Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Түркиянын Анталия шаарында жардыруу болду


Түркиянын Анталия шаары туристтик аймак болуп эсептелет.
Түркиянын Анталия шаары туристтик аймак болуп эсептелет.

Түркиянын Жер-Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Анталия шаарында жардыруу болду. Бул тууралуу Рейтер агенттиги маалымдады. Кабарда жарадарлар бар экени маалымдалууда, азырынча алардын так саны белгисиз.

Жардыруу Соода-өнөр жай палатасынын автоунаа токтоочу жайында болду. Ассошиэйтед пресс агенттигинин маалымдашынча, жардыруу калаа мэри катыша турган жыйындын алдында болду. Азырынча окуянын себептери тактала элек.

Соңку алты ай ичинде Түркиянын ири шаарларында бир катар теракттар уюштурулду.

Алардын айрымдарына бийлик “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларын, ал эми башкаларына күрт согушкерлерин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG