Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Кыргызстанда өздөрүн демилгелүү топ атаган адамдар атаандаш муфтият түзүү демилгеси менен чыкты.

Алар муну расмий мусулмандар Дин башкармалыгынын башчысы Чубак ажы Жалилов иш жүзүндө чабалдыгын көрсөтүп, бирок кызматтан чегинбей жатканы менен түшүндүрүүдө.

Ал эми мамлекеттик органдар атаандаш муфтий түзүү Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептешет.

Атаандаш муфтият боз үйдө болот

Өздөрүн демилгелүү топ атаган он чакты адам эки күндөн бери атаандаш муфтият түзүү, мусулмандар диний башкармалыгынын алдында боз үй тигүү демилгесин көтөрүүдө. Алардын бири Жыпарбек ажы Тойчубековдун айтымында, бул демилге менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга да кайрылып, колдоо табышкан.

- Ошолордун кагазынын жана чечиминин негизинде биз атаандаш муфтият түзүп жатабыз. Биз буга чейин мыйзам талаасынан чыккан эмеспиз. Мыйзам талаасынан азыр да чыкпайлы деп, боз үй тигүүнүн жолун издесек, анын жолу жок экен.

Ал атаандаш муфтияттын башчылыгына Руслан ажы Жумагуловду камдап отурушканын айтты:

- Азыркы муфтийге тең ата боло ала турган Руслан Жумагулов деген бар. Ошону убактылуу муфтий кылабыз.

Руслан ажы Жумагулов 2010-жылы муфтий Сүйүн ажы Кулуев сабалып, күч менен кызматтан четтетилгенден кийин келип, үч ай Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарган. Андан соң уламалар кеңеши ал кызматка Чубак ажы Жалиловду шайлашкан болчу. Бирок бул демилгелүү топ Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтий болуп бекий электигин жүйө кармап, аны толук мыйзамдуу эмес деп келатышат.

Ошондой эле атаандаш муфтият түзүүнү диний башкармалыктын иши солгундап кеткени менен түшүндүрүшүүдө. Бирок боз үй тигүүгө шаардык бийлик да уруксат берген эмес. Жыпарбек ажы Тойчубеков:

- Биз боз үйдү ушул жерге тикмейинче кетпейбиз. Аны тигип жатканыбыздын бир гана максаты бар: бул муфтият иштебегендиктен ага атаандаш муфтият түзөлү деп жатабыз. Ошол атаандаш муфтият иштеш үчүн анын кеңсеси болуш керек да. Анан булар муфтиятка киргизбесе, атаандаш муфтият ушунун жанында болуш керек. Боз үйдү тигип, аны атаандаш муфтияттын убактылуу кеңсеси кылабыз.

Муфтият камырабайт

Ал эми ондон ашык милиция кызматкери муфтияттын айланасындагы тартипти күчөтүлгөн көзөмөлгө алышууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болсо атаандаш муфтияттын түзүлүшүнө каршы. Аталган мекеменин башчысы Абдилатиф Жумабаев “Азаттыкка” атаандаш муфтиятка уруксат берилди дегенди четке какты.

- Бизден каттоодон эч ким өткөн жок. Андай нерсе бизден каттоодон өтүшү да мүмкүн эмес. Алар бизге ушул сыяктуу иш жасайбыз деп кайрылган. "Бизди муфтий укпай жаткандан кийин ушундай кылып жатабыз" деген. Аларга мен “борбордук башкаруу бузулбаш керек, ал бузула турган болсо, ар бир аймак өзүнүн муфтиятын ачып, Орусияда 81 муфтият болгондой, бытыранды болуп кетет. Андай кылууга болбойт” деп жооп бергем.

Ал эми Мусулмандар дин башкармалыгы муфтиятка жана Чубак ажы Жалиловго каршы жасалган аракеттерди ажылыкты уюштурууга байланыштырышат. Алардын айтымында, буга бир топ жылдан бери ажылыктан пайда көрүп келаткандар жана айрым бийлик адамдары шыкакчы болууда.

Диний башкармалыктын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев мекемеде толук кандуу иш жүрүп жатканын айтты.

- Бул боюнча эч кандай деле түшүндүрмө бере албайбыз. Азыр демократия деген заманда “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп, аны ушундай түшүнүп, каалаган ишин кыла берет экен. Муфтияттын алдына келип боз үй тигеби, же балык бышырып жешеби, бул боюнча эч нерсе айта албайбыз. Алардын өздөрүнүн иши. Биз өзүбүздүн ишибиз менен алекпиз, муфтиятта толук кандуу иш жүрүп жатат.

Буга чейин айрым коомдук ишмерлер жана депутаттар жаатташкан тараптарды жараштыруу, бир үстөлгө отургузуу аракеттерин жасашкан болчу.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG