Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Орозо мезгил тандабайт


Адистердин ырасташынча, ысыкта күн бою суу ичпестен, тамактанбай жүрүү бир топ ооруларды козгойт.

Нурсултан Рыспаев көп жылдан бери орозо кармап келатат. Ошондон бери бир ай бою эртеден кечке оозуна наар албаганга көнүп калса да, азыркы аптапта орозо кармоо оӊой эмес дейт.

- Эми кыйыны кыйын эле. Алла ыраазы болсун, чыдайбыз да. Суу ичкибиз келет. Анан эмне кылалы? Биз Алладан коркушубуз керек. Бул бир аз сыноо да.

Алгачкы жылдары сыноого чыдабай, орто жолдо орозодон баш тартканы да болуптур.

Муфтияттын маалыматы боюнча, Кыргызстанда болжол менен калктын 80 пайызы өзүн мусулман деп эсептейт. Ал эми алардын 25-30 пайызы мечитке такай барса, орозо кармагандардын саны 35-40 пайызга чейин жетет. Муфтийдин орун басары Саясат ажы Асанов орозо кармагандардын саны жай мезгилинде азаярын айтты.

- Себеби анын ички ыкыласында исламдын маалыматтары жана жоопкерчиликтери болбогондуктан булар жеӊилчилик, өзүнүн сапат-сыпатына карата кармашат. Күндүн узак учурунда кармагандар азыраак. Азыр бул кыйынчылыкты көтөрүү жөн эмес, бирок аны ички дүйнөсүндө бекем туткандар кармайт.

Бирок бул кыйынчылыктар руханий эле эмес, медициналык жагынан да пайдалуу деп кошумчалайт Саясат ажы.

- Медицина да үч күндөн, алты күндөн ачка жүрүүнү сунуштайт. Пайдасы бир топ эле: тынбай иштеген ашказан бир аз да болсо эс алат, аны менен катар башка органдар да эс алат.

Ошентсе да диетологдордун айтымында, бир ай бою күн сайын 17 саат ачка жүрүү организмге кыйла эле залакасын тийгизет. Анткени күндүн ичинде адам баласы тамак менен күч-кубат алып, ички аппараттарын иштетип турат. Ал эми таң эрте тамак ичип, күндүз ачка жүрүп, кечинде тамактануу организмди стресске дуушар кылат дешет.

Терапевт Жусуп Бошкоевдин айтымында, жайдын күнүндө организмдин түйшүгү эки эсе жогорулайт, анткени ысыкта адам баласы кеминде бир литр суу ичип туруш керек.

- Бул чоӊ түйшүк, себеби ушул убакытта кармап жаткандардын кандары коюлуп кетип, инфаркт болушу мүмкүн. Эми саламаттыгы жакшы адам ал түйшүктөргө чыдаса болот: өз убагында эс алууга чыгып, күндүз сыртта көп жүрбөй, организмдеги сууларды сактаганга аракет кылыш керек.

Ал эми ноокастап калган мусулман баласы эмне кылат? Шарият боюнча оорулуулар жана алыста сапарда жүргөндөр орозодон бошотулат экен. Келерки эки жылда да орозо жай аптабына туш келет.
XS
SM
MD
LG