Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Жогорку Кеңеште намазкана ачуу маселеси ушул аптада кайрадан козголду. Дин иштери боюнча комиссияга жаңыдан дайындалган Ормон Шаршенов намазкана ачууга каршы экенин билдирген. Бирок аны кызматтан кетиребиз деген депутаттар да болууда.

Жарандык көзөмөл комитети, Укук коргоочулар кеңеши, “Демократия жана жарандык коом” үчүн коалициясы жана башка өкмөттүк эмес уюмдар Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Ормон Шаршеновдун парламентте намазкана ачууга каршы болгон аракетин колдоого алышууда.

“Аркы дүйнөдө депутат жок”

“Перемена” инновациялык билим берүү борборунун аткаруучу директору Алмаз Тажыбай “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Эгер мыйзамга таянса, бул туура эмес. Канча деген адамдар, менин деле досторум мечитке эле барышат. Аркы дүйнөдө депутат деген жок да. Эгер мусулман маселелери менен карасак да бул дүйнөдө эл катары жөнөкөй эле болуш зарыл. Динде “эл менен чогуу болуш керек” деп айтылган. Же болбосо, Жогорку Кеңештин жанына мечит куруп коюш керек. Мамакеевдин клиникасынын жанында мечит бар го, ошол сыяктуу кылып. Бирок мамлекеттин эсебинен эмес.

Ал эми “Тилектештик” жарандык кыймылынын өкүлү Азамат Тынаевдин пикиринде, эгер депутаттар эл камын ойлоп, маанилүү маселелерди чечип жатса, аларга намазкана гана эмес, башкасын да даярдап берүүгө шайлоочулар деле макул болмок:

- Азыр өлкөдө болуп жаткан социалдык, өзгөчө экономикалык абалга караганда депутаттардын көтөргөн бул маселе убагында коюлуп жатабы же жокпу деген шек пайда болуп жатат. Менин ойлойм, бул баягы совет доордон калган номенклатуранын адаты. Коммунисттер “спец” деген нерселерди аябай жакшы көрчү эмес беле. Атайын учак, ашкана, дүкөн жана мейманкана деп.

Дин иштери боюнча комиссиянын башчылыгына жаңыдан келген Ормон Шаршенов Жогорку Кеңеште намазкана ачууга каршы экенин 16-февралда “Ата Журт” фракциясында “Дин тутуу эркиндиги” жөнүндөгү мыйзамды кароо учурунда билдирген.

Анын жүйөсү боюнча, эгер Жогорку Кеңешке намазкана ача турган болсо, башка дагы эки жарым миңден ашуун уюмдун өкүлдөрүнө диний жөрөлгөлөрдү жасоого шарт түзүп берүү керек. Бирок анын намазкана ачууга каршы пикири партиялаштарынын катуу сынына кабылды. Ошол эле жыйында “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ормон Шаршенов менен кайым айтышып, аны кызматтан алуу маселесин көтөрө тургандыгын айткан. Ормон Шаршенов кызматка “Ата Журт” партиясы аркылуу дайындалган болчу.

Талкуу жараткан маселе

Учурда Жогорку Кеңеште болжол менен жума намазга барып жаткан жыйырма чакты депутат бар. Алардын ичинен жети-сегизи беш убак намаз окугандар болушу мүмкүн. “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешке намазкана ачуу маселесин жетекчилик гана чечип койо турган майда барат иштерден деп эсептейт:

- Бул боюнча ар бир жетекчи өзү эле чечип коюш керек. Мен мисалы үч жыл Каржы министрлигин, эки жыл Экономика министрлигин жетектедим. Намаз окуган балдар убактысын үнөмдөш үчүн бир кичинекей бөлмөнү тазалап берип койгонбуз. Ар бир жетекчи мусулмандар көп болсо, аз болсо деп карабай, аларга шарт түзүп берип койсо жаман деле болмок эмес. Кыргызстанда үч миллион алты жүз миң мусулман бар деп айтылып жүрөт. Андыктан бул ар бир жетекчинин милдети.

Бул маселеге байланыштуу Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Ормон Шаршеновдун жообун алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Жогорку Кеңеште намазкана ачуу маселеси өткөн жылдын декабрь айында биринчи жолу Социал-демократтар партиясы тарабынан көтөрүлүп, ошондон бери жарандык коомдун каршылыгына туш болуп келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG