Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Кыргызстандагы көп улуттуу аймактардын катарында саналган Ысык-Көл облусунда учурда 120дан ашык мечит бар. Алардын ичинде Каракол шаарындагы Мухтарулла, Ибрахим мечиттери эң байыркы мечиттер деп саналышат. Алардын бири 125, бири 106 жыл мурда салынган.

Мыксыз мечит

Эл ичинде дунган мечити деген ат менен белгилүү Ибрахим мечитин ушу тапта уйгур улутундагы Халмержан Могамедов актап, сырдап, ремонттоп жатыптыр. Муну ишкер мусулмандык парзымды аткарып жатам деп түшүндүрдү.

Шаардын башкы көчөлөрүнүн биринде жайгашкан бул мечитти Ибрахим аттуу дунгандын демилгеси менен кытайлык усталар 1904-1907-жылдары салышкан экен. Ага жараша жомоктогудай өзгөчө кооз, канаттуу имараттын ичинде жүзүм, анар сыяктуу жемиштердин сүрөттөрү, оюулар арбын. Төө кирпичтен жана жыгачтан тургузулган имаратка усталар бир да мык урбаптыр.

Мечиттин салыныш таржымалы тууралуу Каракол шаарынын имамынын орун басары Рустам Ыбыкеев айтып берди:

- Мечитти көрүп турасыздар, кытайлык форма менен салынган. Бир кытай устаны колунан көөрү төгүлгөн жыйырма кишиси менен алып келип (Ибрагим - ред.) салдырган экен. Карагайларын болсо биздин тоолордон эле алып келип, бутагы жогун, түзүн тандашып, кургатышып, кадимкидей тизип, анан табына келгенде аштап салышкан. Мыгы жок салынган дегендин мааниси – ашталган. Анан тамы болсо кадимки эле төө кирпичтен. Кара кирпич бар го. Самын аралаштырып жууруп, татынакай кылып куюп тургузушкан.

Рустам Ыбыкеев
Бул дунган мечитке 250-300 мусулман батат. Ушундай эле 500 кишилик мечит Казакстанда, 2000 кишилик мечит Кытайда бар дейт имамдын орун басары:

- Мындан үч-төрт жыл мурун Кытайдан дунган мусулман туугандар келип айтышты: “Кытайда ушул эле мечит бар, төрт канат. Ага 2 -2,5 миң киши батат” дейт. Эми тарыхында Кытайдагысы ушул мечиттердин башы, Казакстандагысы ортосу, бул аягы, куйругу делет. Эл оозундагы сөз ушундай.

Айрым маалыматтарда Ибрахим мечити 1929-жылдан 1947-жылга чейин кампа болгону, театр катары да пайдаланылганы айтылат. Азыр бул мечит жолдун удулунда болгондуктанбы, айтор, мусулмандар намаз окуганы эле эмес, башка себептер менен да көп кайрылат экен. Маселен, имамдын орун басарынын кабылдамасында турган дархандык (Жети-Өгүз району) Саякбек деген жигит бул жерге колукту табуу максаты менен келиптир:

- Мечиттер эми аллахтын үйү да. Дунгандын, орустун же кыргыздын мечити деп эч ким айта албайт да. Ар ким келип, кеңешин алып, милдетин аткарышат да.

- Өзүң азыр эмне максат менен келдиң бул жерге?

- Үйлөнүш керек болуп, мастурат карап, ыймандуу кыздарды карап келгем.

- Ыймандуу кыздар мечиттен башка жерде жок дейсиңби?

- Бар эми. Бул жерден кеңеш алыш керек да.

- Ким кеңеш берет?

- Мечитке кызмат кылгандар.

Рафхат карыя, Насыр сопу жана татар мечит

Элдин оозунда татарлардын мечити деген ат менен калган Мухтарулла мечитине биз барганда дигер намаз башталып, Насыр сопу азан чакырып жаткан кези экен. Насырдын атасы казак, энеси уйгур, бул мечитке көп жылдан бери кызмат кылат.

Намаздан кийин Насыр менен баарлашып, адегенде сопунун милдеттерине кызыктык:

- Мечиттеги тазалыкты карайм. Азанды беш убак намазга маалында айтып туруш керек. Сопунун милдети ошол. Мусулмандар ибадат кылып, тилек-дубаларын айтып, кудайга сыйынып кетип турушат.

- Көп келишеби? Кайсы учурда көп келишет.

- Аябай көп келишет. Бизге жума намазга, айт намазга, бешим намазга көп келишет.

- Татарлар көп келишеби?

- Бардык мусулмандар келишет. Бул Мухтарулла татар болгон үчүн ушундай. А чынында татар, уйгур, кыргыз, өзбек баары эле келишет. Бөлүнбөйт.

Татарлардын мечити деген ат менен белгилүү бул мечит Каракол шаарынын чок ортосунда жайгашкан деп айтса да болот. Төбөсүндөгү мечит деген жазууну эске албаганда эки кабат үйдүн эниндей бийик, калың дубалдуу, узатасынан салынган бул эски кабелтең имарат мечитке деле анчалык окшобойт. Мечит экендигин ажыратып турчу имараттын үстүнө курулган эки мунара Улуу Ата мекендик согуш маалында алынып салынган экен. Муну биз мечиттин чарба башчысы, согуш ардагери 84 жаштагы Рафхат карыядан уктук. Анын айтымында, бул Мухтарулла аттуу татар улутунун өкүлүнүн демилгеси менен курулган бул мечиттин башынан далай окуялар өткөн экен:

- Бул мечиттин тарыхы кандай? Эски мечит экени көрүнүп турат.

- 125 жыл мурда Уфадан 30дай татар үй-бүлө келип, отурукташып, жашап калышкан. Анан мечит салууну көтөрүшкөн. Алиги карагайларга 125 жыл болду. Чоң-Жаргылчактан (Жети-Өгүз району) кесип, таарып, пароход менен алып келишкен экен.

- Менин байкашымча сиз көргөзгөн сүрөттөн сырты айырмаланып турат. Эмне үчүн?

- Совет мезгилинде партиялык жетекчилер баарын сындыртып салышкан. Кийин кинотеатр кылышкан. 51-жылы 7 жылдан кийин армиядан келсем ушундай болуп калыптыр. Анан кинотеатрды шаардык аткаруу комитетине айтып атып кинотеатрды кетирдик, ремонт кылдык. Далайды көрдү бул мечит.

Ошентип татар карыя бүгүн мечитти канаттууга кактырбай, күнү-түнү күзөтүп турган кези. Буга өзү да, мечит башчылары да, келген мусулмандар да ыраазы. Анын айтымында, мечитти толугу менен калыбына келтиребиз деген демөөрчүлөр бар.

Жоголгон жана табылган мечиттер

Ушул эле татар мечитинен анча алыс эмес жерде өзбек мечити деген ат менен белгилүү дагы бир байыркы имарат болгон. Ал жерде азыр ураган дубалдар гана калган экен. Аны тарыхый эстелик катары калыбына келтирилеби-жокпу белгисиз.

Рафхат карыянын айтканына караганда, урап калган бул имарат Мухтарулла салган имараттан кыйла жашыраак болушу ыктымал. “Согуш маалында кампа катары пайдаланылып, ошол бойдон эле каралбай калган экен” дейт Рафхат карыя.

Каракол шаарында байыртан тогуз мечит болгон, алардын жетөө бүлүнүп калган, башка колго өтүп кеткен экен.

Кезинде кайсы улуттун өкүлү салса ошол улуттун мечити деген ат менен эл оозуна кирип кеткен мечиттердин сакталган экөө өз ээсине кайтарылганы 5-6 эле жыл болуптур. Бул тууралуу Шаар имамынын орун басары Рустам Ыбыкеев айтты:

- Кээ бир адамдар бул дунган мечити, бул татар мечити деп бөлө баштады. Чыгыш кичирайонуна Али мечити салынса аны кыргыз мечити дей башталды. Анан ал кезде Молдо Шакир деген облустук казыбыз бар эле. Ошого кеңешип, минте берсек улуттар ажырап кетет, шарыятта мындай болбойт деп, Куранда аллахтын аманатты өз ээсине кайтаргыла деген сөзү бар, аманат ээси өзү дунган болгону менен ушул мечиттин курулушуна себепчи Ибрахим ажы болуп калган да, анан атын ошо кишиге ыйгардык.

- Качан берилди?

- 2004-жылдан баштап ушундай атадык. Татар мечити да Мухтарулла деген кишинин темилгеси менен курулган үчүн ага бердик. Азыр эми биринчи мечит, экинчи мечит деп эле айтылат.

Ыбыкеевдин айтымында, булардан тышкары Караколдо бири он жыл мурда, экинчиси үч жыл мурда салынган Али жана Нур мечиттери да бар. Мечит кызматчылары мусулман динин туткан караколдуктар бул төрт мечитти улутуна карап иргешпейт деп ишендиришти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG