Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Муфтият менен катар мамлекеттик органдар өлкөдө исламдын ханафи мазхабын, башкача айтканда салттуу исламды өнүктүрүүнү максат кылууда.

Бул ушул айдын башында өлкөдөгү диний кырдаалга арналган Коргоо кеңешинин жыйынында да талкууланган негизги маселелердин бири болгон.

Ханафи мазхабынын мураскору муфтиятпы?

Кыргызстанда ханафи мазхабын жандандырууга жамааттар ортосундагы бөлүнүүчүлүк, жергиликтүү шартта экстремисттик жана террорчул топтордун пайда болушу, Сириядагы согуштук жаңжалдарга кыргызстандыктар кетип жатышы мажбурлап жаткандай.

Макаланын радио версиясын бул жерден угуңуз




Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев ханафи мазхабы Орто Азия аймагында кылымдар бою сыналып отуруп, калыптанып калганына токтолду.

- Биздин ханафи мазхабы экстремизмге, терроризмге жол бербейт. Өзү толеранттуу. Мисалы, бизде проваслав дини бар. Ал канча бир жылдан бери ханафи мазхабы менен жуурулушуп, ынтымакта жашап келатат. Экөөнүн ортосунда эч убакта конфликт болгон эмес. Өзүбүздүн ханафи мазхабын калыбына келтирип койсок, ал экстремисттерге жана башка агымдарга каршы аракеттерди өзү жасай баштайт.

Кыргызстан муфтиятынын уставында диний башкармалык исламдын сүннит багыты, анын ичинде ханафи мазхабы боюнча иш алып барары жазылган.

Бирок 3-февралда Коргоо кеңеши диний кырдаалды талкууланган кезде президент Алмазбек Атамбаев муфтиятты ханафи мазхабынын борбору боло албай жатканын айтып, сынга алды.

- Муфтиятыбыз да акыркы жылдары каржылык чыр-чатактардан арылбас болду. Ыйык ислам динибиздин, бабаларыбыздан калган ханафи мазхабынын руханий жана билим борбору болуунун ордуна жалаң гана коммерциялык иштер менен алектенген борборго айланып бараткандай сезилет. Мени муфтиятта иштегендер кечирип койсун, бирок ушундай көрүнүш бар.

Адистердин пикиринде, ханафи мазхабын катардагы намаз окуган гана киши эмес, диний башкармалыктын түзүмдөрүндө иштеген молдо-имамдардын баары эле биле бербейт. Акыркы жыйырма жылда жергиликтүү элге тааныш эмес исламдын ар тараптуу түшүнүктөрү кирип келгенде дин кызматкерлери аларды ажыратып түшүндүрүүдө чабалдык кылды. Четке чыга бергендер, өзүнүн жүз жылдап карманып келген динин аргументтер менен коргоп кала албаган имам-молдокелер да болду. Ошол эле кезде акыркы жылдары өлкөдө динзарлар көбөйдү. Аны менен катар тышкы дүйнө, өзгөчө араб мамлекеттери менен билим берүү жана гуманитардык тармактагы кызматташтык өзү менен кошо ислам динине жаңылыктарды киргизбей койгон жок.

Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев да муну четке какпайт:

- Азыр четтен келип иштеген канча деген уюмдар бар. Бирок бир аз тартипсизирээк. Алар кандай гана жардам беребиз десе, биз макулбуз, эки колубузду көтөрүп кабыл алабыз жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бирок аркасынан өзүнүн саясатын жана идеологиясын таркатканга жол бербейбиз. Ишенимге жана ыйманга байланыштуу маселелерде Имам Азам Абу Ханифанын мазхабын гана таркатууга аракет кылабыз. Анткени, журт башчыбыз да муну колдоп жатат. Бул жактагы аалымдарыбыз да аны колдоп келген. Мейли, ким бирөө Сауд Арабия мамлекетинен болсун, же Пакистан, Түркия, Египеттен билим алып келген болсун, динди таркатуу жана жайылтуу иши Кыргызстанда Абу Ханифанын мазхабынын негизинде гана болушу керек.

Исламдагы төрт мазхаб

Ушул жерден ханафи мазхабы деген эмне деген суроого жооп алууга аракет кылсак. “Куран нуру” институтунун ректору Садыбакас Доолов исламдын сунни багытында төрт мазхаб же жол, башкача айтканда ислам укук таануусунун жана ишенимдеринин калыптанган түшүнүгү бар экенин айтты.

- Мазхаб - жол дегенди түшүндүрөт. Ислам дининде төрт мазхаб бар. Алар: ханафи, шаафи, ханбали жана малики. Дүйнө жүзүндө 69 пайыз мусулмандар ханафи мазхабы менен жашайт. Ханафи мазхабында жашаган адам шаафи же дагы башка мазхабда жашаган адамды жек көрбөйт, алардыкы туура эмес деп айтпайт. Анткени, ал төрт мазхаб тең Куран жана хадистин негизинде жашайт. Пайгамбарыбыз мисалы, бир эле маселеде 3-4 жолу хадис айтышы мүмкүн эле жана айткан. Ар бир имам алардын ичинен каалаганын хадиске, аны угуп, жеткирүүчүгө карап, тандап алган. Болгон айырмасы ушул гана.

Ас-Сарахси мечити, Кара-Суу шаары, 8-август, 2013.

Ас-Сарахси мечити, Кара-Суу шаары, 8-август, 2013.

Кыргызстандагы кавказ улутундагылардын көбү атам замандан бери шаафи мазхабын карманышат. Исламда жогорудагы төрт жолдун баары туура деп эсептелет. Бирок алардын бирин карманган адам, экинчисин кармануусу, же аралаштырып жиберүүсү дурус эмес деп саналат. Бирок ошол эле кезде бардык төрт мазхабды тең чангандар, анын ичинде “ханафи мазхабы философия, Мухамбет пайгамбардын доорундагы исламга туура келбейт” деген пикирлер боюнча Садыбакас Доолов буларды билдирди.

- Куран жана хадис менен жашап, пайгамбардын жолунан басыш үчүн илим ээлери болгон устаттарга келиш керек. Алар “бул китептен сабак ал, муну окуп” деп түшүндүрүп берет. Тилекке каршы, биздин жаштардын жөнөкөй эле бир лидерди туу тутуп алып, анын аркасынан ээрчип кетиши аларды туура жолго багыттабайт. Тескерисинче, тирешүүгө алып келет. Тирешүү адашуудан да жаман.

“Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун башчысы Өзбек ажы Чотонов муфтияттын жана мамлекеттин ханафи мазхабына басым коюусу боюнча мындай пикирде.

- Кичинекей топтор чыгып алып, эч кандай мазхабдын кереги жок, ар ким өзү эле эреже чыгарып алып, “билген намазын окуса болот” деп айтып жүрүшөт. Ошолор бир аз талаш-тартыш жаратып коюп жатат. Алардын айрымдары Сауд Арабиядан окугандар, ал жакта салафизм деген бар. Алардын мазхабдын кереги жок, өзүбүзчө эле эреже чыгара беребиз деген пикирлери бар. Чынында эрежени баары эле чыгара албайт. Аны чыгарыш үчүн өтө чоң аалым киши болуш керек.

Абу Ханифа деген ким?

Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү Абу Ханифа дүйнөгө Мухаммед пайгамбар каза болгондон кийин 70 жыл өткөн соң келген, башкача айтканда 699-жылы төрөлүп, 767-жылы дүйнө салган. Өз аты Сабит ибн Нууман. Ал исламдагы терең илими жана бай тажрыйбасынан улам Имам Азам, кыргызча айтканда улуу имам деген атакка ээ болгон экен. Өз заманындагы эң мыкты деген 4 миңдей аалымдан илим алып, өзү 49 миңге жакын шакирт чыгарган. Диндеги такыбалыгы, илими жана дүйнө таанымы жагынан алдына киши салбаганын белгилешет. Ошондуктан ал ислам укук таануусунун, же болбосо фикх илиминин негиздөөчүсү катары айтылат. Тогузунчу кылымдан тарта ханафи мазхабы Түркия, Балкан, Кавказ, Орта Азия, Индокытай, Ооганстан мамлекеттерине, Индонезия аралдарына жана Орусиянын аймагына тараган.

Экс-муфтий, ислам аалымы Чубак ажы Жалилов буларды айтат:

- Ханафи мазхабынын көп уламалары Ирактан, Орто Азиядан болгондуктан түрк элдеринин салтына, маданиятына, менталитетине туура келген мазхаб болуп саналат. Кезинде ислам дүйнөсүнүн дээрлик баарын башкарып турган Осмон империясы, ага чейинки Аббасийлер бийлиги ханафи мазхабында болушуп, мамлекеттик башкаруудагы бардык тажрыйбалар аталган мазхабга сиңдирилген. Анын жыйынтыгында адамдардын башын кошкон, заманбап деп да айтсак болот, ушундай бир көркөм мазхаб пайда болгон.

Ушул жерден ханафи мазхабынын мамлекетке жана бийликке, куралдуу жихадга жана каада-салттарга карата кандай мамиле кыларына токтолгонубуз оң болчудай. Анткени мамлекеттик бийликти да Сирияга жихадга баруу, же жардыруу уюштуруу, башка диндегилерге, мамлекеттик бийлик органдарына куралдуу кол салууга үгүттөө сыяктуу көрүнүштөр чочулатып жаткандай.

Мамлекетке жана анын башындагыларга ханафи мазхабы кандай карайт? Чубак ажы Жалилов төрт мазхаб, анын ичинде ханафи мазхабы боюнча буларга токтолду:

- “Мухамбет пайгамбарыбыздын доорунда бардык мусулмандар ага баш ийген, азирети Умардын тушунда болсо Умарга баш ийген, бүтүндөй мусулмандарга бир гана падыша болуш керек. Азыркыдай Өзбекстан, Кыргызстан болуп, мусулмандар бөлүнүп алганы туура эмес” деген пикирди кармангандар азыр да бар. Бул пикир ошол кезде туура болгон, бирок азыр туура эмес. Заман алмашуусу менен башкалар да өз-өзүнчө мамлекет болгон болсо, анын зыяны жок. Алардын ар кимиси өзүнчө “чоң имам”, ар кимиси өзүнчө падыша болот деген акыйда-ишеним түшүнүгү бизде бар. Азыр кээ бир адамдардын “Кыргызстандын падышасын тааныбайбыз, бардыгыбыз Мекедеги падышага, же башка жакка баш ийишибиз керек” дегендери туура эмес. Аны айтып жаткан жамаат акыйда-ишенимдин ушул маселесинде ката кетирип алган.

Ханафи мазхабындагы “чоң имам”

2012-жылы кайсы бир адам президент Алмазбек Атамбаевге Ала-Тоо аянтына Манастын эстелигин койгону үчүн жихад жарыялаган.Аалымдардын айтымында, ханафи мазхабында мамлекет башчы муфтийден да жогору туруп, аны “чоң имам” деп аташат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиевди угалы:

- Борбордук Азияда өзү консервативдүү болгондугу үчүн саясий маселерге анчалык көңүл бурбаган салттуу ислам, сунни агымындагы ханафи мазхабы кеңири жайылган. Ал башка мазхабдардан өзүнүн сабырдуулугу менен айырмаланып, улуттук каада-салттар менен ислам баалуулуктарын карама-каршы койбойт. Мамлекет менен өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү боюнча анын идеологиялык негиздери бар. Мисалы, мамлекет башчысын ханафи мазхабындагылар “чоң имам” деп жарыялап, ага баш ийишет.

Нарын шаарындагы борбордук мечит, 7-август, 2013.

Нарын шаарындагы борбордук мечит, 7-август, 2013.

Ал эми исламдагы жихад түшүнүгү кандай? “Куран нуру” институтунун ректору Садыбакас Дооловдун айтымында, исламда адамдын өз жаман адаттары менен күрөшүүсү эң чоң жихад болуп саналат.

- Мен куралдуу жихад деп жүргөн жигиттерге айтар элем: эң оболу өзүңөргө-өзүңөр күрөш жарыялап, өзүңөрдү-өзүңөр жеңгиле дагы, анан үй-бүлөңөрдү мыкты, ыймандуу кылып тарбиялагыла. Ошондо мыкты “мужахид”, мыкты күрөшчү боло аласыңар. Пайгамбарыбыз ушуну чоң казат жана чоң күрөш деп эсептеген. Ал эми Сирияда болуп жаткан окуялар Кыргызстанга таптакыр коркунуч туудурган жок. Ошон үчүн ал жакка баруу ханафи мазхабындагыларга гана эмес, бардык эле мусулумандарга таптакыр парз эмес.

Ханафи мазхабы исламга каршы келбеген жергиликтүү салттарды чанбаганы, башка диндегилердин пикирин сыйлаганы, консервативдүүлүгү жана либералдуулугу менен да айырмаланат. Деген менен ханафи мазхабын муфтият жана мамлекет саясий максатта колдонбош керек деген пикирлер да жок эмес.

Кыргызстанда мусулмандар ханафи мазхабынын негизинде иш жүргүзөрү муфтияттын уставында жазылса, Тажикстан 2009-жылы аны атайын мыйзам менен бекитип алган. Муну өз кезегинде тажик бийлиги Абу Ханифанын атын саясий максатта колдонуп, өз мүдөөсүн ишке ашырып жатат деп сындагандар да болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG