Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:35

7-январда Кыргызстандагы православ христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн - Рождество майрамын белгилешти. Каадалуу майрам жана православ христиандарынын Кыргызстандагы абалы тууралуу Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жетекчиси епископ Даниил "Азаттыктын" “Биз жана дин” берүүсүнүн коногу болду.

"Азаттык": Алгач угуучуларыбызга Рождество майрамы жөнүндө айтып берсеңиз. Бул майрам православ ааламы үчүн кандай мааниге ээ?

Епископ Даниил: Биринчиден, коомдун калың катмары менен баарлашуу жана бардык кыргызстандыктарды ушул улуу майрамы менен куттуктоого мүмкүнчүлүк бергениңиздер үчүн ыраазычылык айткым келет. Бардык жарандарыбызга чың ден соолук, ийгилик, мамлекетибизге бекемдик каалап кетмекчимин. Жараткан баарыбызды бөөдө кырсыктан сактап, жакшылыгын берсин.

Ал эми Исанын төрөлүшү өзгөчө тарыхый учур болуп эсептелинет. Исанын төрөлүшүн жалгыз эле православ христиандар эмес, бардык адамдар майрамдашат. Убакыттын бардык эсептөөлөрү ушул күндөн башталат. Болгону Юлиан жана Григориан календарынын ортосунда айырмачылык болгондуктан Исанын төрөлүшү да эки башка датада белгиленет. Бул майрам жаңы доордун башталышы катары чоң мааниге ээ. Ошондуктан ушул учурдан баштап динчилдер жашоого кыжаалаттык, үмүтсүздүк менен эмес, сүйүү жана алдыга болгон үмүт менен карашат.

Кыргызстандагы православдар

Кыргызстандагы православдар

"Азаттык": Бул майрамды кандай белгилеп жатасыздар? Кандай иш-чаралар уюштурулууда?

Епископ Даниил: Албетте, бардык православ христиандардай эле Кыргызстандагы православдар да жыл сайын салттуу түрдө чиркөөгө барып сыйынуу менен майрамдашат. Бул негизинен чоң майрам жана ал 14-январга чейин созулат. Адамдар көңүл ачышат. Жармаңкелер, бийлер уюштурулат. Балдар үчүн Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Ошто Рождество балатылары өттү. Бишкектин өзүндө эле былтыр тогуз балаты болсо, быйыл 16 балаты болду. Ошондой эле Караколдо, Таласта ж.б. шаарда балаты майрамы өткөрүлүүдө. Себеби, былтыркы майрамдоодон кийин эл көбүрөөк көңүл ачуучу иш-чараларды жактырарын байкаганбыз. 10-январда жаштар үчүн атайын маараке уюштурулат. Мындан да маанилүү нерсе, жараткан бизге бул майрам аркылуу жакындарга, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүүнү, ата-энени эстөөнү буюрган.

"Азаттык": Жылдагыдай эле президентибиз православ христиандарын Рождество майрамы менен куттуктады. Бул сиздер үчүн канчалык маанилүү?

Епископ Даниил: Биринчиден, президентибиз Алмазбек Шаршеновичке православ динин тутунган кыргызстандыктарга багытталган жылуу сөздөрү үчүн ыраазылык билдирем. Албетте, православ христиандар ушул ыйык кыргыз жерине 19-кылымда келишкен. Мына, бир жарым кылымдан бери байырлап кыргыздар жана башка элдер менен биргеликте жашап келишет.

Православ дини бул жерде маданиятты түптөгөн диндердин бири катары чоң ролду ойноп келет. Ислам дини менен катар салттуу дин катары бул аймакта калыптанып, коомго багыт берүүдө. Элдин жашоосуна пайдалуу таасирин тийгизип келүүдө. Президент өзү да бул маселени айтып өттү. Ошондуктан бул майрам бардыгыбыздыкы деп эсептейм.

"Радикализмге биргеликте күрөшүү керек"

"Азаттык": Эми Кыргызстандагы православ дининин абалы жөнүндө кеп кылсак. Айтсаңыз, православ христиандар Кыргызстанда өзүн канчалык жакшы сезет?

Епископ Даниил: Бардык жарандарыбыздай эле православ христиандар да иштеп, эмгектенип жатышат. Турмуш, тиричилик, үй-бүлө дегендей. Албетте, күнүмдүк жашоодо көйгөй түгөнбөйт эмеспи. Православ жарандарыбыздын маселелери акырындап чечилип жатат.

"Азаттык": Сиздер православ чиркөөсү катары кандай көйгөйлөр менен күрөшүп жатасыздар?

Епископ Даниил: Эки ача көйгөй бар. Биринчиси - баарыбыз билгендей, руханий көйгөйлөр. Жашоонун тазалыгы, үй-бүлөнүн бекемдиги, жаштарга байланыштуу адеп-ахлак маселелери менен православ чиркөөсү да иштеп жатат. Ал эми экинчиси - күнүмдүк жашоодогу экономикалык, материалдык проблемалар. Чиркөөнүн жарыгы, чатыры сыяктуу чарбалык маселелер. Болгону жашоодогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдон келишинче эмгектенишибиз керек. Ал эми калганын жараткан өзү буюрат.

"Азаттык": Дин чөйрөсүндө иш алып барган мамлекеттик органдар менен мамилеңиздер кандай? Ошол эле Дин комиссиясы, Ички иштер министирлиги ж.б.

Караколдогу Рождество майрамы

Караколдогу Рождество майрамы

Епископ Даниил: Чынын айтканда, биз аябай тыгыз иштешебиз. Бири- бирибизди жакшы тааныйбыз. Бекем карым-катнашка ээбиз. Мисалы, Рождество сыяктуу майрамдарда шаарлардын жана райондордун ички иштер органдары коопсуздукту толук камсыз кылып беришет. Дин комиссиясы, мэрия менен да иштешебиз. Андыктан бардык мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Биздин тыгыз кызматташуубуз, албетте, кубандырат.

"Азаттык": Кыргызстандагы эң чоң диний уюм болуп эсептелген КМДБ менен мамилеңиздер кандай? Кээ бир жыйындарды бирге уюштурганыңыздарга күбө болуудабыз.

Епископ Даниил: Максатбек ажы менен биз жакшы доспуз. Сүйлөшүп, байланышып турабыз. Себеби, негизги, салттуу диндер катары чогуу болушубуз керек. Биздин жалпы милдеттерибиз бар. Ошондой эле тамырларыбыз, тарыхыбыз, өтмүшүбүз да бир. Ислам менен православ дини экөө тең Ибрахим пайгамбарга барып такалат. Ошондуктан муфтий экөөбүздү адамдык достугубуз жана диний себептер бириктирип турат. Алар менен чогуу отурганыбызда бул нерсени даана байкайбыз. Алар бизден кээ бир нерселерди алышат, биз алардан алабыз. Ошол себептен чечүүнү күтүп жаткан маселелер бизди тыгыз кызматташууга түртөт.

"Азаттык": Башка христиан агым жана жамааттар менен мамилеңиздер кандай? Алар менен кызматташып турасыздарбы?

Епископ Даниил: Алар менен жакшы мамиледебиз. Кээде протестанттар, лютерандар, баптисттер менен чогулуп турабыз. Тагыраак айтканда, салттуу христиан жамааттары менен. Себеби, христианбыз дегени менен, христиандыкка эч тиешеси жок жамааттар да бар экенин айткым келет. Алар менен мамилебиз жок. Ал эми салттуу түрдө христиан болуп эсептелген агымдар 15-16-кылымдардагы реформация доорунда Европада пайда болушкан. Алар менен иштешкенге, социалдык маселелерди чечүүгө биргеликте көмөктөшүүгө аракет кылабыз. Аларды кеменин сыртында таштаганга эмес, Кыргызстандын келечеги үчүн бирге эмгектенүүгө аракет кылабыз.

"Азаттык": Эми Кыргызстандагы дин тармагындагы эң негизги маселе жөнүндө сүйлөшсөк. Ал, албетте, диний радикализм. Сиздерди бул көйгөй кооптондурабы?

Кыргызстандын аймагына православдар 19-кылымда көчүп келишкен

Кыргызстандын аймагына православдар 19-кылымда көчүп келишкен

Епископ Даниил: Мен бул маселе жалгыз эле Кыргызстанга тиешелүү эмес деп айтар элем. Керек болсо православ динин тутунган Орусияда да диний радикализм чоң көйгөй. Баса айткым келет, диний радикализмдин исламга эч тиешеси жок. Христиандыкты жамынып зордук-зомбулук жасаган секталардын иш-аракети деле ушундай да. Ошол эле Жапонияда Аум Синрикё метрого газ таштап, адамдарды ууландырганын же болбосо 60-жылдары АКШда адамдардын чогуу өзүн өзү өлтүрүүсүн динге шылтай албайбыз да. Мунун баары динди жамынган радикализм. Ошондуктан азыркы радикалдардын жасаганын ислам менен байланыштырууга болбойт. Мына биз мусулмандар менен миңдеген жылдар бою чогуу жашап келебиз. Ал эми диний радикализмди жеңүүнүн жолу - бул биргеликте күрөшүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Себеби, радикализмдин түпкүрүндө билимсиздик жатат. Диний уюмдар да илимсиздик жана билимсиздикти жоюу үчүн эл менен иштөө керек. Так ушул жерде мамлекет менен диндин кызматташуусунун, жардамдашуусунун гармониясы жатат.

"Азаттык": Кыргызстан Евразиялык биримдикке кирди. Орусия менен Кыргызстандын мамилеси ар жыл сайын жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Бул жараяндар өлкөбүздөгү православ жарандарыбыздын жашоосуна, мамлекеттин аларга болгон мамилесине кандай таасир тийгизүүдө?

Епископ Даниил: Кыргызстанда абал кандай болсо ошол бойдон. Кыргыз, өзбек, татар, орус болуп ынтымакта жашап келсек, дагы деле ошондойбуз. Себеби баары тең ушул жерде төрөлгөн, ушул жерде чоңойуп, ушул жерде жашап келишет. Болгону геосаясий жетишкендиктер жарандарыбыз үчүн моралдык бейкуттук берди. Советтер Союзу сыяктуу ири мамлекеттин кулашы чоң трагедияларга алып келген. Ал эми кызматташууну учур өзү талап кылууда жана бул жааттагы акыркы жетишкендиктер элдин көңүлүнүн тынчтанышына шарт түздү. Эл эми эркин саякат жүргүзүп, эркин иштөөгө, окууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми православдардын жашоосу дагы деле мурдагыдай бейкуттукта. Бул катардагы эле адамдык жараян, жашоо. Мурда болгон, азыр да бар, кийин да боло берет.

Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө. Бишкек. 7-январь

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG