Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Азимжан Аскаровдун мурдагы өкүмү күчүндө калды


Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Мындай чечимди Чүй облустук сотунун коллегиясы кабыл алды. Анда судьялар бул иш боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү ырасталып, Аскаровдун күнөөсү аныкталганын белгилешти.

66 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.

Өткөн жылы апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камакта отурат деген негизде бошотууну Кыргызстандан талап кылган. Бул сунуштан кийин Жогорку Сот былтыр 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра териштирүүнү Чүй облустук сотуна тапшырган эле.(BkA/NT)

XS
SM
MD
LG