Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Тарсалардын майрамы жана таржымалы


Грузин кызы чиркөөдө шам жагууда. Тбилиси, 2011-жылдын 6-январынын кечи.

Грузин кызы чиркөөдө шам жагууда. Тбилиси, 2011-жылдын 6-январынын кечи.

Ыйсанын туулган күнүн бүгүн православдар эле эмес, айрым тарса кыргыздар да белгилөөдө. Бирок алардын көпчүлүгү православ эмес, протестант багытын тутушат. Ар кайсы маалыматтар боюнча, тарса кыргыздардын саны он миңден ашат.

Бишкек тургуну Гүлжан Усупбаева он жыл мурда Ыйсаны кудай катары таанып, тарса (христиан) динин кабылдаган.

Ушул тапта сыйынуу үчүн жыйындарга барбаса да Ыйсага өз алдынча, эркин ишенүүгө өткөн.

“Жашоомдогу кыйынчылыктар ушул ишенимге берилип кетишиме себеп болду” деди Гүлжан:

- Мен ушул динге 2001-жылы келип калдым. Анткени бул жылдары менин жашоомдо аябагандай кризистик, депрессиялык учурлар болчу. Негизи адам оор учурларда жардам күтөт эмеспи. Ошондо мен кудайды издей баштадым. Издедим. "Кудай, эмнеге мени жараттың" деп ыйлаган күндөрүм болду. Менин тайежем бар. Ошол айтып калды: “Сен аябай кыйналып жүрөсүң. Мен сени бир жакка алып барайын” деди. Анан мен макул болдум. Бардым. Барсам кире бергенде эле “кудай жалгасын” деп кыргыздар тосуп алышты. Жакшы каалоолорун айтканда жибип кетет экенсиң да.

Ыйсанын туулган күнү Жалал-Абадда да белгиленди
Дагы бир Бишкек тургуну Мира Мадыранова кыйчалышта Ыйсага сооп издеп барганын кеп салууда.

Ата-энеси, туугандары мусулманчылыктын жол-жоболору менен жашап келгендиктен түшүнбөстүктөргө да кабылган:

- Менин ата-энем деле аябай динге берилген эмес. Бирок эми кыргыздардын айтып келген сөзүндөй эле, куран окуп, мусулманбыз деп эсептешкен да.
Бирок мен башка динге өттүм дегенде албетте туугандарым каршы болушту.
Эми мени куугунтуктап, сабап жиберишкен жок. Бирок "эмнеге бул динге өттүң, эмнеге сен орустардын кудайына ишенип калдың?" деген сөздөр болгон.


Кыргыз жаштары көбүнчө христиан дининин протестанттык агымына кирүүдө.

Андай агымдардын бирин бул жерде мурдатан эле баптисттер агымы деп аташат. Өздөрү “биздин саныбыз 32 миңге чукулдап калды” дешет. Ал эми адистердин баамында, бул сан он миңдин тегерегинде болушу мүмкүн.

Кыргызстан аймагында баптисттердин 35-40ка жакын борбору бар. Алар жекшемби күндөрү жыйынга чогулуп, Ыйсага сыйынууну адатка айландырышкан.

Мындан тышкары Пасха, Ыйсанын туулган күнү (Ыйсаны алар кудай деп санашса, мусулмандар Мухаммедге чейинки пайгамбарлардын бири катары санашат), түшүм майрамы өңдүү күндөр алатоолук тарсалар тарабынан өзгөчө майрам катары белгиленет.

Христиан динин кабылдаган студент Бектур Нуранов бул ишенимдеги негизги эрежелерди ажыратып баяндап берди:

- Кудай өзү ыйык болгондуктан ар бир адамдын ыйык жашоосун каалайт. Ошондуктан арак ичип, тамеки чегүүнү эчак эле калтыргам. Биздин окутуу боюнча адам өлтүрүү менен оюңда жаман ойлорду ойлоонун ортосунда айырма жок. Өзүмдү чектелип калдым деп эсептебейм. Менин абийириме туура келбеген жерге барбайм.

Протестанттык агым Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тамырын өзгөчө жая баштаган.

Айрым маалыматтар боюнча, Батыш өлкөлөрүнөн, Түштук Кореядан жана АКШдан келген миссионерлер бул ишенимдин тароосуна каржылык жана руханий көмөкчү болгон.

Салттуу ислам динин (анын сунний нугун) кармангандардын айрымдары протестанттыкка ык койгон өз улутташтарын жерип, эки ортодо тирешүү болгон учурлар маалым.

Мисалы, Кыргызстандын Нарын району сыяктуу бир катар аймактарында христиан кыргыздар каза тапканда жергиликтүү мусулмандар алардын жакындарына сөөк көмгөнгө жер бербей койгондон улам чуу чыккан.

“Баптисттер кыйналган кыргыздарга заттык, буюмдук жардам көрсөтүү аркылуу жамаатын кеңейтүүгө аракет кылат” деген айың кеп да азыр кеңири тарап жүрөт.

Гүлжан Усупбаева майрам күндөрү белек, заттык жана акчалай жардам көрсөтүлөрүн тастыктады:

- Ар кандай майрамдар болот. Мисалы Ыйсанын тирилген күнү, өлгөн күнү деген майрамдар бар да. Ошол учурда пасторлор ар бир келген кишисине белек камдашат. Мындан сырткары гуманитардык кийимдер берилет. Кээ бирине кыйналып турган болсо акчалай деле жардам беришет. Бирок бул жерге материалдык кызыкчылык үчүн барбаш керек.

Гүлжан Усупбаева менен Мира Мадыранова ар кандай дин адамдарды бөлүүгө эмес, бириктирүүгө кызмат кылса деп тилешет.

Адам кайсы гана динди тутпасын, эң башкысы - адамгерчилик баарынан бийик болсо болду, дешти "Азаттыктын" кабарчысына бул эки айым.

Тарыхка кылчая кетсек...

Кыргызстанда тарса дининин несторийлик агымы орто кылымдардын башында ислам дини жайыла электе эле таркала баштаган.

Орто кылымдардагы жергиликтүү тарсалардын мүрзө таштары алигиче сакталып калган.

15-кылымдагы айтылуу "Каталан картасында" Ысык-Көл өрөөнүндө тарса армяндардын чиркөөсү жайгашкан деген да маалымат камтылган.

Бирок болжол менен 14-кылымдын акырынан тартып бул аймактагы тарсалар кайра исламдашат (же журт которушат).

Тарса дини Кыргызстанга бул аймак падышалык Орусиянын оторчулуга кабылган 19-кылымдын экинчи жарымында кайрадан таркай баштаган.

(Тарыхчы Дөөлөт Сапаралиев белгилегендей, айрым маалыматтарга караганда, 17-18-кылымдарда Эдил боюна чейин журт которгон кээ бир кыргыз бөлүктөрү тарса динин кабыл алган сейрек учурлар катталган).

Жогоруда айтылгандай, кыргыздардын арасынан бул динге өтүү учурлары совет доору кулагандан кийин кеңири каттала баштады. Бирок совет доорунда деле эки башка диндин өкүлдөрү улуттар аралык нике аркылуу бир бүлө түзгөн учурлар арбын болгон.

Бир чети, бул жагдайга ошол учурдагы атеисттик режим да өбөлгө түзгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG