Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Шайлоо жана референдум боюнча “түз байланыш” номурлары иштейт


Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча Республикалык штаб түзгөн “түз байланыш” аркылуу шайлоочулар бардык маселелер боюнча кайрыла алышат. Байланыш 11-декабрда саат 7:00дөн 20:00гө чейин тынымсыз иштейт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, мындан тышкары өкмөт үйүндө маалымат борбору иштейт. Анда штаб башчысы, 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин, мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевдин катышуусунда шайлоо жана референдумдун жүрүшү тууралуу маалымат берилип турат.

Ушундай эле “түз байланыш” номурун БШК да ишке киргизди. 1255 сандарын терүү менен шайлоочулар референдум жана шайлоонун жүрүшү боюнча маселелерди, арыз-даттанууларын билдире алышат. Мындан тышкары өздөрү кызыккан суроолорду да берсе болот деп маалымдайт БШКнын басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG