Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Муфтиятта реформалык иштердин алкагында бир топ жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов билдирди.

Бир-эки айдын аралыгында Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтүшү да күтүлүүдө. Анда диний башкармалыктын жаңы жобосу кабыл алынат. Кыргызстанда муфтиятты реформалоо талабы өткөн жылдан бери көтөрүлүп келүүдө.

Диний агымдар учур көйгөйү


Кыргызстанда ислам дининдеги агымдар көбөйүп, коомдо бул маселенин маанилүүлүгү артып бараткандыгы айтылууда. Муфтий Чубак ажы Жалилов муфтияттын алдындагы диний агымдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчилиги бул жааттагы кесипкөй адис менен алмаштырылып жаткандыгын белгиледи. Анын түпкү максаты муфтияттагы жасалып жаткан реформага байланыштуу экен.

- Бул реформанын негизинде болуп турат. Азыркы учурда агымдардын ишмердүүлүгү күчөп турган убак. Ошондуктан бөлүм башчыны башка жакка котордук, азыр ал орун бош турат. Ал жерге андан да жигердүү иштей турган, агымдар менен иштөө боюнча адистиги болгон кадр издөөнүн үстүндөбүз. Бул өтө маанилүү болгон үчүн бул бөлүмдүн ишин атайын бир муфтийдин орун басарына бекитип берүү жагы да каралууда.
Чубак ажы Жалилов Эски аянтта айт намазы убагында, 10-сентябрь, 2010-жыл

Мындан тышкары муфтиятта жаңы дайындоолор да болду. Рустамбек Гулматов өз вазийпасынан бошотулуп, Чет элдик студенттер менен иштөө кызматына бекитилген. Ал эми Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси болуп Рахматулла Эгембердиев, Коомдук мекемелер менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчилигине Марат ажы Усупов дайындалган.

Диний башкармалыкта реформа жүрүшүн жактап келаткандардын бири - Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов. Ал диний башкармалыктын учурдагы жобосун жаңылоо менен муфтийдин укуктарын чектөө керектигин белгилөөдө.

- Муфтий каржы маселесин да өзү чечип калган. Уламалар кеңешине да өзү төрага болуп алган. Эски системада муфтият премьер-министр сыяктуу аткаруу укуктарын да өзүнө алып алган. Ошон үчүн алдыга жылган эмес.

Такталбаган укук-милдеттер

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын 2010-жылдын 18-октябрындагы буйругу менен реформалык комисия түзүлгөн. Ал комиссиянын эксперттик тобу өз иликтөөсүн жүргүзүп, жыйынтыгында 2009-жылы кабыл алынган жободо бир топ кемчиликтер бар экенин белгилеген. Маселен, алар “диний башкармалыктагы Курултай, Уламалар кеңеши, Муфтият башкармалыгы, Текшерүү комиссиясы, Иш башкармасы сыяктуу негизги бийлик бутактары жалгыз муфтийге баш ийген монархиялык-авторитардык системага топтолгон” деген жыйынтыкка келишкен.

Ошондой эле имамдардан тарта муфтийге чейинки кызмат адамдарынын милдет-укуктары мыйзамдык жактан такталбаганына көңүл бурушкан. Диний башкармалыкта бирдиктүү максат, тартип-эреже болбогондуктан диний кызматкерлердин арасынан “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу радикал уюмдун мүчөлөрү да чыгып жаткандыгы эскертилген. Бир сөз менен айтканда ал жобо кризистик деп сыпатталып, жаңысын иштеп чыгуу керектиги баса белгиленген.

Чубак ажы Жалилов реформалардын алкагында диний башкармалыктын жаңы жобосу иштелип, ал үчүнчү баскычында экендигин айтты. Уставдын бүткөнүнө жараша Кыргызстан мусулмандарынын курултайы чакырыларын да кошумчалады.

- Кээде курултай өткөрүлүп, бирок бир айдан кийин курултайдын мааниси жоголуп калган учурларды соңку тарыхыбыздан эле көргөнбүз. Биз өткөргөн курултай мааниси тез эле жоголбостон, кыргыз элине, Кыргызстан мусулмандарына кызмат жасагыдай болсун деп, ыңгайлуу учурду жана жобонун жазылып бүтүүсүн да күтүп жатабыз.

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы - мусулмандардын жогорку органы. Анда жобону өзгөртүү сыяктуу негизги маселелер каралат.

Бийликтин динге мамилеси

Муфтият жасап жаткан реформаларды өз алдынча ийгиликтүү жүргүзө аларынан күмөн санагандар да жок эмес. Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин теология бөлүмүнүн башчысы Эрмек Бектуров бул иштерде мамлекеттин колдоосу да керек дейт.

- Түркиянын моделин алсак жакшы болмок. Себеби Түркияда мамлекет имамдардын маянасын төлөп берет. Диний окуу жайлардын, медресе жана ислам университеттеринин материалдык базасына жардам берип, окуу программалары кандай түзүлүп жатат, ошондой эле аларды кандай мугалимдер окутуп жатат деген сыяктуу маселелердин баарына мамлекет өзү кызыкдар болуш керек.

Реформалык иштерден тышкары быйыл муфтияттын мойнунда ажылыкты уюштуруу сыяктуу чоң милдеттер да турат. Аны уюштуруу оңой-олтоң иштерден эмес экендиги буга чейинки тажрыйбалардан белгилүү. Былтыркы ажылыкты уюштуруу ишин өкмөт өз мойнуна алып, айрым бийлик жетекчилеринин коррупциялык иштерге аралашканы аныкталган. Ушундан улам мыйзам аркылуу ажылыкты уюштуруу иши муфтиятка биротоло өткөрүлүп берилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG