Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Кыргызстанда мусулмандар башкармасынын жетекчисине байланыштуу окуя саясий талкууга чыкты. Жаатташкан тараптарды депутаттар жараштырууга аракет кылды.

28-июнда муфтияттагы талаш-тартышка арнап уюштурулган тегерек үстөлгө бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана эксперттер катышты.

Анда бир даары Чубак ажы Жалиловду кызматтан алуу демилгесин көтөрсө, башкалары буга каршы чыгышты. Жыйынтыгында жолугушууда эки тарап бир пикирге келип, тил табыша алган жок.

Муфтийге доомат көп

Муфтиятка каршы болуп, бир канча митингдерди өткөрүп, мамлекеттик жетекчилерге арыз менен кайрылып келаткандардын бири - Жыпарбек ажы Тойчубеков. Анын айтымында, Чубак ажы Жалилов кызматын бекемдеп алгандан соң, берген убадаларын унутуп, жаңыланууга барбай жатат.

- 2010-жылдын аягына чейин муфтиятта реформа жасайм деген, бирок кылган жок. Жаңы устав да кабыл алалы дегенбиз. Башында жакшы башталып, төрт уставдын долбоору даяр болгон, бирок бири да кабыл алынган жок.

Тойчубековдун айтымында, Кыргызстан мусулмандарынын башчысы Чубак ажы Жалилов ондогон кызматтык кемчиликтерди кетирген. Анын сөздөрүн башкалар да колдоп, ажылыкты уюштурууда, адамдарды кызматка алууда жана бошотууда, илим-билим, шарият багытында, ошондой эле эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө муфтий бир топ катачылыктарга жол бергенин белгилешти.

Дин таануучу, муфтияттын ишмердүүлүгүн сындап келаткандардын дагы бири Асан ажы Саиповдун билдиришинче, Чубак ажы Жалилов орундуу эскертүүлөргө жана кемчиликтерге кулак салбай келатат.

- Биз аны түзөтүүгө аракет кылып, айтып жатабыз. Бирок ал укпай келатат. Мына жакында эле бир катар мусулман жетекчилери өз ара сүйлөшүп, ынтымакка келүү тууралуу сүйлөштү. Бирок мыйзам талаасында муфтият тарабынан эч кандай иштер жүргөн жок.

“Мусулмандардын курултайын өткөрүүнү кечиктирүүдө, толук мыйзамдуу муфтий эмес” деген айыптар коюлуп, Чубак ажы Жалиловду алмаштыруу демилгеси да козголду. Бирок буга айрым ислам дининин өкүлдөрү каршы.

“Акыл, эс, рух, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылдаев азыркы муфтийди кызматына татыктуу адам деп санайт.

- Мен бүгүнкү муфтийдин ордун баса турган татыктуу адамдарды көрө албай турам. Балким мен жаңылып жаткандырмын.

Талаштын артында ким турат?

Буга чейин да маалымат каражаттары аркылуу тараптар бирин-бири айыптап, оор дооматтарды коюшкан болчу. Муфтияттын өкүлдөрү "бийлик жетекчилери Чубак ажы Жалиловду алмаштырууга аракет кылып жатат" деп айтып чыгышкан. Бирок аны бийлик өкүлдөрү куру жалаа деп атап, коомчулуктун пикирин бурмалоо аракети катары баалаган.

Ал эми тегерек үстөлгө президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин, ошондой эле муфтий Чубак ажы Жалиловдун да келери күтүлгөн. Бирок экөө тең жыйынга түрдүү себептер менен келишкен жок.

Диний башкармалыктын өкүлү Негматулла Жээнбеков муфтиятта алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын белгилеп, коюлуп жаткан сындарды орунсуз деп атады. Ал диний башкармалык учурда чет элдик уюмдардын каржылык көз карандысыздыгынан кутулганын, бул чоң олжо экендигин айтты.

- Араб мамлекети жардам берсе, ал максатын ишке ашырыш үчүн өзүнүкүн айтат экен. Ирандыктар, түрктөр болобу, өздөрүнүн кызыкчылыгы болот экен. Алардын кызыкчылыгы болгондон кийин мамлекетке да, салттуу ислам динибизге да, элибизге да тетири жактары тиет экен. Аларга көз каранды болбойлу деп, ошол тескери жактарды токтотуп жатабыз. Диний башкармалык өзүн каржылап, дин, мамлекет, эл үчүн иштеп берели деп, бир топ жакшы нерселерди жасады.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов муфтияттын айланасындагы талаш ажылыкты уюштурууга барып такалат деген ойдо.

- Кептин баары Чубак ажыда эмес. Кептин баары ажылыкты уюштурууда акча алып көнүп калган адамдардын кулкунунда болуп жатат.

Түрдүү сунуштар айтылганы менен жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынбай, тараптар өз пикиринде калды.

Бул жыйын Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин имаратында өттү. Айрымдар диний маселенин мечитте, же мусулмандар дин башкармалыгында эмес, башка жерде чоң талкууга түшүп жатканы исламдын беделин түшүрүүдө деп санашат. Бир жагынан анчалык чоң талкуусу жок эле, сүйлөшүү жолу менен чечиле турган иштин ырбап кетиши ислам интеллигенциясынын калыптана электигине да байланыштуу дегендер бар.

Бул тегерек үстөлдү “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, парламенттеги Билим, илим, маданият, дин жана спорт комитетинин башчысы Каныбек Осмоналиев түшкөн арыздарды эске алып, калыс иретинде уюштурган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG