Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Үмөталиева: Акчага Батыштан башпаанек алууга көмөктөшкөн компаниялар бар


Бул тууралуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ЕККУнун Варшавадагы жыйынында билдирди. Ал кимдир бирөөгө саясий башпаанек берерден мурун аларды кылдат иликтеп чыгууга аталган уюмду чакырды. Анын айтымында, акыркы мезгилде басып өткөн жолу күмөн жараткан жарандык коом өкүлдөрү жана укук коргоочулар көбөйүп кетти, алар Батыш өлкөлөрүндө, негизинен Бельгиядан саясий башкалка алууда.

Үмөталиева 10 миң долларга чейин акча алып, мындай адамдардын Батыштан башпаанек алышына көмөктөшкөн компаниялар бар экенин жарыялады. Эгер алдын ала кылдат иликтөө болгондо Кыргызстанда оор кылмыштарга айыпталып, өмүр бою сырттан эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго белгилүү укук коргоочулар сыяктуу сөз берилмек эместигин айтты. Мындан тышкары кыргыз бийлиги БУУ менен ЕККУнун Батыровду Интерпол аркылуу издөө өтүнүчү жок деген билдирүүсүнөн кийин Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Интерпол өкүлчүлүгүнүн азыркы жана мурдагы жетекчилерин шалаакылыкка жол бергени үчүн жоопко тартуу керектигин кошумчалады.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштурган деп айыпталып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген.

2010-жылдагы июнь коогасын геноцид деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. Кыргызстан кылмышкер деген адамдын ЕККУ өңдүү эл аралык уюмда сүйлөгөнүнө катуу каршылык билдирип чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG