Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод Камоловдун камалышы бир жагынан күтүлбөгөн окуя катары каралса, экинчиден, анын иш-аракетинде шектүү жагдайлар буга чейин эле белгилүү болуп келгени айтылууда.

Рашод Камоловдун камалышы Кыргызстанда, өзгөчө Ош аймагында диний жана коопсуздук жаатындагы талкууларды жаңы деңгээлге көтөргөндөй. Эксперттер буга чейин өз алдынча аракеттенип келген диний агымдар халифат жана Сирия темасында жуурулушуп баратканын белгилешүүдө.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев мындан бир ай мурда камакка алынган Камоловдун ишине байланыштуу Ош облусунун аймагында иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн, натыйжада дагы тогуз кишиге кылмыш иши козголгонун "Азаттыкка" билдирди:

- Рашод Камолов камалгандан кийинки бир айлык убакыт ичинде анын иш-аракетине байланыштуу отузга жакын арыз түштү. Дагы арыздар келип жатат. Көпчүлүк ата-энелер балдарын Рашод Камолов Сирияга үндөгөнүн айтышууда.

Рашид Камалов

Рашид Камалов

ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Эмил Жээнбеков Рашод Камоловдун экстремисттик чакырыктарды жасаганын көрсөткөн далилдер жетиштүү экенин, конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө үндөгөнүн далилдеген видеолор интернетте дагы деле илинип турганын айтууда.

Ош облусунун казысы Ниязали Арипов Рашод Камолов ишмердик жүргүзгөн Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имам-хатиби болуп Сүйүн Калыков дайындалганын, мечиттин жамаатына жана элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Таламын талашкандардын жүйөсү

Камоловдун камалышы Жогорку Кеңеште да талкууга жем таштады. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Заирбек Жоошбеков "Рашод Камоловдун кармалышын саясатташтырып, түрдүү аракеттерге барууну токтотуу керек" десе, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу аны оң жагына сыпаттады:

- Рашид Камолов коомдук ишмер гана эмес, диний ишмер. Аны Кыргызстан гана эмес, кошуна Өзбекстан, Тажикстан да тааныйт. Ошондуктан соттун өкүмү чыкканга чейин аны кылмышкер кылуу - тергөө органдарынын катасы. Тергөө органдары буга чейин канча жолу сотко келгенде анын күнөөсүн далилдей албай жүрүштү. Президент менен өкмөттүн өкүлүнө кайрылдым. Мүмкүн болушунча аны үй камагына чыгаруу керек. Бул эч кимге коркунуч алып келбейт. Эгерде Сирияга ал адамдарды үгүттөсө, биринчи өзү барышы керек эле. Анткени илим адамдары Сириядагы согушту туура деп табышса, өздөрү барып согушуп шейит болушу керек. Өзү барбай туруп башкаларды жөнөттү дегенге ишенбейм.

Камоловдун адвокаты Жазгүл Сүйүмбаева да айыптарды четке кагып, Камоловго далилсиз күнөө тагылып жатканын айтып келет.

Өткөн жылдын аяк ченинде Сириядагы согушка кетип жаткандардын маселеси талкууланган жыйында Рашод Камолов буларды айткан болчу:

- Президент "диний кырдаалды оңдойлу, туура эмес жолго чыгып кеткендерге чара көрөлү" деп айткан. Бирок күч органдарынын көп кызматкерлери ошондон пайдаланып, шылтоо таап, жарандарды уруп, жылаңачтап, аялдардын көзүнчө кыйнашууда. Ушундай зулумдукка чыдабай, "мени кыйнаган адамды өлтүрбөсөм болбойт" деп Сирияга кетип калышууда. Анткени алар себепсиз таяк жегенден коркуп, күнөөсүз акча бергенге чыдабай атышат.

Кара-Суудагы мечит

Кара-Суудагы мечит

Камоловдордун аты буга чейин да коопсуздук жана диний жааттагы талкууларга себеп болгон. 2006-жылы Рашод Камоловдун атасы Рафик Камолов Ош шаарында күч органдарынын атайын операциясында окко учкан.

Рафик Камаловдун Кара-Сууда жаназа намазынан кийин “шейит мубарак” деген ураандар менен аны колдогондор уюштурган нааразычылык жыйынында тартылган тасма азыркыга чейин интернетте бар. Ошол кезде 28 жаштагы Рашод Камолов атасы өлгөндөн кийин анын ордуна “Ас-Сарахсий” мечитине имам болуп калат.

Ош облусунун Кара-Суу районунун имамы Камоловдун ордуна дайындалган Сүйүн Калыков буларды айтты:

- 2006-жылы ыраматылык Муратаалы Жуманов экөөбүз Кара-Сууга барганда ошол жердеги эл “Рафик Камоловдун ордуна имам кылып баласын коюп бергиле, ошондо тынчыйбыз” деген талап койгон. Ошондо убактылуу имам деп койгонбуз. Бүгүн эми ушундай окуялар болуп атат.

Дайынсыз жоголгон туугандын таасири

90-жылдары Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда “Ваххабизм” жана “вахабийлер” жөнүндө кызуу талаш-тартыштар жаралган. Айрыкча Өзбекстан бийлиги 90-жылдарда “вахабий” делген кишилерге карата катаал саясат жүргүзгөнү белгилүү. Өзбекстан бийликтери тарабынан “вахабий” деп айып тагылып, 1995-жылы 29-августта Ташкент аэропортунда жоголгон Абдували Мирзоев ушул Камоловдорго күйөө бала болгону айтылып келет.

Ошол эле кезде Мирзоев менен Камоловдун ортосунда устат-шакирт мамиле болгону, атап айтканда, Камоловдордун диний билим алуусуна анын таасири бар экени айтылууда.

Кара-Сууда өткөн митинг, 11-август, 2006-жыл

Кара-Сууда өткөн митинг, 11-август, 2006-жыл

Камоловдордун дагы бирөө Садыкжан Камаловдун талапкерлиги убагында Борбор Азия мусулмандары диний башкармалыгынын жетекчилигине көрсөтүлгөн. Ал Кыргызстандын алгачкы муфтийи, легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Учурунда анын да диний ишмердигине байланышкан талаш-тартыштар орун алган. Буга ошол кездеги президент Аскар Акаев да аралашпай койо алган эмес. Анын ваххабизм маселеси ашыкча эле апыртылып жатканы, жеке өзү Садыкжан Камолов сыяктуу илимдүү-билимдүү вахабийлерди тааныгандыгы тууралуу маеги жарык көргөн.

Буга Камалов гезит аркылуу жооп кылганын Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу мындайча эскерди:

"Хизбутчулар" халифат маселесинде кимди болсо да колдойт. Эгерде халифат маселесин көтөрүп жатса, салафийлерди деле колдошу мүмкүн.

- Урматтуу президент мырза Аскар Акаевич, сиз туура эмес айтып алдыңыз, мен вахабий эмесмин. Кыргызстанда вахабийлер жок деп Садыкжан Камолов айткан. Буга өз учурунда жооп берилген. Бирок булардын популярдуу имамдар экендиги башка кеп. Себеби атасы да, өзү да “дүжүр” молдолорго окшобой Курандын негизинде жооп берип келишкен.

Садыкжан Камолов бүгүн Кыргызстанда диний жана коомдук ишмер катары белгилүү. Садыкжан Камалов буга чейин “Азаттыкка” алардын аты-жөнүнө байланышкан сөздөрдү четке каккан эле:

- Камаловдордун феномени дегенде бири вахабий деп жөнү жок айыпташса, экинчилери да ар нерсени айтып келатышат. Бирок бизге кандай гана болбосун адамдар келишет. Биз ушул "Хизб ут -Тахририби", коммунистиби же башкасыбы мечитке кандай адам келсе да аларды кубалабастан дин жолун, арам менен адалды түшүндүрүп келатабыз. Мындан башка саясатка аралашып, бийликке же мамлекетке каршы иштерибиз жок.

Эксперттер коңгуроо кагышат

Рашод Камоловдун камалышы Кыргызстанда, өзгөчө Ош аймагында диний жана коопсуздук жаатындагы талкууларды жаңы деңгээлге көтөргөндөй. Эксперттер буга чейин өз алдынча аракеттенип келген диний агымдар халифат жана Сирия темасында жуурулушуп баратканын айтышууда. Диний эксперт, исламий агымдар боюнча илимпоз Зайнабидин Ажымаматов буларды айтты:

- "Халифат куруш керек" деп жатпайбы. Ошол халифатты куруу өзү важип болуп эсептелеби же эсептелбейби деген суроо бар. Ал важип деп атат. Ким халифатты колдобосо, муртад болот, иманын жаңыласын, биздин падышалар заалым деп атат. Муну карап, тактоо керек. Сирияга "хизбутчу" болуп деле үндөшү мүмкүн. "Хизбутчулар" халифат маселесинде кимди болсо да колдойт. Эгерде халифат маселесин көтөрүп жатса, салафийлерди деле колдошу мүмкүн. Себеби башка пикирлери дал келбесе, да аларды өзүнө жакын топ катары көрөт.

"Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери

"Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлери

​Дин маселеси боюнча эксперт Канат Мурзахалилов Кыргызстандагы радикал диний уюмдардын саясий максаттарда биригүүсү толук мүмкүн деп эсептейт:

- Азыркы мезгилде жихадчыл күчтөр менен "хизбутчулардын" биригүүсү байкалууда. Анткени булар коомдук жана мамлекеттик түзүмдү кулатып, халифат системасын куруу идеологиясынын негизинде биригип кетүү коркунучу бар. Укук коргоо органдары тарабынан "Хизб ут -Тахрир" уюмуна мүчө адамдардын үйүнөн Өзбекстан ислам кыймылына тиешелүү материалдардын табылышы, же болбосо кыймылдын мүчөлөрүнөн "Хизб ут -Тахрир" уюмунун үгүт баракчаларынын чыгышы буга далил боло алат. Булар өздөрүнүн түпкү максатына жетүү үчүн биригип кетиши толук мүмкүн.

Жогоруда белгиленгендей, радикал диний уюмдардын ишмердигин күчөтүүсү жана белгилүү бир максаттын айланасында биригүүсү мамлекетти жаңы чараларды көрүүгө мажбурлоодо. Бирок эксперттердин белгилешинче, мамлекет тиешелүү аракеттерди жасоодо, жаңы ыкмаларды иштеп чыгууда чабал болуп жаткандай.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG