Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Салттуу диндерден жаңы диний агымдарды ажыратуу демилгелери тууралуу Жогорку Кеңештин Билим берүү илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитетинин төрага орун басары Каныбек Осмоналиев ой бөлүштү.

- Кыргызстанда жаңы диний агымдар менен салтуу диндерди ажыраткан мыйзам долбоорун жазууну сунуштап жатышат. Мындай мыйзам Кыргызстанга зарылбы?

- Өзү бул мыйзамды жазуу аракети акыркы он жылдан бери эле келе жатат. Жаңылык эмес. Анын ичинен үч-төрт жылдын ичинде салттуу диндерге артыкчылык берүү, мыйзам менен коргоо далалаты абдан күч алып жатат. Эми бул маселе тууралуу айтканда, абдан аяр, этият мамиле кылышыбыз керек.

Дин маселеси Кыргызстанда абдан чоң көйгөйдү жараткан десем жаңылышып калам. Бирок бир топ көйгөй маселелер менен келе жатат. Себеби биз атеисттик өлкөдөн эркин өлкөгө өткөндө бүткүл дүйнөдөгү адамзатка белгилүү болгон бардык диндердин өкүлчүлүктөрү бизде ачылып, Кыргызстан диндердин, кичине, майда деструктивдик элементтердин аянтына айланып калды.

Ошондуктан салттуу динди кармоо аракетин деле туура түшүнүү менен кабыл алыш керек. Мисалы, ислам дининин эле ичинен онго жакын агымдары Кыргызстанда өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Бул абдан көп.

- Бул демилгелер Кыргызстандагы православ менен исламдан башка динди карманган атуулдардын дин тутуу укугун тебелебейби?

- Ооба, Конституциялык нормага ылайык, алардын айткандары деле туура. Ошол эле Конституцияда элдердин биримдиги, мамлекеттердин стабилдүүлүгү деген норма бар. Ага дин маселеси абдан чоң роль ойногонун эске алышыбыз керек.

Кээ бир Европа өлкөлөрүндө, мисалы Австрияда салттуу диндер боюнча мыйзам бар. Алар католиктердин динин биринчи орунга коюу менен бюджеттин эсебинен колдоого алышаарын эске алышыбыз керек. Орусияда да салттуу диндер тууралуу мыйзам эки-үч жылдан бери талкууланып келе жатат.

Бирок биз бир жээктен экинчи жээкке секирип жатабыз. Мисалы, ошол эле исламдын ичиндеги бир топ диндер, биздин Кыргызстандагы исламдын ичиндеги пикир келишпестиктерди туудуруп жатат. Биз, кыргыздар, салттуу түрдө суниттин ханафит масхабын кармаган элбиз.

Биздин кошуна Тажикстан президент Рахмондун демилгеси менен, анын жардыгы менен 2009-жылды ханафит жылы деп жарыялап, исламдын башка агымдарына тыюу салган саясатты жүргүзүп келе жатат. Бул да өзүндө бир катуу, катаал мамиле деп ойлойм. Бирок ошол мыйзамдын өзүн көтөрүү демилгесин мен депутат катары колдойт элем.

- Коңшу Казакстандагы соңку айларда болгон жарылуулар диний агымдарды чектөөнүн кесепети катары да сыпатталып жүрөт. Эки динге гана артыкчылык берүү менен башка диндердин, экстремисттик уюмдардын баш көтөрүүсүнө жол ачпайбызбы?

- Абдан туура суроо бердиңиз. Чынында эле мыйзамдын өзүн кабыл алуу менен, катаалдашуу менен биз эч убакта ошол эле ислам дининин ичиндеги бөлүкчөлөрдү, агымдарды тыйып койо албайбыз. Себеби бул кылымдан кылымга келе жаткан нерсе.

Өзүңүздөр эле ойлоп көрүңүздөрчү, мисалы ошол эле ахмадилер Кыргызстанда өздөрүнүн бир миң, бир жарым миңге жакын тарапкерлери бар. Ошол ахмадилер келип чыккан Пакистанда ошол ахмадилердин өзүнүн ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ал турсун ахмади деген мөөр басып коюшат. Бул дагы абдан катаал мамиле. Бирок биз да өтө эле либералдуу боло бербешибиз керек.

Менимче, бул жерде биринчи орунга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өзүнүн миссиясы коюлушу керек. Мусулмандар дин башкармалыгы кийинки учурда, Чубак ажы Жалилов келгенден бери бир топ илимий, жакшы билим берүү саясатына жүрүп жатышат. Түшүндүрүү жолу менен ишти алып барсак жакшы болот.

- Эми мыйзам кабыл алынса, салттуу диндерге кандай артыкчылыктар берилип калышы мүмкүн?

- Мисалы, мечиттердин курулушу, медреселердин унификация болушу, ушулардын бардыгы ханафит масхабынын айлана-чекесинде болуп калышы мүмкүн. Болуп деле келе жатат. Мени түйшөлткөн нерсе, ошол ислам динин жамынып алып, деструктивдик, экстремисттик уюмдардын пайда болушу.

Өзүңүз туура айттыңыз, Казакстанда ушундай жагдай болуп жатат. Мисалы, "Хизб ут-Тахрир". Бул уюм исламдын агымы эмес да. Бул саясий партия. Исламдын баалуулуктарын пайдаланып, бийликке келүүнүн далалаты.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG