Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Бишкекте ислам дининдеги радикалдашуунун Борбор Азиядагы көрүнүшүн талкуулаган аймактык конференция ишин баштады. Анда аймактагы диний коопсуздук жана агартуу маселеси талданууда.

Британиялык Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту уюштурган эки күндүк жыйынга Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын теолог-эксперттери, мамлекеттик тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышууда. Алар диний радикалдашуунун аймактык көйгөйлөрүн жана ага каршы күрөштөгү айырмачылыктарды талкуулап жатат.

Өзбекстандын мисалы

Ташкендеги “Билим кербени” өкмөттүк эмес билим берүү борборунун башчысы Фарход Талипов Өзбекстандын Союз тарагандан кийинки исламдашуу тарыхын үч баскычка бөлүп кароодо. Биринчиси - ислам маданиятынын кайра жаралуу жылдары. Анын айтымында, бул Союз урагандан кийин мечиттер курула баштап, диний окуу жайлар көбөйүп, атеисттик көз караш четке сүрүлгөн учур. Экинчиси - эл куранды терең үйрөнүп, шарият менен жашоого өткөн “интеллектуалдык” жылдар. Үчүнчүсү - адамдар дин менен өзү гана жашабастан мамлекетти да анын шарттары менен иш алып барууга үндөй баштаган мезгил. "Ушул үчүнчү баскычта мамлекет менен диндин ортосунда пикир келишпестиктер башталган", - дейт Фарход Талипов:

- Себеби Союз маалында атеисттик тарбия менен өскөн муун менен жаңы диний көз караштагы адамдар бири-бирине карама-каршы туруп калышты. Ушул учурда мамлекет динге карата көзөмөлдү күчөтө баштады. Тажикстандын мисалын айтсак, жакында эле бул өлкөдө Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салынды. Ушундан улам радикалдашуу күчөдү, себеби адамдар жумушун жоготту, жашаган жеринен кетиш керек болду. Булардын бардыгы мамлекет менен жарандардын тирешине алып келди.

Тажикстан: ашыкча көзөмөл радикализмди күчөттү

Тажикстандык эксперт Парвиз Муллажановдун пикиринде, диний кысымга чейин жеткен катуу көзөмөл радикализмдин күчөшүн шарттайт. Ал буга салафилердин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курамына кошулуп жаткандыгын келтирди:

- Мунун бардыгы биз динди көзөмөлдөйбүз деп аша чаап кеткенибизден улам болгонун көрүп жатабыз. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна тынч жашап келген салафилер да кошулуп кетти. Ушундан улам Борбор Азияда диний радикализм курчуп баратканын көрүп атабыз. Коомдогу байлар жана кедейлердин ортосунда социалдык айырма да чоң болуп кеткендиктен, колу жукалар да радикалдардын катарын толуктап кеткен учурлар көп болууда.

Агартуу жолун тандаган Кыргызстан

Тажикстан менен Өзбекстандан айырмаланып, Кыргызстан менен Казакстанда, маселен, исламдын салафи агымына катуу көзөмөл жүргүзүлбөйт. Айрым эксперттер Кыргызстандын бул саясатын кескин сындап келатышат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев дин саясатындагы өзгөчөлүктү мындайча түшүндүрдү:

- Бизди да тыйып салгыла деп коңшулар сындап жатышат. Бирок тыйган менен маселе чечилбейт экен да. Идеология адамдын мээсинде жашайт, ошондуктан тыйган болбойт экен. Аны ордуна биз туура исламды түшүндүрүп беришибиз керек. Жакшы аалымдарыбыз бар, бирок аз болуп жатат.

Орозбек Молдалиевдин билдиришинче, илимдүү алымдарды көбөйтүү менен бирге молдолорго жалгыз гана исламды эмес, светтик билимди да окутуу зарыл болуп турат.

Ал пилоттук негизде медреселердин бүтүрүүчүлөрүнө светтик окуу жайдын программасы окутулуп жатканын, ал долбоор өзүн актаса, келечекте медреседегилер заман талабына жараша экинчи - мамлекеттик жогорку билим алууга милдеттендирилерин кошумчалады.

- Медресени бүткөндөр, мечитке барышып ошо бойдон коомдон бөлүнүп калып жатат. Медресени бүткөн 27 окуучу учурда И.Арабаев атындагы университетте окуп, алар азыр светтик билим алып жатышат. Ушул модел өзүн актаса, бардык медреседегилер экинчи билим алууга милдеттендирилет. Ошондой эле жогорку диний жана светтик билими барлар гана муфтиятта иштей ала тургандай кылабыз.

Аймактык конференция диндин радикалдашуусунан келип чыккан көйгөйлөрдү талкуулоону 8-декабрда да улантат.

Конференциянын жыйынтыгында эксперттер улуттук өкмөттөргө үчүн Борбор Азиядагы радикализм коркунучун азайтуу жана алдын алуу боюнча сунуштар топтомун иштеп чыгышмакчы.

Диний радикализм бүтүндөй Борбор Азиянын айыккыс жарасына айланып баратканын белгилеген талдоочулар ашынган динчилдик менен жалгыздап күрөшкөнгө караганда, чогуу-чаран аракеттенүү алда канча көп жыйынтык берет деп ырасташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG