Линктер

Жогорку Кеңеш депутаты менен мурдагы муфтийдин жума намаз күнү дем алуу убактысын эки саатка узартуу боюнча мыйзам долбоорунун тегерегинде социалдык тармактарда кайым айтышуу, анын артынан башталган коркутуп-үркүтүүлөрдүн мамлекет коопсуздугуна тийгизген кесепети болушу мүмкүнбү?

Демократиялык Кыргызстандын эли мыйзамдык эреже же диний талап менен жашашы керекпи? Дин саясатташкан жерде келечектен эмнени күтсө болот?

"Арай көз чарай" талкуусуна жазуучу Чолпонбек Абыкеев, жарандык активист, саясий серепчи Бурул Усманалиева жана Оштон коомдук ишмер, журналист Султан ажы Абдырахманов катышты.

“Азаттык”: Султан ажы, сиздин санаалышыңыз, айтылуу ислам аалымы Чубак ажынын жума намаз күнкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушун колдобогон депутаттардын, жакындарынын жаназасына барбагыла деп чакырык таштап жатканын сиз кандай түшүндүңүз, кандай баа бересиз?

Султан ажы: Дин маселеси, аны таануу ар бир адамдын жеке иши, жеке кызыкчылыгы, көз карашы. Ал эми Чубак ажынын айтканы, билдирүүсү анын көкүрөгүндө, өзүнүн оюндагы чындык болушу мүмкүн. Бирок биз динди колдонуп элдин козутууга пайдаланбашыбыз керек. Себеби дин ар бир адамдын жан дүйнөсүндөгү ыйык чындык болуп эсептелет.

“Азаттык”: Чолпонбек мырза, Чубак ажы мыйзам долбооруна каршы чыккан депутаттардын туулуп-өскөн райондорун, жашаган жерлерин эмне үчүн атады деп ойлосуз?

Чолпонбек Абыкеев: Эгер маселе Чубак ажы менен депутат Акаевге тиешелүү эле маселе болсо коомчулук буга аралашпайт эле. Түшүнгөн адамга маселенин маңызы тереңде жатат.

Биз аярлап жүргөн баалуулуктарга жана мыйзамдарга да карама-каршы келген жактары болууда. Ошондуктан пикирлердин кагылышуусу болууда. Чубак ажы өзүнүн кылыктары менен динге берилип, алектенип жүргөн адамдарды козутуп, коркутуп, ал тургай кылмышка түрткөн аракеттерди жасоодо.

Депутаттардын үйүнүн даректерине чейин бериши өтө кооптуу. Эгер Жанар Акаевдин өзүнө, жакындарына кимдир бирөө тарабынан кол салуулар, коркутуулар болсо, ага Чубак ажы түздөн түз жооп берет. Себеби ошондой кылмыш кылганга Чубак ажы багыт берди, диндеги фанаттарга жол көрсөтүп, биздин ишибизге тоскоолдук кылгандарды жазалагыла дегендей кылмышка түртүп жатат.

Мен ислам дини боюнча 1-класстын деңгээлиндей билимим болсо, Чубак ажы бул багытта өтө жогорку билимдүү адам. Ошондой болсо да айтып коеюн, жаназаны кимге окушту, жерге кимди беришти Чубак ажы чечпейт. Ар кимибизге кудайдан буюруган жерибиз бар. Жаназа бардык эле мусулман адамдарга окула берет.

“Азаттык”: Бурул айым, Чубак ажы өз билдирүүсүн демократиялык замандагы сөз эркиндигинен пайдаланып айтып жатканын билдирди. Бул пикирди кыргыз коомчулугу эмне үчүн катардагы билдирүү сымал кабыл алган жок?

Бурул Усманалиева: Сөз башында айтсам, биздин өлкөнүн расмий бийлиги бул көрүнүш боюнча бир нерсе деп позициясын айтпай жатканы өкүнүчтүү.

Биринчиден, Чубак ажы демократияга таянып, өз оюндагысын айтты. Экинчиден, ошол эле демократиянын эрежелерине баш ийбей жатат. Анткени депутаттар кандай чечим чыгарат алардын өз иши, демократияда биз алар чыгарган чечимге баш ийип жашообуз керек.

Үчүнчүдөн, Чубак ажынын аракети чыныгы исламга да каршы, анда жеңилүүнү да бил, душманга да жамандык каалаба деген баалуулуктар бар. Дин менен Конституция ушул жерде кагылышып жатат, коомду кооптондурган көйгөйгө айланып баратат.

Динчилдер ушунчалык көбөйдү, бирок рухий өзгөрүү жок. Дин өкүлдөрү Конституцияга сын айта баштады, дин саясатка, бийликке кийлигише баштады. Аталган мыйзам дагы Чубак ажынын кеңеши менен киргизилип жатат. Ыйык орозо айында жаңжал чыгып, бийликке кыйыр түрдө басым болууда.

Биз куруп жаткан коомдун Кураны, Библиясы – бул Конституция. Конституция – рухий документ, ал биздин бардык жарандарыбыздын, мусулмандарыбыздын эркиндигин коргойт. Кыргызстанда жеке эле кыргыздар же мусулмандар эмес, башка улуттар дагы жашайт, алардын баарынын жашоо эркиндигин, укугун кепилдеген жалгыз документ – Конституция. Ар кимибиздин жеке жашообузда диний жөрөлгөлөрдү жасоого укугубуз бар, бирок аларды саясатка түртүп киргизүүгө болбойт.

“Азаттык”: Дин саясаттан бөлүнгөн деп Конституцияда жазылган. Бирок депутат Тазабек Икрамов “бул мыйзам долбоору Чубак ажы Жалиловдун кеңеши менен иштелип чыккан” деди. Муну диндин саясатка таасир берүүсү десек болобу?

Султан ажы: Биз маселеге бир жактуу карабашыбыз керек, пендечилик эки тараптан тең кеткен. Жогорку Кеңештин депутаты катары Жанар мырза да өзүнүн сабырдуулугун көргөзүш керек болчу. Аны эмне үчүн Улуттук коопсуздук комитетине чакырып сурап койбойт? Чубак ажы Кыргызстандын жараны катары болуп жаткан окуяларга өзүнүн пикирин айтууга укуктуу, аша чаап кетүүгө эч кимибиздин акыбыз жок.

Мен Чубак ажынын айткандарынын баары туура деп айта албайм. Ушул орозо айында жалпы момун мусулмандардын оюна туура келбеген көрүнүш болуп отурат. Азыр бардык социалдык тармактарда ыплас пикирлерге чейин түшүп талкууланып, дүйнөгө шерменде болуп бүттүк.

Чолпонбек Абыкеев: Чубак ажы Конституциянын талаптарын бузду деп айта алам. Ал катардагы адам эмес, убагында муфтий болуп жүргөн, республикага дин лидери катары таанылып калган чоң адам. Мына ошондой адамдын оозунан орой-одоно билдирүүлөрдүн чыгышы мыйзамды бузгандык деп эсептелет.

Дин таануучу Кадыр Маликов да динге байланышкан айрым алешемдиктерди айтып коём деп кысымга кабылган. Эртең Жанар Акаев андай кырсыкка кабылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Аларга түртүп көкүтүп жаткан - Чубак ажы.

“Азаттык”: Айрым саясий серепчилер Кыргызстандагы диний ислам аракеттери ушундай ыргакта улана берсе, жакынкы келечекте эл өлкөнүн атын “Кыргыз ислам республикасы” болсун деп талап кылышы мүмкүн деген пикирлерин айтып жатышат. Эмне Кыргызстанда демократиянын келечеги кооптубу?

Бурул Усманалиева: Менин байкашымча биздин коомдогу идеологиялык боштукту ислам толтуруп, активдүү өздөштүрүп жатат. Альтернатива жок болгондуктан чет өлкөлөрдөн келген каржылоолор аркылуу курулган мечиттерде көп иштер болууда, коомдун аң-сезимин башка жакка бурууда. Анткени эл арасында көрүп жатам, талкууларда окуп жатам “койгулачы силердин демократияңарды, ислам эле жакшы” деген пикирлер аз эмес. Ошондуктан “Демократия коркунучта!” деген туура болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG