Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

НАРЫНДАГЫ ДИНИЙ АРАЗДАШУУ ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ


Күмөндөр Усуптегин, Нарын Нарын районундагы Куланак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/05/6F7C16B3-D711-4BF0-AFAC-3AD569E63CFC.ASP айылынын тургуну Алымбек Исаковдун 14 жашар уулу Аманбектин сөөгү 21-майда саат 22 чамасында жерге коюлду. Маркум өспүрүмдүн каза болгондугуна бир сутка убакыт өткөндөн кийин жерге жашырылышына жергиликтүү тургундар менен Алымбек Исаковдун үйбүлөсүнүн ортосундагы карама-каршылык башкы себеп болгон.

Нарын районундагы Куланак айылынын жергиликтүү айрым тургундары айылда соңку жылдарда баптисттик дин агымына өткөн эки, кээ бирлери төрт түтүн үйбүлө бар деп жороктошту. Баптист болуп дин туткандардын бири Алымбек Исаков экен. 17-майда анын 14 жашар уулу каза болуп, жай каза башташат.

-Мен Исаков Алыбекмин. Айыл өкмөттөн жер алганбыз. Балам кайтыш болгонудугуна байланыштуу ошол жерге барып жер казып атсак, Куланактын тургуну бул жерди биз огородго алганбыз деди. Анан ошол күндөн ушул күнгө чейин чыр болуп атат.

Бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгы пайда болот:

- Мен Сокеев Таалайбек. Мына эшиктин асты көрүнүп турат, 50 метр чукулдукта казып келгенде, эл токтотту. Баптисттерге жерди чукул жерден берген. Азыр биз койдурбай атабыз.

Айыл аксакалынын бири Аскарбек Ибраимов эл баптист жердешине бир нече талап коюшкандыгын айтат:

- Эки талапты койдук. Биринчиси, тыштан келген баптисттер кетсин. Экинчиси, жакшылыкка макул болбогондон кийин Алик, үйбүлөң менен сен кошо жогол эртеңкиге чейин дедик. Элдин талабы ошол. Ошол талапты аткарсаң эл тынч калат, аткарбасаң бир балекет болот деп турабыз.

Айыл калкынын талабына өзүн Акылбек деп тааныштырган баптист макул эмес:

- Бул киши ишенген динге мен да ишенем. Ак ийилип эле турат, ушул жерден канча киши боздоп, ыйлап, ичинен кан өтүп турат, төртүнчү күн болду. Ушул күнгө чейин үч шартты коюп келгени туура эмес. Биз Аккыяга жете албайт белек, төрт күн мурун эле коюп коймокбуз. Бирок ар бир өлүк чыккан сайын ошол жакка сүйрөп отурмак белек.

21-май күнү саат 16 чамасында айылда кырдаал курчуй баштаган экен. Айрым тургундар буларды билдиришти:

Жейналиев Султанкалыймын. Биздин талап булар ушул жерден кетсин. Жаш балдардын баарынын негизинде чогулуп, ушул талапты кабыл алып атат. Кетсин, бул жерге сөөктү койбосун.

Мен Тостоков Кылычбекмин. Буларга сөөктүн, өлүктүн да кереги жок экен. Атайын 3-4 күндөн бери кармап отурушат. Агылып Бишкектен бери келип атышат. Биз жалпы Куланактын элин чогултуп туруп, буларды кетирмейинче тыйылбайбыз. Аягы чырга барып такалып атат. Булар чырды каалап атат. Балдардын баары араң турат, бул жерге аял кишилерден бери чогулуп турат.

Ал эми саат 20 чамасында баптист Алымбек Исаковдун үйүн тегеректегендердин жаалы күчөдү:

- Баптисттер чыгып кетсин. Булар сөөктү алып кетмейинче тарабайбыз.

Акыры тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин түнкү саат ондо 14 жашар маркумдун сөөгү үйдөн чыгарылып, Куланак айылынан болжолу 30 чакырым аралыктагы Нарын районундагы мерчемделген Жанбулак айыл өкмөтүнө тарапташ жайгашкан Аккыя деген жерге алып барылып жашырылды. Мындай абалды жергиликтүү коммунист Жумаалы кызы Жээнкан болуучу көрүнүш караты сыпатайт:

- Куланакта жер бербей жаткан мусулман калкынын ичинде койдурбай аткандыгы туура деп ойлойм. Анткени мындан бир канча жыл Нарын шаарында да болгон мындай окуя. Баары бир өлгөн адамды жерге бериш керек. Ошондуктан Нарын шаарында атайын жер берилген болчу. Мындай көрүнүш башынан эле болмок, келечекте дагы болот. Бул башка динге өтүүнүн натыйжасы.

Нарын районунун прокурору Каныбек Калбаев диндик көз караштагы чыккан бул окуя тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Ислам динин кармагандар менен баптисттердин ортосунда чыккан чыр-чатак, бул ошол жердеги түшүнбөстүктөрдөн келип чыкты. Жер талашы боюнча баптистер айтып атат, бизге атайын токтом чыгып, райондук жерге жайгаштыруу башкармасынан ошол жерге күбөлүгүн алганбыз деп. Жергиликтүү эл айтат, ошол токтом мыйзамсыз чыгып, жер туура эмес берилип кеткен. Себеби ошол мүрзөгө берилген жер айылдык кошундун жанынан берилип, эч кандай экологиялык, санитардык тартиптерге жооп бербейт деп. Ал боюнча көрсөтүлгөн жер айылдын жанынан берилгендиги аныкталган. Күбөлүгү болгон учурда айыл өкмөт бир тарабынан, экинчи тарап баптисттердин коому өздөрү сот аркылуу чечип алганга болот.
XS
SM
MD
LG