Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Өкмөт диний миссионерлердин мыйзамсыз аракеттерине административдик чара көрүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштады.

Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 395-беренесине кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан. Өкмөттүн 24-сентябрдагы токтомунун негизинде парламентке сунушталган бул долбоорго ылайык, бир диний конфессиянын башка конфессияга кайрылуусу жана башка бардык мыйзамсыз миссионердик иштер үчүн айып пул салынат. Айып пул мыйзам бузган жеке адамга 5 миңден 7 миң сомго чейинки (50дөн 70ке чейинки эсептик көрсөткүч), юридикалык тарап 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин деп чектелген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев бул долбоор дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамды Административдик кодекске ылайыктоо максатында гана даярдалды жана комиссия менен макулдашылды деп билдирди. Анын айтымында, дин мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна “бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдоого (прозелитизм) багытталган иш-аракетке, ошондой эле мыйзамсыз миссионердик ишти жүргүзүүгө тыюу салынып”, бирок аны жоопкерчиликке тартуу буга чейин Административдик кодекске киргизилген эмес:

- Мыйзамды бузган адам же уюм эмненин негизинде жооп берери бул мыйзамда жок. Ошон үчүн булар киргизип атат. Туура эле. Азыр алсак Административдик кодексте каттоосу жок диний уюмдар, анын ичинде миссионерлер иш алып барса 500 сом айып пул төлөйт деген бар. Диний, расалык, улуттук чагым жасагандарга жазалар Кылмыш кодексинде да каралган. Болгону ушул эки эле берене бар.

Табылды Орозалиевдин ишениминде, аталган долбоор биринчи кезекте жарандардын укуктарын, элдин тынчтыгын кепилдөө максатында жасалып жатат:

- Европа конвенциясында, эгер диний уюм коомчулукка коркунуч туудурса, аны чектөөгө мамлекеттердин укугу бар деп жазылып турат. Бул ошонун негизинде сунушталууда. Эмне үчүн укук алдыга чыгып, адам милдетин аткарбашы керек?

Дин эркиндигин коргогондор тескерисинче, бул кадам аркылуу өкмөт адамдардын негизги укуктарына шек келтирип жатат деп коңгуроо кагышууда. Кыргызстандагы диний азчылыктардын укуктарын коргоочулардын бири Жанар Аскар кызы бул мыйзам кабыл алынган күндө да ал Конституцияга, эл аралык нормаларга каршы келет деген ишенимде:

- Андай болгондо биздин Конституцияга демократиялык өлкө деп жазбай эле коюш кере болчу. Антиконстиутциялык болуп атпайбы. Эгер ошол мыйзам кабыл алынып калган күндө да коомчулук аны Конституциялык палата аркылуу жокко чыгартат деп ойлойм.

Дин таануучу Кадыр Маликовдун баамында, диний конфессиялардын укуктарын жана милдеттерин бирдей сактоо, теңата жана сабырдуу жашоосун камсыздоо үчүн так механизмдери бар, иштей турган мыйзам керек. Бирок Маликов азыр өкмөт сунуштап жаткан мыйзам иштеп кетерине дегеле ишенбейт:

- Мен бир жолу мечиттен чыксам бир жаш жигит келип, өз дини тууралуу айта баштады. Мен мусулманмын десем, сенин диниң туура эмес деп баштады. Муну кантип баалаш керек? Прозелитизмби? Миссионердик ишпи? Бул жазылган эмес. Ошондуктан бул мыйзам иштебейт, иштесе дагы тартип кызматтары динчилерге басым көрсөтүп, мыйзамды бузушат. Анткени, таңуулоо менен түшүндүрүүнүн айырмасын далилдөө кыйын.

Маликов диний ишмердикте мыйзамсыздыкты жазалар жана чаралар аркылуу жоюуга эмес, өзүн алып жүрүү кодексин калыптоого басым жасоону жактайт. Мунсуз эгемендик менен бирге пайда болгон жаңы конфессиялар менен түпкүлүктүү дин ортосунда карама-каршылыктар күчөп, диний себептен жаңжалдар чыгып кетиши мүмкүн дейт талдоочу.

Кыргызстандын калкынын негизги бөлүгү мусулман динин тутушат. Эгемендиктен кийин Кыргызстанда отуздан ашык диний конфессиялар пайда болуп, алардын көпчүлүгү протестанттык агымдагылар экендиги айтылып жүрөт. Протестанттык агымдагылардын катарын мурдагы ислам динин тутунгандар да толуктоодо. Ага жараша бир улуттагы жана ар башка конфессиядагы жарандар ортосунда араздашуу фактылары катталып келатат. Мындай фактылар көбүнчө сөөк коюу сыяктуу каадалар учурунда жолугат. Диний мыйзамдарды катаалдатууда мамлекеттик кызматкерлер адатта ушул өңдүү көрүнүштөрдү мисалга тартышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG