Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:47

Эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Садыкжан Камалиддин өлкөдөгү диний кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

Талашка түшкөн орозонун ай башы

"Азаттык":
Садыкжан мырза, кыргызстандыктар муфтияттын чыгарган бүтүмү менен 9-июлда орозо тутуп баштады. Бирок айрым кишилер, дин адамдары “ай жаңырган жок” деп орозону бир күн кийин, 10-июлда башташты. Бул бир жагынан расмий муфтияттын орозону так аныктабаган катачылыгы катары саналса, экинчи жагынан айрым адамдардын элди бөлгөн өзүм билемдиги катары кабыл алынды. Муфтияттын өкүмү мусулмандар арасында талашка түшкөн бул маселеге кандай карайсыз?

Камалиддин: Бул ислам ааламында бир канча жылдан бери, балким миң жылдан бери талкууланып келаткан талаш-тартыш маселенин бири. Көп мамлекеттерде орозонун так күнү астрономия жаатындагы илимпоздор менен байланышып, заманбап аппараттардын жардамы аркылуу диний эсеп-китептерди карап аныкталат. Мисалы, ушундай жол менен Орто Азия аймагында “бул күнү ай көрүнөт экен же көрүнбөйт экен” деп такталат. Бизде алдын-ала орозонун календары чыгарылат, бирок ага да бир күнгө айырмаланышы мүмкүн деп эскертилет. Негизи бизде жаңырган ай үчүнчү күнү гана көрүнөт. Ошондуктан, ай көрүнбөгөндөн кийин биз, мусулмандар муфтияттын чыгарган фатвасына амал кылышыбыз керек. Себеби мусулмандар арасында бөлүнүп-жарылуу, карама-каршылыктар болбошу үчүн.

Бизден да көп адамдар телефон чалып, бул боюнча сурашты. Сауд Арабиядан келип, Кыргызстанда конокто жүргөн адамдар да “сиздерде бүгүн, 9-июлда башталат экен, бизде 10-июлда экен, эмне кылсак болот” деп сурашты. Аларга да “сиздер Кыргызстанда жүрүп жатасыздар, ошондуктан, мусулмандарда айырмачылык, бөлүнүүчүлүк болбошу үчүн Кыргызстандын чыгарган фатвасына амал кылсаңыздар жакшы болот, үлгү болот” деп айттык. Алар дагы 9-июлдан баштап орозо тутуп баштады.

Ошол эле кезде азыр маалымат кылымы, маалымат доору. Ар бир адам күн сайын ар тараптан маалымат ала алат. Бул маселеде ар бир адамдын өз укугу да бар. Кыргызстан мусулмандарынын чыгарган фатвасы боюнча орозону кармайбыз десе ал жакшы, бирок “Орто Азия аймагында ай бүгүн көрүнбөйт экен, эртеңден баштап туталы” деп, башка мамлекеттерден алган маалыматтарга таянып, амал кылгандарды да биз айыптабашыбыз керек. Бул ар бир адамдын инсандык укугу.

“Азаттык”: Сиз 80-жылдардын акыры, 90-жылдардын башында Кыргызстандын казыятын - муфтиятты жетектеп турдуңуз эле. Азыркы Мусулмандар дин башкармалыгынын ишмердигин кандай баалайсыз? Бүгүнкү турмуштун, мусулмандардын суроо-талабына жооп бергидей татыктуу иш алып барып жатабы?

Камалиддин: Мен мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда, азыркыдай мүмкүнчүлүктөр, эркиндиктер жок эле. Азыр бизде мусулмандар же жалпы динге ишенгендер менен мамлекеттин ортосундагы мамиле, бирин-бири урматтоо бийик бир даражага көтөрүлдү. Биз буга шүгүр кылып, кадырына жетишибиз керек. Адамдарды бөлүп-жарууга багытталган агымдардын ишин, сөздөрүн колдобостон, тарыхый салт боюнча келаткан динибизди бекем кармап, ошого чакырышыбыз зарыл. Кыскасы, жаштарыбызды, элибизди башка динге өтүп кетүүсүн алдын-алуу сыяктуу толтура иштер бар.

Муфтият мен өзүм иштеп кеткен мекеме болгондуктан, диний кызматкерлерди, муфтиятты айыптагандан алысмын. Бирок менин тилегим жана ниетим: азыр ушунчалык жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду. Муфтиятта муфтийлик орунду талашып, ажылыкты бизнеске айлантпаш керек. Азыр андагы бөлүнүп-жарылуунун, чыр-чатактардын, бири-бирин артынан ушактоонун 99 пайызы ажылык иштеринин артынан келип чыгууда. Ошондуктан, ажылыкты уюштурган өзүнчө мекеме болсо жакшы болмок. Мейли, ал муфтиятка карасын, же ажылыкты уюштуруу ишин мамлекет менен муфтият жүргүзүп жаткандыктан, мейли мамлекетке карасын, айырмасы жок. Ошондо муфтият өз ишин кылып, муфтий талаш да тынчып, бардык иштер өз жолуна түшмөк.

Орто Азия аймагында Кыргызстанчалык динге мүмкүнчүлүк жана эркиндик берилген мамлекет жок. Биз ушул мүмкүнчүлүктөргө кыянат кылып, жеке керт башыбыздын кызыкчылыгы үчүн пайдаланбастан, жалпы элдин, жалпы ислам дининин келечеги үчүн, жаштарды туура жолго тарбиялоого пайдалансак жакшы болмок.

Карманарыбыз ханафи мазхабы

“Азаттык”:
Сиз жогоруда ата-бабалардан келаткан ислам жолун түшүндүрүп, кармануу керек деп айтып кеттиңиз. Бул жааттан алганда ханафи мазхабы Кыргызстан үчүн салттуу экени айтылып келатат. Президент да бир-эки жолу ханафи мазхабы боюнча пикирин билдирген. Бирок азыр коомдо буга макул болбогон көз караштагы адамдар да бар. Сиздин пикириңиз?

Камалиддин: Ханафи мазхабын ата-энелерибиз миң жылдардан бери карманып келген. Биз ошол мазхабды кармашыбыз керек. Бул тууралуу башкача сөз да болушу мүмкүн эмес. Бирок ханафи мазхабы деп, аны өзгөчө улуктап, бийик көрсөтүү менен башка мазхабдарды кысымга алып, алардын даражасын төмөндөтүүгө болбойт. Мисалы, биздин Бишкектин айланасындагы кавказ улутундагы мусулмандарыбыз шафи мазхабында. Биз ажыга барып, ыйык парздарыбызды ишке ашырып келип жаткан Сауд Арабия ханбали мазхабында. Ал эми жалпы Африка мамлекеттери маалики мазхабында. Аларды да бирдей урматтоо кажет. Өзүбүздүн эле мазхабды жогору коюп, башкаларды төмөндөтүү аракеттери, тескерисинче көбүрөөк ажырымды жаратып, мусулмандар ортосундагы ынтымакка зыян келип калышы мүмкүн.

“Азаттык”: Ошол эле кезде мазхабдарга каршы чыккан, анын кереги жок деген адамдардын катмары өсүп келатат деп айткандар бар. Булардан кандайдыр бир кооптонууга негиз барбы?

Камалиддин: Кыргызстанда, жалпы Орто Азия аймагында жашаган мусулмандардын ата-бабаларынан жана бир канча кылымдардан бери келе жаткан диний салттары, диний маданияты негизи ханафи мазхабы менен бекем байланышта. Ошон үчүн бизге мазхаб кереги жок деген адамдардын сөздөрү туура эмес. Албетте биз өзүбүздүн аймагыбыз үчүн жол болуп калган мазхабыбызга амал кылышыбыз, ошол боюнча жаштарды окутушубуз зарыл. Ошону менен бирге башка мазхабдарга да урматтоо менен мамиле кылуубуз кажет.

“Азаттык”: Тартип коргоо органдарынын күн сайын берип жаткан маалыматтарын карасак, диний экстремизм же терроризм сыяктуу кылмыштар менен кармалгандар көп экенин көрүп жатабыз. Бул деген дин мамлекетке коркунуч жаратып жатат дегенди билдиреби, же мамлекеттин динге болгон саясаты туура эмес жүрүп жатканынан кабар береби?

Камалиддин: Жок, мен мамлекеттин саясаты туура эмес дегенге кошулбайм. Ар бир мамлекеттин өзүнүн диний багыттагы программалары, жарандарына берген мүмкүнчүлүктөрү болот. Ошондой эле мамлекет дин адамдарынын ортосундагы багытты өнүктүрүүнү талап кылат жана көзөмөлдөйт.

Азыр пайда болуп жаткан ар кыл агымдар бар. Мындан эки-үч жыл мурда салафи деген сөз жок эле, мына азыр биринчи орунга чыкты. Андан мурда “Хизб-ут Тахрир” чыккан. Дагы бир эки жылдан кийин кандай агымдар чыгат, Кудай өзү билет. Бирок агымдарга жаштар кирип, башка жаңы көз караштарга берилип кетпеши үчүн муфтият баш болгон адамдар, имамдарыбыз жана казыяттардын кызматкерлери бул багытта көп иштерди жасашы керек. Күнү-түнү адамдарга туура маалыматтарды жеткирип турушубуз керек.

Сирияда диний эмес, жарандык согуш жүрүүдө

“Азаттык”:
Апрель айында Ош жана Баткен облустарынан кыргыз, өзбек аралашкан жаштардын тобу Түркия аркылуу Сирияга согушка кеткени маалым болду. Сиз аалым катары ушул жаштардын аракетине кандай баа бересиз? Сирияда чын эле диний согуш жүрүп жатабы?

Камалиддин: Сирияда болуп жаткан иштер биздин аймак, мамлекеттер, ошондой эле мусулмандар жана жаштар үчүн жихад болуп эсептелбейт. Биринчи кезекте исламдагы жихад деген нерсени өзүбүз түшүнүп алуубуз керек. Жихад өзү эмне? Ал кайсы учурда пайда болот? Биздин динибизге, мамлекетибизге, жашап турган мекенибизге тыштан бир коркунуч туулса, же динибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготууга, үй-бүлөбүздү жоготууга тыштан бир аракет башталса, ошондо гана жихад кылуу зарылчылыгы жаралып, ал мусулмандар үчүн парз болот.

Сирияда болуп жаткан окуялар диний эмес, көбүрөөк саясий окуяларга байланыштуу. Ал жакта жарандык согуш жүрүүдө. Саясаттын башында тургандар, өкүм жүргүзүүгө умтулуп жаткан адамдардын катачылыгы менен болуп жаткан иштер. Булар саясий жаңжал. Сирия өздөрүнүн ишин саясий жана башка жолдор менен чечүүлөрү зарыл. Ага башка мамлекеттерди жана мусулмандарды байланыштырып, аралаштыруунун эч кереги жок. Мен бардык жоопкерчиликти мойнума алып туруп айтам: Сириядагы болуп жаткан иштерге биздин жаштарыбыз, мусулмандар аралашпоосу керек. Ал окуялар бизге парз боло тургандай жихад эмес.

Ал жакка кетип жаткан жаштарыбыздын башын айлантып, жол киресин төлөп, үй-бүлөсүн багып турууга акча берип, алып кетип жаткандардын аракети пас адамдардын кылып жаткан иши. Мындан жаштарыбыз этият болуш керек жана ага биз жол бербешибиз керек.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстанда айрым мусулмандарды арабдарды туурап араб болуп кетти, Түркиядан окуп келип түрк болуп кетти, Индия, Пакистанга дааватка барып жүрүп, аларды туурап кетти деп көп айтылып жүрөт. Ушундай ажырым, жиктелүү мамлекет үчүн кооптуу эмеспи?

Камалиддин: Мен дааватчылар тууралуу айтсам, алардын кылып жаткан иштери өтө жакшы. Элге, жаштарга ислам динин жеткирүүдө өтө көп кызмат кылып жатат. Булар саясатка аралашпайт, саясий бир чакырыктары, же кайсы бир партияга байланыштары жок. Бирок булардын ишин тартипке салуу керек. Мисалы, алардын кийим кийишинде жана сакал коюшунда маселелер бар. Даават кылууда кайсы мамлекетте жашаса, ошол мамлекеттин үрп-адаты, ошол мамлекеттин кийими, анда жашаган адамдардын психологиясына ылайык жүргүзүү керек деп айтылат.

Биз Сауд Арабияда университетте билим алып жүргөндө дааватты чоң илим катары ушундай деп окуганбыз. Динге чакырам, даават кылам деп, бирок динди жаман, терс көрсөтүп, адамдардын динден качуусуна жол бербешибиз керек. Бирок келечекте булар мамлекетке чоң коркунуч туудурат деген сөздөргө кошулбайм, андай болушу мүмкүн эмес. Бирок муну тартипке салуу керек.

Ал эми башка, айталы биздин динибиз туура көрбөгөн радикал агымдарды түз жолго салууга аракет кылуубуз зарыл. Анткени алар да биздин жарандар, жаштар, мусулмандар. Аларга сиңген түшүнүктөр, көз караш башкача болуп калганы үчүн аларды такыр эле четке сүрүп салбастан, душман катары көрбөстөн, түшүнбөгөн жерлерин түшүндүрүүбүз керек. Бирок мен диндин айынан мамлекетте чоң бир чыр-чатак чыгат деген пикирден алысмын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG