Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Горький сейил багында Жапаровдун жактоочулары топтолууда


Бишкектеги Горький сейил багында Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чогулуп жатышат. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жапаровдун тарапкерлеринин бири Жанат Туратбековдун маалымдоосунда, Садыр Жапаровду кыргыз-казак чек арасындаагы "Ак жол" бекетинен тосуп алууга жактоочулары барган.

Маалыматтарга караганда, Горький сейил багында Садыр Жапаровдун 100гө жакын тарапкери чогулду. Эки жерде тең милиция кызматкерлери турушат.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин, УКМК күбө катары суракка чакырганын жарыялаган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG