Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Курсан Асанов журналист Аслан Сартбаевди урганы айтылууда


Аслан Сартбаев
Аслан Сартбаев

Аслан Сартбаевдин атынан “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов 20-январда болгон бул окуя боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Турдукуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ички иштер министринин орун басары журналистти кафеде парламент депутаттарынын көзүнчө урган:

- Башкы прокуратура милицияны да тескөөчү орган. Ошондуктан, биз арызды прокуратурага жаздык. Биз алардан адилеттүү, көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, Курсан Асановду жоопко тартуусун суранабыз. Эгер журналист аша чапкан болсо, министрдин орун басары аны сотко берсе болмок.

Сартбаевдин маалыматы боюнча, министрдин орун басары журналист жетектеген "Азия Ньюс" гезитиндеги коллажга нааразылыгын ушинтип билдирген.

Азырынча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул тууралуу маалымат бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG