Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Муфтийдин тасмасы талкуу жаратты


Рахматулла ажы Эгембердиев Кыргызстандын муфтийлигине 2012-жылы 15-декабрда шайланган.
Рахматулла ажы Эгембердиев Кыргызстандын муфтийлигине 2012-жылы 15-декабрда шайланган.

Интернетте Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге байланыштуу чуулгандуу видео тасма тарады.

Анда Мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисине түспөлдөш адам жаш аял менен сүйүү ышкысына батып жатканы жашыруун тартылган. Муфтий Рахматулла Эгембердиев өзү азырынча комментарий бере элек. Бирок бул окуя муфтиятка байланыштуу ар кандай талкуу жаратты. Мындан толук бир жыл мурун Эгембердиев муфтий болуп шайланаар алдында бийликтеги айрым адамдардын жана атайын кызматтын кысымына кабылганын айтып чыккан эле.

Белгисиз жагдайлар

Жаңы жыл алдында интернетке чыгып кеткен бул чуулгандуу тасма тууралуу Рахматулла Эгембердиев, же муфтияттын маалымат кызматы азырынча расмий түшүндүрмө тарата элек. Муфтийдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Тасма качан жана кандай жагдайда тартылганы, андагы аялдын кимдиги да азырынча белгисиз. Канткен менен бул тасма коомчулуктун аны көрүп калган өкүлдөрүнүн ортосунда чоң талкууга жем таштап отурат.

Өзүн Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси деп атаган Бакыт Нурдинов бул окуя диний чөйрөнү нес кылганын айтууда:

- Азыр өтө чоң талкуу болуп жатат. Аалымдардын баары нес болуп жатышат. Абал оор, эмне деп айтаарын азыр биле албай жатат. Мындай окуя эми биринчи жолу болуп жатат да. Ушул абалга түшкөнүбүз жанды кейитет.

Бул чуулгандуу тасма бийликтеги айрым адамдар менен муфтий Эгембердиевдин тымызын тиреши тууралуу кеп-сөздүн да учугун чубап чыкты.

Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Орозбек Молдалиев “Азаттыкка" бийлик-муфтият кармашы жөнүндө айтылгандарды жокко чыгарды. Анын билдиришинче, бул маселе боюнча бардык тарап жыйынга чогулган жана анда негизинен Кыргызстан Мусулмандар башкармалыгынын ичиндеги кырдаал тууралуу сөз болгон:

- Булар өздөрүн “курмандык” катары көрсөтүп, ар кандай сөздөрдү айтып жүрүшкөнүн мен деле уккам. Бийлик муфтият менен тирешип эмне кылат, диндин ички маселесине кийлигишпейт, кимди муфтий шайласа ошол болсун деген маселе да. Жогорку Кеңештеги вице-спикер Төрөбай Зулпукаров чогулткан жыйында да, молдокелер, адегенде өзүңөр ынтымактуу болгулачы, деп айтканбыз. Эмнеден улам проблема болуп жатат? Анткени билимдери бирдей, бир кылка муун өсүп чыкты. Баары эле муфтий болгусу келет. Эмнеге ал кызматка умтулуп атат деген суроонун артында баягы эле ажылык туруп жатат. Ал жерде 4-6 миллион доллар көмүскө киреше бар.

"Муфтий руханий лидерге айлана алган жок"

Жогорку Кеңештеги Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиевдин баамында, ар кыл себептерден улам муфтият түзүлгөндөн тарта өлкө мусулмандары үчүн таасирдүү инсанга айлана алган жок:

- Муфтий деген гана ат бар. Биз соңку жыйырма жылда аны кастарлай албай жатабыз. Кептин баары ушунда болуп жатат. Биз элдин 83 пайызы мусулмандар деп жатабыз. Бирок мурунку президенттердин тушунда, азыр деле кээ бир мүчүлүштүктөр болуп жатат. Биздин муфтий руханий лидерге айлана алган жок. Бирок ошондой болду деп эле ажылык, арабдардын кандайдын бир фонддору үчүн, жаман нерселерге кириптер кылдырып, аны элге жарыялап жатканыбыздын өзү биздин элибиздин аң-сезими союздагы атеисттик доордон бери руханий дүйнө менен сиңишип, калыптана электигин көрсөтүп турат. Мага муфтий андай болуптур, тигиндей болуптур деген сөздү угуу өтө өкүнүчтүү.

Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев бул окуянын эки тарабын айтууда:

- Биринчиден Кыргызстандын Баш мыйзамында ар бир жарандын эркин жашоосуна, анын купуялыгына кепилдик бар. Ошол эле учурда ушундай жогорку кызматтын жоопкерчилиги деген да маселе бар. Себеби анын артында канча мусулман турат.

Рахматулла Эгембердиевди муфтийликке шайлоо чуу менен коштолгон болчу. Ал былтыр 15-декабарга белгиленген мусулмандар курултайына бир күн калганда бийликтеги айрым адамдар жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет шайлоого катыштырбоо максатында кысымга алып жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган. Ошол күнү атайын кызмат Эгембердиев менен мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу кылмыш иш козгогон. Бул иш боюнча сот процесси азыр да аягына чыга элек.

P.S: Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев бул тасма чыккандан эртеси, 1-январда "Азаттыкка" тасмадагы аял ак никелүү жубайы экенин билдирди:

- Тасмадагы адам мен экенимди танбайм, бирок ал менин никелүү жубайым менен болгон ички мамилебиз. Мен тасмадагы жубайым менен төрт жылдан бери жашайм. Башкысы - Кудайдын алдында акмын. Менин жеке жашоом, жубайым менен болгон мамилем кимге кызык болуп жатканына абдан таң калдым.

Ушул эле күнү видео тасмадагы айымдын ата-энеси да видео кайрылуу жасап, муфтий Рахматтулла ажы Эгембердиев күйөө баласы экенин, кызы менен төрт жылдан бери чогуу жашап жатканын айтышты.
XS
SM
MD
LG