Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Жакында Бишкекте жаңы борбордук мечиттин курулушу башталат. Ага жалпысынан 10 млн. доллар каражат сарпталмакчы.

Жакында Бишкекте жаңы борбордук мечиттин курулушу башталат. Ага жалпысынан 10 млн. доллар каражат сарпталмакчы. Байкоочулардын айтымында, Кыргызстан мечиттердин көптүгү боюнча мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен алдыга озгон.


Он миң киши сыйчу жаңы мечит курулат


Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан мурдагы Ысык-Көл кинотеатрынын жанындагы жер жаңы мечиттин курулушу үчүн мындан төрт жыл мурда берилген. Ал мечиттин орду жалпысынан 3 гектардан ашык жерди ээлейт. Мечиттин курулушуна жардам катары деп, 2009-жылы мусулмандар марафон жолу менен 13 млн. сом чогултушкан. Бирок мечиттин 10 млн. долларга белгиленген жалпы чыгымын Түркия мамлекетинин диний башкармалыгы өз мойнуна алган. Буга чейин мечиттин жер төлөсү казылганы менен, курулушу али башталган эмес.

Анын себебин муфтияттын алдындагы мечиттерди куруу бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Пазыловдон уксак:

- Мечиттин курулушу башталайын деп жатканда былтыркы окуялар болуп кетпедиби. Ошонун айынан курулуш токтоп калган. Президенттик шайлоо өткөндөн кийин келип, баштап калышабы деп үмүт кылып турабыз. Мечиттин узуну 100, туурасы 50 метр болот. Ошондо жалпы чыгымына болжолу 10 млн. доллар сарпталат.

Мечит 10 миң кишиге ылайыкталып жатат. Ал эми анын орду мындан жүз жыл мурда христиандардын мүрзөсү болгон. Бирок анын ордуна мечит курууга боло тургандыгын Пазылов билдирди.

- Биз бардыгы менен кеңешкенбиз, диний кызматкерлер, орустардын чиркөөсүнө барып, диний өкүлдөрү менен да сүйлөшкөнбүз. Бишкек шаарынын мэриясында жерге берүү кызматы бар. Алар менен эгер сөөктөр чыкса,кайра көмүүнү сүйлөшкөнбүз.


Мечиттердин көптүгүнө шаардыктар эмне дейт?


Эгемендик алгандан тарта Кыргызстанда мечиттердин саны болуп көрбөгөндөй өскөндүгүн белгилешүүдө. Ошол эле кезде айт намаздарда бишкектиктер мечиттерге батпай, он жылдан ашык убакыттан бери эски аянтта окуп келишет. Ушундан улам жаңы мечит курууга зарылчылык болуп жаткандыгын айтышууда. Анткен менен жаңы мечиттин курулушуна көп улуттуу шаардыктардын ою бир кылка эмес.

- Атым Акмат, мечит курулуп калса аябай эле жакшы болот. Бала бакырага, кирип чыккандарга пайдалуу. Буйруса эң чоң иш башталганы жатат.

- Аты-жөнүм Надежда Михайловна. Бизге тигил жактан, бул жактан, Гоголь көчөсүндөгү мечиттен кыйкыргандар угулат.


- Атым Өзүбек. Эми мечит деген жакшы эле да зыяны жок. Азыр өзү да руханий деградацияга туш келип жатпайлыбы.

Борбордо 40тан ашык мечит бар. Айрым шаардыктар болсо мечиттердеги үн күчөткүчтөрдүн жардамы аркылуу катуу добуш менен азан айтылганына каршы.

Бишкек шаарынын тургуну Сыргак Карабалаевдин айтымында, ал жаш балдарга терс таасир этиши мүмкүн.

-Мечиттин жанында жашаган үйлөрдөгү жаш балдар, жаңы төрөлгөн балдардын чочуу маселесин айткым келет. Анүстүнө таңкы саат төрттө айтышат. Микрофондорду жаңыртып алып, аябай катуу айтышат. Бул баарына эле жакпайт да.

Казакстанда тыюу, Кыргызстанда...


Кыргызстанда мечиттер менен бирге кооомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде да намазканалар ачылууда. Маселен, быйыл эле жылы Жогорку Кеңештин имаратында намазкана ачылды. Ошол эле кезде кошуна Казакстан ушул аптада мамлекеттик мекемелерде, жогорку окуу жайларда жана ооруканаларда намазкана ачууга мыйзам аркылуу тыюу салды.

Казак мамлекетинин бул аракетин саясат талдоочу Санжар Тажыматов мындай баалады.

-Казакстанда жасалып жаткан иштер мурдагы Советтер Союзунда жасалып келген иштердин калдыгы деп ойлойм. Себеби динди коомго интеграциялаш керек. Аны тыюу менен эч качан жакшы жолго бара албайбыз. Дал ошол тыюу салуунун жана куугунтукка алуунун негизинде динди радикалдаштыруу маселеси курчуйт. Тескерисинче, бул ислам дининдегиби, же башка диндегиби радикализмди күчөтөт.

Казак бийлиги бул аракетин диний экстремизмдин алдына-алуу аракети менен байланыштырууда. Адисттердин пикиринде, Кыргызстанда дин эркиндиги башка мамлекеттерге караганда жакшы жолго коюлган. Анткен менен коркунучтар да жок эмес. Айрым байкоочулар ал коркунучтардын алдын албаса, өлкө бүтүндүгүнө, коомдун туруктуулугуна терс таасир этиши мүмкүндүгүн боолголошууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG