Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Жогорку Кеңеште жаңы намазкана салынууда


Жогорку Кеңештеги буга чейин ачылган намазкана.

Жогорку Кеңештеги буга чейин ачылган намазкана.

Жогорку Кеңештин имаратында жаңы намазкана курулуп жатышы кыргыз коомчулугунда кызуу талаш-тартышка жем таштады.

Жогорку Кеңештин аппараты 2011-жылы курулган намазкана тар болгондуктан, депутаттардын өтүчүнүн негизинде жаңы намазкана курулуп жатканын билдирүүдө. Бирок бир катар депутаттар менен жарандык коом өкүлдөрү муну өлкөнүн светтик принцибине каршы келет деп сындашууда.

Жаңы намазканага зарылчылык барбы?

Жакындан тарта парламентте жаңы намазкана курула баштады. Буга 30га жакын депутаттын жана бир нече аппарат кызматкеринин өтүнүчү негиз болгон.

Мындай демилгени көтөргөндөрдүн бири - депутат Турсунбай Бакир уулу. Ал жаңы намазкана ачуу зарылчылыгын мындайча түшүндүрүүдө:

- 2011-жылы Жогорку Кеңеште намазкана ачылганда 20-25 адам намаз окусак, азыр 200гө жетип калдык. Анын ичинде 20-30га жакыны кыз-келиндер. Жума күндөрү бул намазканага батпай, коридорго чейин адамдар отурушат. Бул эми уят эмеспи. Кыргызстандын башкы имаратында адамдардын дин тутуу эркиндиги сакталбай, аларга шарт түзүлбөсө...Ошондуктан жаңы намазкана куруу демилгеси менен чыктым.

Аталган депутаттардын кайрылуусунан соң парламент жетекчилиги Ак үйдүн 3-кабатына курулуп жаткан кызматтык бөлмөлөрдүн бирин намазкана үчүн бөлүү чечимин кабыл алган. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожомкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда жаңы намазкананын имараты курулуп жатат:

- Ак үйдүн ички короосуна парламенттин токтомунун негизинде жаңы имарат курулуп жатат. Ал жерде пресс-бөлмө, парламент китепканасы, окуу залы, парламент архиви, илим-изилдөө борбору орун алат. Мына ошолордун катарында намазкана да курулууда.

Бул имараттын курулушун Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассемблясы жана ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдар каржылап жатат.

Негизи Жогорку Кеңеште намазкана 2011-жылы ачылган болчу. Ал парламент имаратынын жер төлөөсүндө жайгашкан.

Парламенттеги жаңы намазкана курулуп жатканы тууралуу маалымат белгилүү болоору менен коомчулукта бир катар талкууларды жаратты. Жарандык коом өкүлдөрү менен айрым депутаттар Жогорку Кеңештеги экинчи намазкананын ачылышы өлкөнүн баш мыйзамындагы дүниябий өлкө деген принципке доо кетирээрин айтып чыгышты.

Маселен, вице-спикер Асия Сасыкбаева жаңы намазкананы ачуу демилгеси парламентте талкууланбай туруп кабыл алынганын билдирүүдө:

- Бул эми Жогорку Кеңештеги бир-эки адамдын эле чечими болуп калды. Ал парламентте талкууланышы керек болчу. Жогорку Кеңеште иш бөлмөлөр жетишпей, техникалык кызматкерлер, жардамчылар биринин үстүнө бири отурат. Ага карабай, бирөөнүн акчасы менен жаңы намазкана ачамын дегени мамлекеттик саясатка каршы келүү деп айтсак болот. Керек болсо ошол донорлук каражатты социалдык керектөөлөргө жумшаш керек болчу.

Сасыкбаева бул маселе жакынкы аралыкта парламенттин Этика жана регламент комитетинде каралаарын да кошумчалады.

Намазкана кайсы акчага салынууда?

Бирок Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы экинчи намазкана курулуп жатат деген сөз туура эместигин билдирүүдө. Иш башкармалыктын башчысы Алмаз Кожомкулов маалымдагандай, жаңы намазкана бүткөрүлсө, парламенттин жертөлөсүндө жайгашкан алгачкы намазкана жабылат.

Ошол эле учурда жаңы намазкананын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассемблясы сыяктуу диний уюмдун каржылашы да бир катар суроолорго жол ачты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Байкоочу кеңешинин төрагасы Назира Курбанова бул өлкөнүн диний жаатта жүргүзгөн саясатына каршы келээрин айтууда:

- Биринчиден, эгер экинчи намазканы ача турган болсо аны менен катар башка диндер үчүн да сыйынчу жайларды ачуу керек. Аны менен катар бардык
мамлекеттик органдарда ачылышы зарыл. Анан мамлекеттик саясат жүргүзгөн мекемеге кайсы бир Араб өлкөлөрүнөн келген адамдар демөөрчү болуп чыкканы мамлекеттин саясатына деле каршы келиши мүмкүн. Эгер чындап эле намазкана зарыл болсо президент түзгөн Ыйман фондунан каржылоо керек болчу.


Ушул айдын башында Коргоо кеңешинде өлкөдөгү диний абал талкууланып, президент Алмазбек Атамбаев бул жааттагы абалды татаал деп баалаган болчу. Жыйын жүрүшүндө президент диний саясатты Кыргызстан колго албаса, сырттан келген ар кыл уюмдардын таасири күчөп жатканын билдирген эле:

- Ислам динин жамынып алып, кыргыздардын ата-салтын, маданиятын унуттуруп, маңкурт кылам дегендер күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Эгер биз мындайларга жол берсек, өлкөбүздү жоготуп алабыз.

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш эле эмес Өкмөт үйү баштаган бир катар мамлекеттик органдарда да намазканалар ачылган.

"Азаттыктын" архивинен: Жогорку Кеңештеги намазкананын ачылышы, 23-июнь, 2011

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG