Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Тажикстанда «чет өлкөлүк» сыйлыкты алууга президент уруксат берет


Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга акыркы сапарында Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырган.
Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга акыркы сапарында Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырган.

Мындан ары тажик аткаминерлери президенттин уруксатысыз башка мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын сыйлыктарын, ардактуу жана атайын наамдарын ала алышпайт.

Бул Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алган «Мамлекеттик кызмат тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн талабы. Мыйзамга өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койду. Дагы бир өзгөртүүгө ылайык, кош жарандыгы бар адамдар мындан ары өлкөдө мамлекеттик кызматтарды аркалай албайт.

Тажик парламентинин депутаты Абдухалим Гаффоров башка өлкөлөрдүн же эл аралык уюмдардын бардык сыйлыктары, ардактуу жана атайын наамдары мамлекеттин менчиги болуп эсептелерин жана алар музейге берилиши керектигин билдирди. Анын айтымында, сыйлык мамлекеттик кызматкерлерге тапшырылып жаткандыктан, чет мамлекеттер менен эл аралык уюмдар өздөрүнүн андай ниети тууралуу алдын ала Тажикстан президентине кабар бериши керек.

Орусия президенти Владимир Путин Тажикстанга акыркы сапарында Эмомали Рахмонго "Александр Невский" орденин тапшырган. Андан сырткары Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловду "Достук" ордени менен сыйлаган.

XS
SM
MD
LG