Линктер

"Азаттыктын" “Биз жана дин” берүүсүндө саясий чөйрөгө дин эмне үчүн аралашууда, жоолук салынуу сыяктуу диний маселелер эмне себептен саясатташууда, Кыргызстандагы "Таблиги жамаат", "хизметчилер" жана "салафийлер" сыяктуу жамааттар бири-бирине кандай карашат, салттуу динибиздин жана салттуу дин аалымдарыбыздын азыркы кадыр-баркы кандай деген суроолор талкууланмакчы.

“Биз жана дин” берүүсүнүн коногу серепчи, саясий илимдердин кандидаты Икболжан Мирсаитов болду.

Ислам жана Борбор Азия

"Азаттык": Орто Азиядагы учурдагы диний абалды кандайча сүрөттөөр элеңиз?

Икболжан Мирсаитов: Дин жөнүндө сүйлөрдөн мурда, негизи эле дин түшүнүгү, мамлекеттин динге карата болгон саясаты жана диний уюмдардын мамлекетке тийгизген таасирин бири-биринен айырмалап карашыбыз керек. Муну менен катар акыркы мезгилде тез-тез айтыла баштаган диний радикализм түшүнүгү жөнүндө да айта кетишибиз керек. Мен диний радикализм деген сөзгө таптакыр каршымын.

Орто Азиядагы мамлекеттердин динге карата мамилеси ар түрдүү. 90-жылдардын башында Орто Азия мамлекеттери биригип бардык мамлекеттерде окшош болгон моделди, башкача айтканда, моделдик мыйзамды жазганга аракет кылышкан. Себеби, бардык Борбордук Азия мамлекеттеринде динге тиешелүү шарттар окшош эле. Бирок бул мамлекеттердин жетекчилери орток пикирге келе алышкан жок.

Анын үстүнө кийинчерээк Фергана өрөөнүндөгү абал да татаалдашып кетти. Бул чөлкөмдөгү абалдын өзгөрүшү мамлекеттерди дин саясатын кайрадан карап чыгууга жана светтик өзгөчөлүктөргө басым жасоого түрткү болду. Эң негизгиси, бул мамлекеттердин ар бири өз алдынча дин саясаты моделин түптөөгө киришти.

Динге таасир этүү жана динди көзөмөлдөп турууга аракет башталды. Башкача айтканда, көзөмөлдөнө турган динди негиздөөгө аракет жасалды. Өзбекстан мамлекетине мындай максатка жетүү анчейин кыйынга турбады. Себеби мурдатан, Союз убагынан бери эле Бухарада жана Ташкентте медресе жана исламий институт бар эле. Экинчиден, Тажикстан да өзүнүн салттуу диний мектебин жана түшүнүгүн негиздей алды.

Бишкек

Бишкек

Ал эми динге карата саясатын түптөөдө Казакстан менен Кыргызстан айрым кыйынчылыктарга дуушар болушту. Себеби башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда дин маселесинде аябай либералдуу мыйзамдык негиз түзүлгөн. "Жумшак" мыйзамдардын жана эске алынбаган кээ бир жагдайлардын айынан Кыргызстанда дин мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калган.

Ушул жерден сиздердин көңүлүңүздөрдү маанилүү нерсеге бургум келет. Айтайын дегеним, диний эркиндикти жарандар диний эмес, аймактардагы да эркиндик катары кабыл ала башташты. Тагыраак айтканда, диндеги чектөөлөргө карабастан, жарандар динди өз кызыкчылыгында, керек болсо саясий максатта колдоно башташты. Мисал катары Кыргызстандагы көп аял алуу маселесин айтсак болот. Негизинен көп аял алуу кандайдыр бир аялга жардам берүү максатында болушу керек, сулуу, жаш аялга өз кумары үчүн үйлөнүүгө болбойт да.

Дин жана саясат

Эгерде биз динди саясатка алып кирсек, анда биз динчилдер менен динчил эместердин карама-каршылыгына себеп болобуз же болбосо радикалдуу диний топторду пайда кылып алабыз. Андай топтор саясатта андан да көп укуктарды талап кылышат.

"Азаттык": Кыргызстанда мамлекеттин динге карата саясатына кандай баа бересиз?

Икболжан Мирсаитов: 2010- жана 2011-жылдан тарта мамлекет дин тармагына жаңы кебете-кешпир бере баштады. Бирок жалпы дин тармагына эмес, эң өкүнүчтүүсү, жалгыз гана ислам багытына көңүл бөлүүдө.

Эң маанилүү маселе, акыркы мезгилде мамлекет исламий чөйрөнү көзөмөлдөгөнгө аракет кылууда. Бирок ошол эле мезгилде исламдын да саясатташып жатканын байкоого болот. Мисалга айта турган болсок, мына Кыргызстанда муфтий деген ким өзү? Исламий жамааттын лидериби же болбосо саясий фигурабы? Эмне себептен муфтийдин статусу саясатташууда? Эмне себептен диний маселелерди, тактап айтканда, исламдык маселелерди саясатташтырып жатабыз? Негизи саясатташпоосу керек эле.

Кыргызстанда динге байланыштуу аябай актуалдуу талаш-тартыштар пайда болууда. Мисалы, диний белгилерди алып жүрүү жана диний кийимдерди, ошол эле хижаб кийүү маселеси саясатташууда. Булар билимсиздиктен улам болууда деп ойлойм. Светтикмин дегендер менен ошол диний атрибуттарды алып жүргөндөрдүн динди билбестигинин айынан ушундай нерселер пайда болууда.

"Азаттык": Бирок диндин таасири өсүп жаткан ушул чакта, мамлекет динди саясатташтырбай кое албайт да? Дин сыяктуу таасирдүү жана пайдалуу нерседен мамлекет кантип баш тартат эле?

Икболжан Мирсаитов: Айтайын дегеним, буга окшогон маселелерди муфтият эмес мамлекеттик органдар чечиши керек. Биз диний уюм болгон Муфтиятты саясий чөйрөгө киргизбешибиз керек. Диний маселелерди саясий талашка айландырсак, биз ошол талаш-тартышка байланып калабыз. Эгерде биз динди саясатка алып кирсек, анда биз динчилдер менен динчил эместердин карама-каршылыгына себеп болобуз же болбосо радикалдуу диний топторду пайда кылып алабыз. Андай топтор саясатта андан да көп укуктарды талап кылышат. Ошондуктан биз диний менен светтик жана саясий нерселердин чек арасын такташыбыз керек. Андай нерсени биз тактай элекпиз.

Мисалы, айт намаздардын борбордук аянтта окулушуна каршы болгон көп киши бар. Айт намаз окуу диний жөрөлгөбү же болбосо саясий иш- чарабы? Менин оюмча, көбүрөөк саясий мүнөзгө ээ. Себеби бул иш-чарага саясатчылар: шаар мэри, спикер жана башка жогорку кызмат адамдары катышып элге кайрылышат. Мындан сырткары борбордук аянт сыйынуу жайы болуп эсептелбейт.

"Азаттык": Анда мындай суроо туулат менде. Эгерде дин ушундайча саясатташып жатса, анда диний уюмдардын күндөн-күнгө дагы көбүрөөк талап менен чыгышы ыктымал. Айтайын дегеним, ушунчалык деңгээлге жетип калганыбыз динчилдердин жана диний жамааттардын ар түрдүү диний жана саясий талаптар менен чыгуусуна шарт түзүп жаткан жокпу?

Икболжан Мирсаитов: Ооба, албетте. Саясатчылардын динди саясатташтыруусу динчилдердин саясий талаптар менен чыгуусуна себеп болууда. Бирок, дин саясатташканы менен молдолор, дин кызматкерлери мыйзамдык актыларды, динге тиешелүү эрежелерди билишпейт. Мыйзамга ылайык үймө-үй кыдырууга же болбосо мектепти бүтө элек балдарга диний билим берүүгө тыюу салынган. Мыйзамдар аткарылбай жатат.

"Азаттык": Макул, бул маселе аябай актуалдуу. Эми сиз менен Кыргызстандагы диний жамааттар жөнүндө сүйлөшсөк. Менин оюмча, Кыргызстанда азыркы учурда үч негизги жамаат бар. Алар "салафийлер", "Таблиги жамаат" жана "Хизмет" кыймылы эмеспи. Кыргызстанда булардын кайсынысынын таасири күчтүү?

Икболжан Мирсаитов: Билесизби, бул жамааттардын бардыгы “импорттолгон” жамааттар болуп эсептелинет. Бул жамааттардын ар бири өзүнө тиешелүү жамаат мүчөлөрүнө ээ. Булардын ар бир өзүнө жараша тармакта таасирдүү. Ар биринин өзүнө жараша мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Булардын максаттарында да чоң айырмачылыктар бар жана өз ара катуу атаандашат. Мисалы, “Хизмет” кыймылы көбүнесе саясий максаттарды көздөйт жана саясий-экономикалык тармакта таасирдүү. Саясатта жана экономикада “жашыруун” максаттарга ээ. Ал эми "Таблиги жамаат" уюмунун өкүлдөрү атаандаш катары дал ушул “Хизмет” кыймылын көрүшөт.

Саясатчылардын динди саясатташтыруусу динчилдердин саясий талаптар менен чыгуусуна себеп болууда. Бирок, дин саясатташканы менен молдолор, дин кызматкерлери мыйзамдык актыларды, динге тиешелүү эрежелерди билишпейт.

"Азаттык": Эмне үчүн "Таблиги жамааттын" мүчөлөрү салафийлерди атаандаш катары көрүшпөйт?

Икболжан Мирсаитов: Себеби деобандизм идеологиясынын негизи менен салафизм түшүнүгү бири-бирине окшош. Ошол себептен "Таблиги жамаат" "салафийлерди" өздөрү катары көрбөсө да атаандаш катары эсептебейт. "Салафийлер" "Таблиги жамааттын" мүчөлөрүн ишеним жагынан түгөй бирок маалыматы жагынан, илимий жактан тайкы жамаат катары карашат. "Салафийлер" маалыматка маани берсе, "таблигчилер" үстүртөн маалыматка ээ болуу менен бирге практикага жана массалык жайылууга маани беришет.

Бирок мен бул жерде Орто Азиянын салттуу ислам тушүнүгү көз жаздымда калып жатканын айтар элем. Бул исламий түшүнүк Советтер Союзу убагында мечиттерде жана хужраларда калыптанган эле.

"Азаттык": Бирок бул мектеп, бул ислам түшүнүгү азыркы учурда канчалык таасирдүү?

Икболжан Мирсаитов: Бул ислам түшүнүгү жана анын өкүлдөрү болуп эсептелген салттуу түшүнүктөгү молдолор таасирдүү эле. Болгону алар саясаттан тышкары иш алып барууда. Саясатка аралашпаганы үчүн алардын таасири байкалбайт жана алар көзгө көрүнбөйт.

"Азаттык": Бирок өзү ошондой болушу керек да. Дин жана диний кызматкерлер саясатка аралашпаганы жакшы да.

Икболжан Мирсаитов: Ооба, чындыгында ошондой болушу керек. Бирок бул салттуу ислам түшүнүгүнүн өкүлдөрү саясатка аралашпаганы үчүн коомдон бөлүнүп калууда, бөтөн динчилдердин кейпин кийүүдө. Күн өткөн сайын жогоруда айтылган сырттан келген жамааттар менен булардын ортосунда пикир келишпестиктер күчөөдө.

Акыркы мезгилде Муфтияттын дааватчыларга карата жүргүзгөн саясатына, аларды колдоосуна нааразы болгон топтор бар. Аймактарда көптөгөн мечиттердин имамдары дааватчылар менен алмаштырылууда. Дааватчы имамдын келиши менен мечит жамаатынын белгилүү бир бөлүгү мечиттен кетип калууда. Үйлөрүнө кетип, ошол жактан намазын окуп, бири-бирине динди үйрөтүүдө. Мунун себеби алар дааватчыларды жактырбаганы үчүн эмес, алар дааватчылардын акыйдасы, ишеними бөлөк деп айтышууда. Дааватчынын хутпада маселе кылып жатып айткандарын туура эмес деп эсептешүүдө.

Бир нерсени унутпашыбыз керек. Биз Кыргызстанда жалгыз эле бир топтон түзүлгөн мусулмандар жамааты бар деп айта албайбыз. Бирок эң негизги маселе, биз диний чөйрөдөгү бул ар түрдүү жамааттарды, топторду билбейбиз.

"Азаттык": Анда бул жерде мамлекеттин саясатынын парадокстуу жагдайлары байкалууда. Мамлекет расмий түрдө салттуу ислам түшүнүгүн колдойм дегени менен сиз айткандай сырттан келген "таблигчилерди" колдоп жаткан жокпу?

Икболжан Мирсаитов: Эң туура. Мамлекет үчүн "Таблиги жамааттын" идеологиясы салттуу дин болуп эсептелет окшойт. Бирок төмөн жакта, катардагы мусулмандар арасында ушунун айынан бөлүнүп-жарылуулар болууда. Керек болсо, "Таблиги жамаат" өзү бөлүнүп кетти. Ошондуктан "Таблиги жамааттын" өзүнүн ичинде карама-каршылыктар болуп жатаса, өздөрүн өздөрү сындап бөлүнүп-жарылып жатса, анда башка жамааттардын "таблигчилерге" карата мамилесин айтпай эле коёюн.

Бир нерсени унутпашыбыз керек. Биз Кыргызстанда жалгыз эле бир топтон түзүлгөн мусулмандар жамааты бар деп айта албайбыз. Бизде ар түрдүү жамааттар, коомчулуктар бар. Ар биринин өзүнүн түшүнүгү, иш аракеттери, өзгөчөлүктөрү бар. Бирок эң негизги маселе, биз диний чөйрөдөгү бул ар түрдүү жамааттарды, топторду билбейбиз.

"Азаттык": Эгерде мамлекет жана Муфтият ушул көптөгөн жамааттардын, агымдардын ичинен бирөөнү гана колдоп жатса, анда башка жамааттардын мамлекеттен, коомдон, муфтияттан оолакташуусунун себеби ушул экен да.

Бишкек

Бишкек

Икболжан Мирсаитов: Бул нерсе башка мусулмандарды изоляцияга, оолакташууга жана нааразылыкка түртүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, Муфтияттын жана кээ бир мамлекеттик органдардын азыркы учурдагы саясаты мусулмандарды “биздикилер” жана “бөтөндөр” деп бөлүүдө. Өздөрүнүн “кишилери”, “жакындары”, “мусулмандары” пайда болууда. Ал эми “башкалар” менен “бөтөндөр” менен сүйлөшүүгө, иштешүүгө болбойт деген саясат жүрүүдө. Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү мындай абал жакшылыкка алып барбайт. Тескерисинче Муфтият өлкөбүздөгү ар түрдүү жамаат жана коомчулуктардын башын бириктирген борбордук мекеме болуусу керек эле.

"Азаттык": Акыркы мезгилде актуалдуу болуп бара жаткан дагы бир маселе жөнүндө пикириңизди билгим келет. Бул маселе "салафийлердин" айланасындагы талаш-тартыштар. "Салафийлер" боюнча кээ бир мамлекеттик органдар, ошол эле Дин комиссиясы үн чыгарбайт. Бирок күч органдары "салафийлердин" терс таасири жөнүндө айтышууда жана "салафийлерди" радикалдуу агым деп эсептешүүдө. Мындай жагдай мамлекеттин дин саясатынын чабалдыгын көрсөтүп жаткан жокпу?

Икболжан Мирсаитов: Биринчиден, "салафизм" бул эмне, "салафийлер" кимдер, эмнени максат кылышат, кандай жамааттары бар, эмне үчүн алар өздөрүн бөлөк алып жүрүшөт? Мына ушул суроолордун жообун азырынча эч ким билбейт.

Мындан сырткары салафизмге Кыргызстанда тыюу салынбагандыгы үчүн Муфтиятта "салафийлердин" өкүлү болушу керек да. Эң жок деген мамлекеттик органдар бул агымга, анын иш-аракеттерине баа бериши керек эле. Бирок, андай нерсе боло элек. "Салафий" деп аталган кээ бир уюмдарды, топторду жапкан менен эч нерсе чечилбейт. Эгерде андай уюмдардын негизинде согушчул идеологиялар жаткан болсо, анда ошол радикалдуу чакырыктар менен күрөшүү керек. "Салафизм" Кыргызстанда аябай аз иликтенген, изилденген агым. Тыюу салуу үчүн негиз болуусу абзел. Тыюу салынышына негиз болчу себеп керек да.

Ханафий мазхабы диалог аянтчасы болуусу шарт. Ушундай диалог аянтчасы азыр Кыргызстанда жок. Ушул себептен мечит жамааты мечитти таштап чыгып кетүүдө. Муфтият тараптан дайындалган имамдын жамаат ичинде кадыр- баркы жок.

"Азаттык": Бирок Тажикстанда, Өзбекстанда кантип тыюу салышты бул жамаатка анда?

Икболжан Мирсаитов: Алар бул агымды изилдеп чыгышып тыюу салышты жана өздөрүнүн салттуу дин түшүнүгүн "салафизмге" альтернатива катары сунушташты. Ал эми биз болсо, болгону былтыры ханафий мазхабын жана матурудий ишенимин альтернатива катары, өзүбүздүн концепт катары элибизге сунуштадык.

"Азаттык": Туура нерсе сунушталдыбы?

Икболжан Мирсаитов: Убакыт көрсөтөт. Биз азыр туура же туура эмес нерсе сунуштадык деп айта албайбыз. Бирок жоктон көрө жогору бул нерсе. Ханафий мазхабы менен матурудий ишеними бардык мусулмандардын башын бириктириш керек. Ханафий мазхабы диалог аянтчасы болуусу шарт. Ушундай диалог аянтчасы азыр Кыргызстанда жок. Ушул себептен мечит жамааты мечитти таштап чыгып кетүүдө.

Муфтият тараптан дайындалган имамдын жамаат ичинде кадыр-баркы жок. Натыйжада нааразы болгон тараптын саны өсүүдө. Ушундай абалда эмне кылуу керек деген суроо туулат. Ушул бойдон таштап коюш керекпи? Бөлүнсөңөр бөлүнгүлө деш керекпи? Бул нерселер жагымсыз нерселерге алып барышы толук мүмкүн.

"Азаттык": Эми, абал кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги жөнүндө сизден, аналитик, илимпоз катары божомолуңузду уккум келет.

Икболжан Мирсаитов: Чындыгында абал кандай өзгөрөрүн айтуу кыйын. Биринчиден, ар түрдүү жамааттардын ортосунда диалог мүмкүнчүлүгүн түзүү керек, деп ойлойм.

Экинчиден, баарыбызга белгилүү болгондой күн сайын чет өлкөлөрдө согушуп жүрүп кайткандардын саны өсүүдө. Аларды реабилитациялоого багытталган атайын программалар иштелип чыгышы керек. Себеби Кыргызстанга кайткысы келген, бирок кайта албай жаткан жарандарыбыз бар. Ошол эле мезгилде артка кайткысы келбеген, бирок кайтып келип жаткан адамдар да бар. Алардын үй-бүлөлөрү, жакын туугандары бар. Алар менен иштешүү керек. Үчүнчүдөн, Муфтият диалог аянтчасы болуусу керек.

"Азаттык": Бирок бул нерселер жөнүндө жыл сайын эле айтылып келет го?

Икболжан Мирсаитов: Ооба, жыл сайын эле айтылат. Бирок биз бул нерселерди ишке ашырмайынча жакшы нерселерди күтүүгө болбойт. Муфтият, бардык жамааттар менен мамиле түзүүгө жетишүүсү зарыл. Эң өкүнүчтүүсү, бул нерселердин ишке ашары жөнүндө биз кандайдыр бир белги көрбөй жатабыз. Муфтияттын мындай мүмкүнчүлүгү бар. Бирок буларды жасаш үчүн эрк керек, муфтийдин каалоосу керек. Өз убагында муфтий бардык жамааттар менен диалог курууга сөз берген.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG