Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Расмий катталбаган Мун сектасынын ишмердүүлүгүн жактаган адамдар бийликтин бийик сересинде отурганы айтылууда.

Ал эми Мун сектасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү деп аталгандар өздөрүн кыргыз экономикасына салым кошууну каалаган ишкерлербиз дешет.

Уруксатсыз иш жүргүзөт дешет

“Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов Мун сектасынын же болбосо “Биригүү чиркөөсүнүн” ишмердиги тууралуу мындай оюн билдирди.

- Кыргызстанда акыркы кезде түрдүү миссионердик уюмдар күч алды. Анын ичинен биз Мун сектасын мисал катары айтып жатабыз. Булар өздөрүнүн майда уюмдары аркылуу бизнес долбоорлорду сунуштап, ошол эле кезде катталууга аракет да кылган учурлар бар. Ушулар коомчулуктун, айрыкча байкоочулар чөйрөсүнүн тынчсыздануусуна негиз болду. Мун сектасы Францияда, Германияда, Европа биримдигиндеги башка өлкөлөрдө секта катары аныкталган. Бизде жана Казакстанда булар иштеп жатышат.

Кадыр Маликов
Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Мун сектасынын жактоочулары Кыргызстанда өткөн кылымдан акырында иш-аракетин баштаган. Бирок ушул күнгө чейин расмий каттоодон өткөн эмес. Демек өлкө аймагында иш жүргүзүүгө акысы жок.

Ага карабастан, кайрымдуулук уюмдар, түрдүү долбоорлор аркылуу мунчулар ишин жылдырып жатат - дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери Кубанычбек Абакиров:

- Мамлекеттик дин комиссиясында каттоодон өткөн эмес, анткени бул - секта. Расмий түрдө каттоого алуу да мүмкүн эмес болушу керек. Бирок булардын ишмердүүлүгү биз тараптан жана тиешелүү тартип коргоо органдары тараптан изилденип, анализденип жатат. Биздин мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы боюнча маалыматтар бар.

Беш жыл мурда бир окуя болду эле...

“Биригүү чиркөөсү” деп аталган федерациянын өкүлчүлүгү Кыргызстан Юстиция министрлигинен кайрымдуулук уюм катары каттоодон өткөн.

Аталган федерациянын 2006-жылы 22-июнда Токтогул атындагы Улуттук филармонияда өткөргөн жыйыны коомчулуктун бүйүрүн кызыткан эле. Анткени мамлекеттик кызматкерлер, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, академиктер жана депутаттар ал диний жыйынга катышып, ачыктан-ачык Мун сектасынын жөрөлгөлөрүн жасашкан. Алардын бир тобу Мун сектасынан “Тынчтык элчилери” деген даражалуу наам алууга да жетишкен.

Кезегинде Билим берүү министрлиги ректорлордун бул иш-аракетин катуу айыптаган болчу. Ошол учурдагы билим берүү министринин орун басары, азыр “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев беш жыл мурдагы окуяны мындайча эскерет:

- Тилекке каршы биздин интеллигенциянын эң алды болгон ректорлор, окуу жайлардын башчылары алданышып, бир топ жогорку окуу жайлардын, орто окуу жайлардын ресурстарын багындырып, аларга баш ийдирип беришкен. Биз ошого каршы чыкканбыз.

Осмоналиев Конституцияга каршы келген ишмердиги үчүн окуу жайлардын жетекчилерине чара көрүү аракети чоң тоскоолдуктарга учураганын айтат.

- Эч кандай чара көрүлгөн эмес. Чынын айтсам биздин күчүбүз жеткен эмес ал учурда. Себеби алардын артында абдан көп акча тургандыктан ошол кездеги бир топ депутаттар жана бийликтин эң жогорку бутагында турган адамдар бардыгын коргоп калган. Мендеги маалымат боюнча азыр деле Мундун жактоочулары Кыргызстандагы бир топ бийлик бутактарын кармап турушат.

Андан мурдарак жогорку деңгээлдеги жыйын Мун сектасынын негиздөөчүсү Сан Мён Мундун катышуусунда президенттик Ала-Арча резиденциясында да өткөн. Бул окуянын өзү эле Мун сектасы Бакиев башкаруусу учурунда жогорку бийлик бутактары менен канчалык камыр-жумур болгондугун айгинелеп тургансыйт.

Сырдуу компаниялар

Бишкектин тургуну Сайракан Бобушеванын уулу кореялык жарандар тарабынан түзүлгөн “Ю-Ти-Ай-Интернейшнл” компаниясында иштеген. Бобушева бул компанияны Мун сектасынын Кыргызстандагы өкүлдөрү түзгөн деген пикирде. Ал уулу иштеген компанияга бир ирет барып, кийингени, жүрүм-туруму бөлөкчө көрүнгөн кыргыз кыз-жигиттерди байкаган.

- Өзүнчө столдо башкача бир адамдар отурганын көрдүм. Кебетелери да бөлөкчө, кийингендери да бөлөкчө. Мен ошого кызыгып, “булар ким” деп уулуман сурадым. Балам: “булар Мун сектасынын мүчөлөрү. Ошол сектанын ишин билдирбей Кыргызстанда “Ю-Ти-Ай-Интернейшнл” жана “Ю-Ти-Ай-Глобал” деген ишканаларды түзүп алышкан. Адамдарды башын имерет, өз чиркөөлөрү бар” деп жооп берген.

"Мундар мурдагы режимдин тушунда чексиз колдоого ээ болушкан" – деп эсептейт Бобушева.

- Алар “кимде акча болсо бийлик ошодо” деп айтышат. “Биз кайсы гана кыргызды болбосун 50 долларга сатып алабыз” деп айтып жүрүшөт. Мен алар менен канча жолу талашып-тартышып, сүйлөшкөндө кайсы гана сотту, прокурорду жана тергөөчүнү болбосун сатып алабыз дегендерин уккам.

"Ата-Түрк" сейил багы
Расмий маалыматтарда “Ю-Ти-Ай-Интернейшнл” жана “Ю-Ти-Ай-Глобал” компанияларынын жетекчилери Ли Чонг Ко жана Ли Чонг У - түштүк кореялык бир туугандар. Алар Бакиев бийлигинин тушунда Президенттин алдындагы инвестициялык кызматташтык боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн байкоочу кеңешинин мүчөлөрү да болушкан.

Айтмакчы, ушул жылдын май айында Бишкектеги Ата-Түрк паркында “Ю-Ти-Ай-Глобал” компаниясына 5 гектар жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп берилгени боюнча кылмыш иши козголгону маалым.

2008-жылдын 24-июнунда Бишкектин мурдагы мэри Данияр Үсөновдун токтомунун негизинде 11,31 гектар жер мыйзамсыз бөлүнсө, анын 5 гектары вице-мэр Алексей Филатов тарабынан “Ю-Ти-Ай-Глобал” компаниясына 49 жылга берилген. Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев буларды билдирди:

- 2009-жылы ошол бөлүнгөн 11 гектар жердин беш гектары түштүк кореялык “Ю-Ти-Ай-Глобал” компаниясына бөлүнүп берилген. Бул "Жер жөнүндөгү" мыйзамды ордоно бузуу болуп саналат. Анткени мыйзамдардын негизинде бул категориядагы жерлерди узак мөөнөткө берүүгө мүмкүн эмес болчу.

Мындан эки ай мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Түштүк Кореянын жараны, “Ю-Ти-Ай-Глобал” компаниясынын жетекчиси Ли Чонг Унун жана анын жакындарынын виза убактысын кыскартып, Кыргызстандан чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине сунуш жиберген.

Данияр Үсөнов
Атайын кызмат бул адамдардын Кыргызстанда уруксат берилбеген Мун сектасына тиешеси бар экендигин негиз кармашкан. Ага нааразы болгон корей жарандары Кыргызстанда кээ бир мекемелер ишкерчилик кылууга тоскоол жаратып жаткандыгын айтып, парламенттеги Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетине даттанышкан. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков мындай дейт.

- Алар “Кыргызстанга кирели десек, виза бербей жатат, бизди сектанын башчысы деп жатат” дешти. Биз тактап көрсөк, ал эч кандай террордук же бир кара тизмеге кирген секта эмес экен. Ал адам эч убакта кылмыш да кылган эмес экен. Келсин, виза бергиле, эгер жаман адам болсо, кылмыштары болсо, камап салгыла дегем. Виза беребиз деген, билбейм, ошону менен эмне болду.

“Ю-Ти-Ай-Интернейшнл” компаниясынын деректири, Кыргызстандагы Мун сектасынын өкүлдөрүнүн бири деп саналып жаткан Ли Чон Конун өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Анын жубайы менен байланышсак суроолорубузга жооп берүүдөн сылык баш тартты. Ошондой эле мурда-кийин Мундар менен мамиле күтүп, байланышта болуп жүргөн айрым адамдар да пикир айтуудан баш тартышкандыгын кошумчалай кетели.

Адилет: Мундан пайда көп

Ал эми өзүн Мун агымынын мүчөсүмүн деп тааныштырган Адилет бул агымдан Кыргызстан үчүн пайда болорун белгилөөдө.

- Адамдардын күнүмдүк жашоосуна бул диндин жаман таасири жок. Тескерисинче, биз социалдык жактан муктаж адамдарга кайрымдуулук иштерин жасап келебиз. Чет өлкөдөн Кыргызстанга инвестиция алып келүү боюнча иштерди да жасап жатабыз.

Айткандай эле булардын Нарын облусуна мектеп куруп, кайрымдуулук иштерин жасаганы да белгилүү. Мун агымынын дагы бир мүчөсү, Бишкектин тургуну Канат айыптоолорду куру жалаа деп эсептейт.
Алар “кимде акча болсо бийлик ошодо” деп айтышат. “Биз кайсы гана кыргызды болбосун 50 долларга сатып алабыз” деп айтып жүрүшөт.

- Азыр биздин өлкөдө демократия да. Ар бир адам өзүнүн жакшы көргөн жана каалаган динине кирет. Мен мисалы мунистмин. Мен ушул динге эле барам. Башка да диндер бар. Мен бул дин жакшы, тиги дин жаман деп бөлбөйм. Ар бир дин өзүнчө жакшы.

Канат Мун агымынын жардамы менен тил үйрөнүп, ийгиликке жетишкендер бар экенин кошумчалады.

-Кыргыз кыздар-балдардын Кореяга барып, англис жана корей тилдерин үйрөнүшүнө жардам берип келет. Алардын жардамын көргөн балдар аябай эле көп.

90 жаштагы Сан Мён Мун ким?

Мун сектасы 1954-жылы түбү кореялык, кийин АКШ да жашап келаткан Сан Мён Мун тарабынан негизделген. Бул секта айрым өлкөлөрдө тоталитардык агымдардын катарында тыюу салынган. Ал христиан дининин негизинде бүткүл адамзатты бириктирүү боюнча концепцияны сунуштап, өзүн Иисус Христоско теңегенин айтышат. Диний ишмерлер, анын ичинде православ чиркөөсү Мунду христиан
динине чайкоочулук кылат деп айыпташат.

Бул агымдын бир эле учурда миңдеген адамдарды аянтка тизип алып, нике окуган сыяктуу жөрөлгөлөрү бар. Кыргызстанда бул жөрөлгөнүн катышуучусу болгон катардагы жарандар да, белгилүү адамдар да бар деп айтылып жүрөт. Ошондой эле бул агымдын мүчөлөрү жубай тандоо укугунан ажыратылып, диний лидер көрсөткөн адамдар менен гана баш кошот дешет адистер.

Мун агымы же “Биригүү чиркөөсү” дүйнөдөгү эң бай секталардын катарында турат. 90 жаштагы Сан Мён Мундун кол алдында курулуш, туризм, курал жасаган компаниялар жана бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары бар. 2008-жылы ага Орусия виза берүүдөн баш тарткан. Анын алдында Англия жана Германия каалгасын жапкан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG