Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Спикер муфтияттын ички ишине кийлигишип жатабы?


Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков Курман айт намазында. Бишкек, 26-октябрь, 2012
Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков Курман айт намазында. Бишкек, 26-октябрь, 2012

Өздөрүн укук коргоочу атаган бир катар адамдар Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков муфтияттын ички ишине кийлигишип жатканын айтып чыгышты.

22-сентябрдагы билдирүүсүндө алар ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди өз ыйгарым укугунан аша чаап, диний башкармалыкка таасир этип жатат деп айыпташты. Бирок Жээнбеков менен Молдалиев дооматтар негизсиз экенин, аларды атайын уюштургандар жана шыкактагандар бар экенин айтышууда.

Саналган дооматтар

Өздөрүн укук коргоочу атаган жаштардын бири Келдибек Аскаралиевдин маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков муфтияттагы кадр маселесине аралашууда. Ошондой эле ал азыркы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин дайындалышына спикер Асылбек Жээнбеков түздөн-түз таасир көрсөткөн деген ойдо:

- Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун түздөн-түз кийлигишүүсү менен жакында анын айылдашы Жеңиш Бекиев муфтияттын бугхалтериясына ишке кирген.

Келдибек Аскаралиев мамлекеттик жетекчилер Кыргызстандагы диний кырдаалды талкуулап, бир катар тапшырмаларды берген Коргоо кеңешинин чечимдерин аткарбай, аны жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жатат деп эсептейт. Ошону менен бирге ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди муфтияттын ички ишине кийлигишип жатат деп да айыптады.

- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев да муфтияттагы борбордук текшерүү коммиссиясынын мыйзамсыз иштеп жаткан мүчөлөрүн калкалап келүүдө.

Келдибек Аскаралиев баштаган адамдар Кыргызстанда иш алып барып жаткан “Таблиги жамаат” уюмун да сынга алышты.

- Дааватчылар -“Таблиги жамаат” уюму биздин мамлекетибизден башка Казакстан, Орусияда экстремисттик уюм деп таанылган. Бизде болсо аларды аткаминерлердин, депутаттардын деңгээлинде калкалап келе жатат. Булар түздөн-түз саясатка кийлигишүүдө. Токтомушев ар кимди дайындап, дааватчы эместерди жумуштан бошотушууда, - дейт Аскаралиев

Баягы эле ажылыктан чыккан чырбы?

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун маалымат катчысы Нурканбек Керимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, спикер Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын ички ишине кийлигишип жатат деген билдирүү чындыкка коошпойт. “Келдибек Аскаралиевдин билдирүүсү бир тараптуу жана атайын максатты көздөгөн мүнөздө болуп турат”, - дейт Керимбаев.

Буга чейин да бир катар диний жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү Дин иштери боюнча комиссиянын директору Орозбек Молдалиевдин атына доомат коюп, ажылыкты уюштуруу ишине тикелей аралашып жатат деп айыпташкан.

Орозбек Молдалиевдин пикиринде, ажылык сапар учурунда чыккан мындай билдирүүлөр ажылыкты уюштуруу ишине аралашпай калгандардын таарынычы жана жеке кызыкчылыгы. Ал быйыл ажылыкты уюштуруу иштери абдан таза жүрүп жатканын айтты:

- Тексттерин, сөздөрүн карасаң, баарыныкы тең эле эгиз козудай окшош. Муну уюштуруп жаткандар да бар. Анткени быйыл ажылыкта булардын колуна эч нерсе тийбей калды. Ар кандай билдирүү менен чыгып жаткандар өздөрү уюштурбаса да, ушундай сөздөрдү айткыла деп алардын артында тургандар бар. Мисалы, булар укук коргоочубуз деп чыгып жатышат. Андай укук коргоочу бар экенин мен дегеле уккан эмес экем.

Ал эми муфтияттын ишине, кадр маселесине мамлекеттик чиновниктер жана депутаттар аралашып жатат деген сөздөрдү муфтий Максатбек ажы Токтомушев да четке кагууда:

- Чынын айтканда, мындай деп айтуу уят нерсе го. Элдин баарынын көзү бар, баары карап турат. Эч кандай аралашуу болгон жок. Коргоо кеңешинин чечиминде мамлекеттик органдар, өкмөт менен муфтият чогуу иш алып барсын деп айтылган. Азыр кеңешүү, кызматташуу менен иш алып барып жатабыз. Кадр маселелерине аралашууда, буйрук берүүдө деген сыяктуу сөздөрдүн баары жалган жалаа. Ал эми бухгалтердин дайындалышына төраганын кыпындай да тиешеси жок. Муфтиятка кесипкөй бухгалтерди алып келдик. Бүгүнкү күндө муфтияттын эсептери иреттелип, тазаланып, ачык-айкын кылынып жатат. Ушунун баары кесипкөй бухгалтердин иши.

Муфтий “Таблиги жамаат” боюнча айтылган дооматтарга мындайча жооп берди:

- “Таблиг” деген бул жеткирүү. Ким элге диний жакшылыкты жеткирип жаткан болсо, ошону “Таблиг жамаат” деп айтат. Бул коом, уюм же жамаат эмес. Ар бир мусулмандын элге жакшылыкты жеткирүүсүн “таблиг” деп койот. Кудайга шүгүр, алар бүгүнкү күнгө чейин саясатка каршы болуп, же бирөөнү өлтүргөн, бир жерди жардырган ишке аралашкан жок. Тескерисинче элди ынтымакка чакырып, жакшы иш кылып жатса, аны көрө албагандар бар экен да.

Муфтий Максатбек Токтомушев жогоруда айтылган дооматтар боюнча 23-сентябрда атайын маалымат жыйынын да өткөрдү.

Ажылык боюнча айта кетсек, учурда кыргызстандык ажылардын көпчүлүгү Меке шаарына жетти. Зыяратчылардын акыркы тобу Кыргызстандан 27-сентябрда учуп кетет. Быйыл Сауд Арабия Кыргызстанга 3680 орун бөлгөн.

XS
SM
MD
LG