Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстанда бир катар диниятчылар Жогорку Кеңешке кайрылып, өлкөдөгү диний абалды курчутуу аракеттери болуп жатат деп тынчсыздануусун билдирди.

Дин өкүлдөрүнүн бул кайрылуусунда соңку мезгилде ислам жана диний окуу жайлар негизсиз сындалып жатканы айтылат.

Муфтиятка караштуу диний окуу жайлардын өкүлдөрүнүн 27-декабрда Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусунда соңку мезгилде өлкөдөгү диний абалды атайын курчутуу аракеттерине кабатырлыгын билдирген.

Дин өкүлдөрүнүн жүйөсүндө, ислам дининин дарегине негизсиз сындар айтылууда. Буга кошумча диниятчылар “Диний билим берүү жөнүндө" мыйзамдын демилгечилери Каныбек Осмоналиев менен Ирина Карамушкинаны мечит, медреселердеги чыныгы абалды билбей туруп, курулай доомат артып жатат деп айыпташууда. Мындан улам дин өкүлдөрү Жогорку Кеңеш депутаттарын ислам динин каралоо аракеттерин токтотууга көмөктөшүүнү суранышкан.

Диниятчылар айыптаган Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина сындар негисиз экенин айтууда:

- Мен мындай сокку болорун күткөм. Себеби биз мыйзам аркылуу диний коопсуздукту сактоого жана учурда эч ким көзөмөлдөбөгөн билим берүү мекемелерин ыраатка келтирүүгө аракет кылып жатабыз. Биздин аракет исламга каршы эмес, исламдын атын жамынган ар кыл агымдарды көзөмөлгө алууга багытталган. Ал эми айрым адамдарга бул аракет жакпай жатат. Ага карабай биздин өлкө демократиялуу жана дүниябий өлкө экенибизди далилдешибиз керек.

Карамушкина айтып жаткан “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору быйыл Жогорку Кеңешке сунушталып, биринчи окуудан кабыл алынган. Ага ылайык, диний билим берүүчү окуу жайларга бирдиктүү стандарт киргизилип, алар милдеттүү түрдө Билим берүү министрлигинен лицензия алуулары керек болот.

Мыйзамдын демилгечилери учурда өлкөдө 90дон ашык диний билим берүү мекемеси бар экенин, аларды көзөмөлгө алуу керектигин байма-бай айтып келишкен. Ал эми дин өкүлдөрү Жогорку Кеңешке кайрылуусунда мыйзам демилгечилери жооп кайтарып, диний мекемелер мыйзамдын алкагында иштеп жатканын билдирген.

Дин жаатындагы эксперт Данияр Мурадилов болсо, диниятчылардын тынчсыздануусун орундуу деп эсептейт. Анын айтымында, айрым депутаттар дин өкүлдөрүнүн пикирин эске албай, өз эрежелерин киргизүүгө аракет кылууда:

- Албетте мыйзам керек. Бирок учурда сунушталган мыйзам долбоору бир жактуу болуп калган. Анын мүнөздөмөсүнө карасак, мамлекет диний окуу жайларды же жалпысынан динди өз колуна алгысы келип жатат. Же басып алууга аракет кылып жатат десек да болот. Бул дүниябий мамлекет деп аталган Кыргызстан үчүн туура эмес болуп калат.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов мындай пикирге кошулбайт. Мырзаибраимовдун пикиринде, диний чөйрөдөгү айрым мыйзамдын канчалык маанилүү экенин түшүнбөй жатышат:

- Учурда диний окуу жайлар канчалык мыйзам бузбай иштеп жатабыз дегени менен аларды аяктаган балдар Билим берүү министрлигинин атайын аттестатын ала албай жатышат. Башкача айтканда, диний окуу жайларды мыйзамдаштыруу керек болуп турат. Айрымдар мына ушуну түшүнбөй жатат.

Чоң-Таш, 16-ноябрь, 2011-жыл

Чоң-Таш, 16-ноябрь, 2011-жыл

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө диний кырдаал оор экенин, абал дыкат көзөмөлгө алынышы керектигин бир нече жолу билдирген болчу:

- Диний кырдаал бүткүл дүйнөдө оор. Өзгөчө, араб өлкөлөрүндө, Борбор Азияга мындай маселе келип калды. Бул маселени абдан кылдат караш керек. Мен президенттик мөөнөтүм бүткөнчө диндин өнүгүшү башка бир нукка түшсө, туура бир калыпка келсе деген оюм бар. Аны мен жашырбай эле айтып келем.

Ошондой эле президент диний кырдаал боюнча маселе жакын арада Коргоо кеңешинин жыйынында да караларын кошумчалаган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG