Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Имам: Диний чалкештикте күнөөм бар


Кыргызстан үчүн салттуу саналган исламдын ханафи мазхабы, анын диний түшүнүктөрү жайылбай жатканына имамдарды да күнөөлөшөт.

Кыргызстан үчүн салттуу саналган исламдын ханафи мазхабы, анын диний түшүнүктөрү жайылбай жатканына имамдарды да күнөөлөшөт.

Кыргызстанда имам деген ким, ал эмне иш аткарат жана жеке жашоосу кандай? Диний экстремизм менен күрөшүүдө аларга мамлекет кандай талаптарды коюп келүүдө? Радикал диний топтордун пайда болушунда имам-молдолордун күнөөсү канчалык?

Бул суроолорго Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылынын имамы Эсенаман Байгелдиев жооп берди.

Азаттык: Имамдыктан башка кесибиңиз барбы?

Байгелдиев: Эми биз Союз убагында чоңоюп калбадыкпы. Союзда башка кесипте элем, атап айтканда радист-метеоролог кесиби боюнча окугам. Ал боюнча бир аз иштеп калдым. Анан Союз тарап кетти. Азыр болсо негизги ишим-молдолук.

Азаттык: Канча айлык аласыз?

Байгелдиев: Имамчылыктын айлыгы жок. Муфтияттан да, мамлекеттен да каралбайт.

Азаттык: Молдо болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

Байгелдиев: Эми өкүнүч болот да. Кантип болбосун. Эми бул жерде эки чоң нерсе бар: бири материалдык, экинчиси руханий. Материалдык жактан эң жакыр катмар эле ушул имам да. Орусча айтканда, “между двух огней”, бир жагынан эл, бир жагынан мамлекет. Ортодо эч бир колдоосу, жөлөгү жок, накта патриот биз...

Азаттык: Ал эми руханий жагы дегениңиз ал кандай?

Байгелдиев: Рухий жактан деле оор да, анткени бул пайгамбарлык кесип. Бир айылдын жамандык-жакшылыгынын милдетин алыш да оңой эмес. Кээде участкалык милиционердин да кызматын аткарабыз...

Азаттык: Кандайча?

Байгелдиев: Анткени уруштарга ортомчу катары катышып калып жатабыз. Үй-бүлөлүк уруштан баштап, балдардын, деги эле бардык эле уруштарга катышып жатабыз да, чакырып калышат. Өзүбүздүн айылдагы аксакалдар сотунда да мүчөмүн. Ушул айылдын болгон бүт жамандык-жакшылыгына аралашып келе жатам. Эми көбүнчө данакерлик кылабыз, ортодо туруп, эки тарапты эпке келтирген, кол алыштырган иштемин да.

Азаттык: Акыркы кезде радикал жамааттар, агымдар көбөйдү деп, мамлекеттик кызматтар, муфтият, молдолор айтып келе жатат. Радикал агымдардын күчөшүндө сиз өзүңүздү күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?

Байгелдиев: Сөзсүз өзүмдү күнөөлүү сезем. Айылдагы дин иштерине жоопкер катары Кыргызстандагы бардык эле имамдар өздөрүн күнөөлүү сезсе керек. Себеби алдын ала иштер жүрбөгөнү үчүн ушундай кесепеттер келип чыгууда. Үгүт-насаат иштери жок. Мамлекетибиздеги имамдардын теңинен көбү сабатсыз. Медреседен атайын диний билим алган эмеспиз, же бир дүнүйө илимибиз жок. Адеп-ахлагыбых, жүрүм-турумубуз жакшы болгон үчүн эле молдо кылып коюшкан. Ошондуктан бул нерсеге даяр болбогондуктан, диний жааттагы кооптуу жагдайдын түзүлүшүнө биз да себепкербиз.

Азаттык: Муфтияттан эмнени күтөөр элеңиз?

Бишкектеги айт намаздардын биринде бата тилеп жаткан тартип кызматкерлери.

Бишкектеги айт намаздардын биринде бата тилеп жаткан тартип кызматкерлери.

Байгелдиев: Мен башка кесипти аркалаш, башка жумушту кылыш оңой, бирок имам болуш оор деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде “мамлекет айылдан башталат” деп, бардык эле ураандарда дайыма айтылып келе жатпайбы. Ошол сыңары дин дагы айылдын имамынан эле башталат экен. Имам канчалык билимдүү болсо, ишин да жогорку даражада алып барса, ага жараша мамлекетибизде да ошончолук диний түшүнүк болмок. Муфтияттан биз талап кылгандай жооп келбей жатат. Мына мен канча жылдан бери имам болуп келатам, эң жөнөкөй газета албайм. Жумасына бир жолу теледен чыккан “Жума кутбасын” көрөбүз. Болгон байланышыбыз ушул.

Азаттык: Сиздин ордуңузга илимдүүрөөк, жашыраак бирөө келсе ордуңузду берет белеңиз?

Байгелдиев: Сөзсүз. Сүйүнүп бермекмин. Мен бул ишти өзүмдүн жон терим менен сезип, түшүнүп калдым. Чоң кубаныч менен өткөрүп бермекмин.

Азаттык: Жададыңызбы?

Байгелдиев: Ооба. Бул иш бир адамдын кызыкчылыгы болбош керек экен, буга жамаатташып киришиш керек экен.

Азаттык: Мамлекеттен эмнени күтөт элеңиз?

Байгелдиев: Мамлекет дин кызматкерлерине айлык акы, маяна төлөш керек. Азыр бардык жерде, мисалы мектептин кароолчусу деле айлык алат да, ал эми имамдардын эч биринде айлык жок. Муну мен түбү тешик чакага суу куйган менен салыштырат элем. Эл, мамлекет бизден-имамдардан көп нерсени талап кылат, бирок имамдарга берген эч нерсе жок.

Медресени бүткөн балдар башка жакка кетип калбай, бир аз акчага кызыгып Орусияда иштебей, өз айылдарына, туулуп – өскөн жерине кызмат кылышын каалайт элем. Ошолорду кармап тургудай, талаптарына жооп бергидей айлык-акысын мамлекеттен бөлүп береби, айылдагылар өзүлөрү демөөрчү табабы, ушул нерсени жөнгө салып алсак жакшы болмок.

Азаттык: Саясатка кызыгасызбы?

Байгелдиев: Жок, саясатка кызыкпайм. Саясатка кызыгыш үчүн саясаттын казанында кайнаш керек да. Мамлекет “имамдардын саясаттан тышкары эле болгону оң” деп, бизге саясатка кийлигишүүгө тыюу салып койгон.

Бир жагынан биз, имамдар саясат жөнүндө бирдеме айтсак эле “реклама” болуп калат экенбиз, “баланча айылдын имамы айтып жатат, сен эмне андан кемсиңби, бул партияны жактап, эми сен деле оюңду айтып койбойсуңбу” деп чыгышат. Саясатчылар эң биринчи эле ошол имамдарга келет. Партиялык шайлоого бир-эки жыл калганда курбанчылыкка деп, акчалар бөлүнө баштайт, садакалар берилет.

Азаттык: Быйыл да бөлүндүбү?

Байгелдиев: Ооба. Эмнеге бөлүнгөнүн түшүнүп атам, демек “шайлоо келатат” дедим. Шайлоо келатат, анткени ар бир кылынган иштин артында дагы бир партия, бир “дарек” бар. Бул эч кимге жашыруун эмес. Партиялык иштин баары эле ушул да.

Азаттык: Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?

Байгелдиев: Кыргызстаныбыз эми көп тармактуу да. Туризм, кен байлыктарыбыз, жаратылышыбыз, өзүбүздүн нукура улуттук баалуулуктарыбыз менен деле өнүгүп, астыга чыксак болмок. Ошого бир аз чамабыз жетпей жатат, убактысы келбей жатат. Келечекте мен өлкөмдү бир өнүккөн, жетишкен, туруктуу, жакшы жашоодо жашаган мамлекет катары элестетем.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG