Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстандын казылары бийликтен азыркы муфтийди жана муфтиятты коргоп берүүсүн суранып чыгышты. Алар тиешелүү органдар динге байланыштуу ар кандай нерселерди сүйлөп чыккан, муфтиятка тиешеси жок адамдарды тыйышы керек деп эсептешет.

Башында казылар айланчыктап, мусулмандарды, жалпы элди ынтымакка чакыруу үчүн келишкенин айтышты. Соңуда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев агынан жарылды. Казылар муфтий менен муфтиятты коргоп берүү суранычын бийликке билдиришти.

- Кептин ачыгын айтканда, казылар кайрымдуулук кылып, бүтүн журт уксун инсандарга топук берсин деп айтканы келдик. Бокту адеп чукуй берсе сасыйт, мындан пайда чыкпайт. Ушул убакытка чейин муфтиятка токмок, таяк тийип жаткандарын билесиңер. Биз жогорку органдардан, өкмөт башчылардан ушуну көзөмөлдөп, муфтиятты да коргоп берүүнү суранабыз. Бири-бирин сыйлашсын, кечиришсин. Өйдө-төмөн чукуштун деле кереги жок.

27-сентябрда Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин башчысы Бакыт Нурдинов ажылыкты уюштуруу ишинде муфтият өз алдынча боло албай, ар кандай кызыкдар күчтөрдүн туткунунда калганын айтып чыккан. Ошондой эле муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулло Эгембердиевди былтыр зыяратчыларга виза саткан деп күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылган.

- Быйыл Кыргызстанга жылда берилчү кошумча 500 орун берилбей калды. Сауд Аравия берүүдөн баш тартты. Бул Эгембердиевдин кадыр-баркынын өтө түшкөндүгүн далилдейт. Экинчиден, уюштуруу иштери чар-жайыт жүрүүдө.

Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз ажы Сагындыков тиешелүү органдар динге байланыштуу ар кандай нерселерди сүйлөп чыккан муфтиятка тиешеси жок адамдарды тыйышы керек деп эсептейт. Буга байланыштуу өз ара сүйлөшүүлөр муфтияттын түшкө чейинки жыйынында да талкууланган экен.

- Бүгүн муфтиятта кээ бир инсандар менен сүйлөшүүлөр болду. Башында катуу-катуу кыйкырышуу, урушуу, бири-биринин кемчиликтерин чукуу менен башталды. Анан "кой, биз мусулманбыз, арабызда ажы, динге кызмат кылгандар бар, биз ушинтип жатсак башкалар эмне болот" деп кучакташып, жыйынтыктадык. Кээде динге, муфтиятка деле тиешеси жок адамдар мыйзамсыз ишти талкуулай берет. Ошондойлорду өкмөт чакырып, тынчтыкты сактагыла деп айтып койсо болот демократияны шылтоолоп тим койбой.

Анткен менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдулатип Жумабаев казылардан буга байланыштуу кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Ал дин аралык араздашуу болтурбоо үчүн чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

- Негизинен кадрдык, жеке маселелерде бизге түздөн түз арыз келип түшмөйүнчө чара колдонулбайт. Бирок дин ичинде же дин арасында араздашуу болбош үчүн өз тарабыбыздан чара колдонобуз. Эгер уруп, сабап кетет деген коркунуч туулуп жаткан болсо, тартип коргоо органдары карайт.

Талаштын төркүнү

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 16-июлда кызматтан кеткенден кийин Рахматулла Эгембердиев анын милдетин аткарып калган. Эми декабрь айында мусулмандардын курултайында муфтийди шайлоо өтөт. Дин таануучу Бакыт Мурзараимов бул талаштар шайлоого байланыштуу да болушу мүмкүн деген ойдо.

- Муну азыркы менен мурдагы муфтийдин жеке адамдары, колдоочуларынын, жактоочуларынын ортосунда пикир келишпестик бар деп баалаш керек деп ойлойм. Убактылуу муфтий деле ошондой саясат жүргүзүп жатат, бул ачык эле болуп жатпайбы. Жактоочуларын облустук казыларга шайлап дегендей. Мурдагылар деле ошондой кылган. Бул саясий оюн катары бааланып жатат. Бирок диний чөйрөдө мындай нерсе болбош керек. Мындан ары эмне кылабыз деген келечек пландарды талкуулаш керек.

Кыргызстанда буга чейин муфтий уурдалып, сабалып, күч менен кызматтан четтетилген учурлар кездешкен. Акыркы эки жылда эле бул орунга беш киши алмашты. Алсак 2010-жылы Мураталы ажы Жуманов муфтийлик милдеттен өз каалоосу менен кеткенден бери муфтийдин милдетин аткаруучу болуп үч киши - Абдышүкүр ажы Нарматов, Сүйүн ажы Кулуев, Руслан ажы Жумагулов биринен сала бири алмаштырылганы белгилүү.

Муфтийликти тапшыргандан кийин маркум Мураталы ажы Жумановду белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, коркутуп-үркүтүп, ири суммада акча талап кылышкан. Андан соң бул кызматка келген Сүйүн ажы Кулуев сабалып, кызматтан четтеген.

Быйыл жайында демилгелүү топ Чубак ажы Жалиловду кетирүү үчүн атаандаш муфтият түзгөнүн айтып чыккан. Мындай окуянын көбү каражат көп түшчү ажылыкты уюштуруу иштеринин алдында чыгат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG