. Биз кичинекейибизде чоң ата-апаларыбыздын намаз окуганын көрүп чоңойдук, экинчиси угуп үйрөнүү - мында молдо, имамдардын айтканын угабыз, үчүнчүсү окуп үйрөнүү – азыр белгилүү аалымдардын эмгектери кыргыз тилине мыкты китеп болуп которулуп жатат. Медресе, институттар жакшы иштеп жатат. Бирок биз ошол биринчи, экинчи тепкичте калып эле кийинки тепкичке өтө албай жатабыз. Окуган тепкичке көтөрүлбөй жатат. Төртүнчү тепкич бул китеп жазып, изилдеген катмар болуп саналат.

Ошондуктан мунун өзү ислам дининде ишенүүчүлөрдүн сүрмөтоп психологиясындагы адамдар бар экенин көрсөтүп жатат. Демек, жаңы тепкичке көтөрүлүү керектигин бүгүнкү кырдаал далилдеп койду.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG