Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Мурзараимов: Диний билим берүүдө тартип керек


Теолог Бакыт Мурзараимов Кыргызстандагы бир да диний окуу жайдын аккредитациясы жок шартта Ислам академиясын ачуу тууралуу муфтияттын демилгесине байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Кыргызстанда Ислам академиясын ачуу зарылчылыгы канчалык?

- Муфтият өлкөдөгү диний кырдаалды жөнгө салуу үчүн ушундай кадамга барып жатат. Бирок буга чейин ачылып, азыр иштеп жаткан диний окуу жайлардын бири да (1 университет, 8 институт, 60тан ашуун медресе) мамлекеттик аккредитациядан өтө элек. Маселе ушунда.

Бул өтө маанилүү. Себеби медресе-институттардын азыркы саны бул окуу жайларда билим алууну каалагандардын саны көп экенин көрсөтүүдө. Бул багытка талап күчтүү. Демек суроо-талапты канааттандырыш үчүн аккредитациядан өткөрүп, окууну бүткөндөн кийин ошо жарандар дипломдуу болуп, каалаган жеринде ишке орношо ала тургандай шарт түзүү керек. Антпесе чала сабат болуп, ар кандай багыттагы агым, секталарды ачкан жөнөкөй курстарынан окуп, өлкө ушундай баш аламандыкка кептелүүдө.

- Аккредитациянын жоктугуна эмне себеп?

- Укуктук негиздин жоктугу. Аккредитация алыш үчүн окуу жай көптөгөн сыноодон өтөт. Билим берүү талабына жооп береби, жокпу, тиешелүү шарт түзүлгөнбү же жокпу? Мунун баары текшерилет. Ошондо көбү талапка жооп бербе албай калышы мүмкүн. Андайлар дароо жабылат. Демек айрымдар атайын эле аккредитациядан качат. Сынактан өтөйүн дегендер да бар. Бирок мыйзамдык негиз жок. Андыктан мектепке дин таануу, дин маданияты деген сабактарды киргизип, окутуу заман талабы болууда. Муну тез арада ишке ашырыш керек.

- Так илимдерди да окутуп...

- Албетте. Пилоттук негизде кээ бир медреселерге астрономия, математика сыяктуу сабактарды киргизип көрүш керек. Бул боюнча деле сөздөр айтылууда, бирок чыгынып жасалган кадам жок. Орто кылымдарда так илимдер диний билимдин жанында окутулуп келген. Кийин гана диний илим четке кагылып, так илимдер алдыга чыгып кеткен. Өзгөчө совет мезгилинде үгүт жүргүзүлүп, бизде биротоло ошондой түшүнүк калыптанып калган.

Президент Алмазбек Атамбаев айткандай, мисалы, Түркияда деле жакшы өрнөк бар. Ал жердеги диний окуу жайларда математика жана башка так илимдер окутулат. Бизде да ошондой шарт түзсө болот.
XS
SM
MD
LG