Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

УКМК Садыр Жапаровду кармады


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров адамды барымтага алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаган. Күбөлөр бул митингди жана андан кийинки мыйзамсыз иштерди Садыр Жапаров уюштурганын, уюлдук телефон аркылуу Каптагаевди бошотпоону буйрук кылганын, "мурда макулдашылган план" боюнча иштөө тууралуу көрсөтмө бергенин айтышкан. Милициянын операциясынан кийин Каптагаев бошотулган:

- Каптагаев түшкөн автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууганы Куланбаевге тиешелүү экени аныкталган. Куланбаев Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

УКМК 2013-жылдын 7-октябрындагы митингдин максаты облустук акимчиликтин имаратын басып алуу жана Ысык-Көлдөгү абалды туруксуз кылууга багытталганын, Жапаров митингди каржылаганын билдирүүдө.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин, УКМК күбө катары суракка чакырганын жарыялаган болчу.

Бишкекте анын жактоочуларынын митинги өтүүдө. “Ата-Журт” партиясынын мурдагы теңтөрагасы Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2012-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөн митинг учурунда башаламандык чыккан. Буга байланыштуу "Ата-Журт" партиясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга соттолушкан. (NT)

XS
SM
MD
LG