Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Уламалар кеңеши жаңы муфтийдин милдетин аткарууга Рахматулло ажы Эгембердиевди шайлады. Дагы бир талапкер Руслан ажы Жумагулов колдоо тапкан жок.

16-июлда Чубак ажы Жалилов кызматын тапшыруу боюнча Уламалар кеңешине арыз жазды. Ал өз чечими тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Менин билдирүүмдүн негизги өзөгү - мен муфтийлик аманаттан-кызматтан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жаздым. Арызымда "мен эки жыл иштедим, ушул мезгилде жасаган иштериме ыраазы болуңуздар, мындан ары башка иштер менен алек болоюн, мага уруксат бериңиздер" деп сурандым.

Бирок Чубак ажы Жалилов кызматтан кетүү себебин так ачыктаган жок. Анын айтымында, мындан ары ислам дини жаатында илимий иштер менен алектенет.

Чубак ажы Жалилов 17-июлга Уламалар кеңешинин кезексиз жыйынын чакырганын, анда жаңы муфтий шайланышы керектигин кошумчалады.

- Уламалар кеңешинин кезексиз жыйыны болгондо бир гана маселе каралат: бул - Уламалар кеңеши менин арызымды канааттандырган соң жаңы муфтийди шайлашы керек.

Мусулмандар дин башкармалыгынын уставы боюнча муфтийдин арызы кабыл алынгандан кийин жаңы адам келгенче анын милдетин биринчи орун басары аткарат.

Учурда Чубак ажы Жалиловдун биринчи орун басары - Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов.

Атаандаштардын тиреши

16-июлда Мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлери да жыйынга чогулуп, акыркы түзүлгөн кырдаалды талкуулоо максатында Уламалар кеңешин чакыруу зарылдыгын белгилешкен.

Буга чейин болсо өздөрүн демилгелүү топ атаган адамдар Чубак ажы Жалиловду кызматтан кетирүү талабы менен чыгып, атүгүл өздөрүнүн атаандаш муфтиятын жана анын башчысын дайындашканын айтышкан болчу. Буларга 16-июлда түштүк облустардан да адамдар келип кошулганын демилгечилердин бири Токтобай Назаралиев айтты.

- Руслан ажы Жумагуловду убактылуу муфтий кылып отургузуп, ага батабызды бердик. Алайдан, Баткенден, Жалал-Абаддан аксакалдар келди. Биз аны Убактылуу кылып отургузгандан кийин 17-июлда Уламалар кеңешинин жыйынын саат алтыга чогултуп жатабыз.

Бирок атаандаш муфтият түзүү, анын жетекчисин шайлоо эч бир эрежеге жана мыйзамдарга туура келбей турганы жана анын эч кандай макамы жоктугу айтылууда.

2010-жылы 5-июнда ал кездеги муфтий Сүйүн ажы Кулуев сабалып, күч менен кызматтан четтетилгени айтылган. Руслан ажы Жумагулов ошондон кийин үч ай Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып, Чубак ажы Жалилов шайланганга чейин иштеген болчу.

Эл арасында ал тууралуу бир топ терс сөздөр тараганын Жумагулов өзү да ырастап, аларга тиешеси жоктугун белгиледи:

- Мураталы ажы Жумановду да бизден көрдү, Сүйүн ажы Кулуевди да бизден көрдү. Интернетке да журналисттер мени “черныйлардын паханы” деп чыгарышты. Бирок Аллага шүгүр, өкмөт да, УКМК да, ИИМ да, Дин иштери боюнча комиссия да азыр мени актап, тазалап чыгышты.

Көз кызарткан орун

Ошол эле кезде жаңы муфтий сөзсүз бийликтин көңүлүнө төп келген, алардын көзү түз адам болору белгиленип, азырынча эки талапкердин ысымы аталууда. Айрым маалыматтарга караганда, Уламалар кеңешинин жыйынында Абдышүкүр Нарматов менен Руслан Жумагуловдун талапкерлиги сунушталары күтүлүүдө.

Ал аралыкта муфтийди ажылык зыяратын уюштуруу иштери жүрүп жаткан чакта алмаштыруу терс натыйжаларга алып келет дегендер да жок эмес. Маселен, “Ажылык жана умра" борборунун кызматкери Бакыт Нурдинов муфтий арыз жаза электен мурда “Азаттыкка” буларды белгилеген:

- Муфтиятта абал кандай болсо, баары ошого жараша болот. Эгер бийлик кийлигишип, муфтийди иштетпесе, анда абал кыйындайт. Биз түзгөн ажылыкты уюштуруу боюнча жаңы системаны башкача кылабыз дешсе, анда башаламандык башталат. Баары башаламан болот.

Нурдинов зыяратчыларды Мекеге алып баруучу авиакомпания жакынкы аралыкта такталбаса, убакыттан уттурабыз дейт. Буга чейин расмий муфтият анын жетекчисин алмаштыруу демилгесин айрым бийлик адамдары менен жылда ажылыктан пайда көрүп жүргөн ажы башчылар көтөрүп келаткандыгын айтышкан.

Ал эми серепчи Кадыр Маликовдун айтымында, Чубак ажы Жалиловдун күтүүсүздөн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы бир аз шашылыш кабыл алынды. Ал муфтийдин арызы Уламалар кеңеши тарабынан кабыл алынар-алынбасы али белгисиз экендигин айтат.

Серепчи орозонун алдында жана ажылыкты уюштуруу иштери жүрүп жаткан чакта туруктуулук зарылдыгын белгилөөдө. Маликов муфтийлик орунга көз арткан бир канча топтор жана адамдар бар экендигин белгилеп, Мусулмандар дин башкармалыгына уюшма кылмыш топтордун, жеке максатты көздөгөндөн адамдардын келишине бөгөт коюп, татыктуу жетекчи дайындоо зарыл деп эсептейт.

2010-жылы апрель окуясынан кийин өз арызы менен кызматтан кеткен Мураталы ажы Жумановду апрель айынын акырында белгисиз адамдар уурдап кетип, чоң көлөмдө акча талап кылганы, ур-тепкиге алганы белгилүү болгон. Ошондон кийин көп өтпөй ал оорудан улам каза тапкан. Кээ бирлер анын көптөн бери ооруп жүргөнүн белгилесе, айрымдар анын сабалышы ден соолугуна оор зак келтиргенин айтышат.

Жумановдон кийин Дин башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарган Абдышүкүр Нарматов 10 күнчө иштеп, белгисиз себептерден улам өз арызы менен кеткен. Андан соң муфтиятка келген Сүйүн ажы Кулуев да көп өтпөй сабалып, күч менен четтетилгени айтылган болчу. Сүйүн ажы Кулуевден соң Руслан ажы Жумагулов үч ай кызмат өтөп, андан кийин Чубак ажы Жалилов шайланган.

Апрель окуясынан кийинки тез-тез алмашкан убактылуу муфтийлерди эске албаганда Чубак ажы Жалилов эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бешинчи муфтий. Маселен, Мураталы ажы Жумановдон башка да кезинде бул кызматты Садыкжан ажы Камалов, Кимсанбай ажы Абдрахманов жана Абдусатар ажы Мажитов аркалаган. Алардын ичинен Кимсанбай ажы Абдрахманов эки ирет дайындалып, эки жолу тең бул кызматтан бошотулган. Серепчилер Кыргызстанда муфтийдин алмашуусуна жана дайындалуусуна бийлик, ошондой эле башка түрдүү күчтөр таасир этип келатканын айтып жүрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG