Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Кыргызстандагы протестант кыргыздар тууралуу протестант-машаякчы, "Теңир жыйыны" уюмунун башчысы Кайырбек Маныбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө диний азчылыктардын укуктары Кыргызстанда канчалык корголгон?

Маныбаев: Мамлекеттин деңгээлинде куугунтук жок, бирок кысым бар. Бул мыйзамдарда байкалат. Мисалы, 200 адамың болбосо, диний уюм катары каттала албайсың. Ал эми 200 адам болуш үчүн биз кайсы бир жерде чогулушубуз керек да. “Дин жөнүндө айтса болот, бирок имараттын ичинде гана” деп жазылган. Эгер диний имаратың жана 200 адамың жок болсо, кантип анан диниң жөнүндө айта аласың?

Ошондой эле азыркы учурда сунушталып жаткан мыйзамдагы “прозелитизм” жөнүндөгү сунушту да кысым деп ойлойм. Анда бир адамды башка динге үгүттөөгө тыюу салынат. Анда бизде кайдагы эркиндик? Бизде эркиндик болуш керек. “Каалаган оюңду айт, бирок ал мамлекетке, анын түзүлүшүнө каршы болбошу зарыл. Элдин ортосунда чагым чыгарбасын” деп гана коюш керек. Каалаган кабыл алат, каалабаган албайт. Эч ким таңуулай албайт.

“Азаттык”: Бирок шарт жок деген менен, протестант кыргыздардын, башка динге өткөндөрдүн саны көбөйүп эле жатпайбы күн сайын?

Маныбаев: Эми бул маалыматтарды апыртып жүрүшөт. Кээде мен да “чын эле жакшы болуп жатат окшойт, ылайым эле силер айткандай болуп калсын” деп айтам. 20 жылдан бери андай деле болуп кеткен жок. Бир ууч гана ишенгендер бар, ошолордун да канчасы уялып, качып жүрүшөт. Мисалы, Европада христиандарды эч ким кыскан жок. Бирок алар өздөрү динден тайып, исламды кабыл алып жатышпайбы.

“Азаттык”: Өзүңүз айткандай, азыркы шарт жетиштүү эмес болсо, анда эмнелерди сунуштайт элеңиз?

Маныбаев: Эми баарына тең эле эркиндик бериш керек. Мейли, исламды, буддизмди же протестантизмди таратабы, эркиндик болушу керек. Эгер ошолор өздөрүнүн динин таңуулап, тажатып жатса, анда тартип коргоо органдарына арыз жазуу керек. Адамдын эркиндигине шек жаратып, же анын тынчтыгын алуу туура эмес. Башка учурда эркиндик эле болуш керек. Ислам менен православдар мурдатан келаткан салттуу дин деп бөлө берген туура эмес. Эгер тарыхты карап көрсөк, протестанттар деле бул жакта 120 жыл мурда пайда болгон.

“Азаттык”: Бирок статистиканы карасак, диний уюмдардын санын эске албаганда да, диндер менен диний конфессиялардын саны эле Кыргызстанда отуздан ашыптыр. Чакан Кыргызстан үчүн ушунча сандагы дин көп эмеспи?

Маныбаев: Эгер ар бир дин Кудай айткан принцип менен иш алып барса, анда мен бул көптүк кылбайт деп ойлойм. Ислам дининде “бирөөнү өлтүр” деген нерсе жок да. Тескерисинче, “уурдаба, жакыныңды сыйла, сүй, никеңди бузба” деп айтылат. Бизде деле ошол.

Башка диндер бизге, биз аларга сый-урмат көрсөтсөк жакшы эле жашайбыз. Кыргызстанда 80ден ашык улут бар, бул улуттар бизде көптүк кылбайт. Эгер алар бири-биринин адамдык укуктарын сыйласа, биздин мамлекетибизге эч бир залакасын тийгизбейт. Ошол сыяктуу эле диндер да канчалык көп болбосун, өз ара сыйлоо, урматтоо болсо, эч зыяны болбойт.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз протестантизмди тутунуп жүрөсүз. Бирок сиз жан дүйнөңүздө кыргыз бойдон калдыңызбы?

Маныбаев: Мен жан дүйнөмдө “кыпкыргызмын”. Мен баарын кыргызча эле жасайм. Азыр да бул калпакты атайын кийип келген жокмун, мен кышкысын өзү дайыма калпак эле кийип жүрөм. Кайда болсун, кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылам. Балдарымды жакшы билим алсын деп, орус мектепке бергем. Бирок үйдө дайыма кыргызча сүйлөгүлө деп айтып турам. Мисалы, көзүм кара бойдон, сыйынганыбыз, китеп окуганыбыз - баары кыргызча.

“Азаттык”: Бирок дүйнөдөгү мисалдарды жүйө келтирген бир катар эксперттер, эки динди кабыл алган, эки башка динди тутунган кыргыз эч убакта жакшы, ынтымактуу жашабайт деп белгилеп жүрүшөт. Дегеле бул көрүнүш келечекте мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жаратат деген ой-пикирлерди айтып келатышат?

Маныбаев: Мындайды айткандар чагымчылдар же маселени терең түшүнбөгөндөр. Анткени Кудайды терең, жакшы тааныган мусулман менен христиан эч убакта бири-биринин өмүрүнө кол салып, же бир нерсесин тартып, басмырлабайт. Мисалы, биз ислам дининдегилерге кантип тийише алмак элек? Тескерисинче, “сен диниңди сатып кеттиң, кыргызсыңбы же эмнесиң” деп алар айтышат. Мен аларга “кимге ишенсем, менин өз эрким, шайтанга ишенсем да өзүм билем” деп жооп берем. Мени менен кимдин эмне иши бар? Бири-бирине тийишпесе эле эч нерсе болбойт.

Мусулман кыргыз менен мусулман христиан чогуу жашай албайт деген бул шайтандын калпы. Менин өзүмдүн эле иним медреседе 5-6 жыл окуган. Андан соң Египетке барып “Ал-Азхар” университетин бүтүрүп келди. “Сиз, биз” деп эле өмүр бою ынтымактуу жашап келатабыз. Мисалы, базарда да намаз окугандар бар, алар менен деле ынтымактуу эле мамиле кылып жүрөм. Кыргыз христиандар деген булар кыргыздар эле да. Анан биз эне тилибизди, элибизди жана жерибизди кантип сатабыз? Анан деги кимге сатабыз?

“Азаттык”: Анткен менен кандай айткан күндө деле ар бир диндин өзүнүн тымызын саясаты болору айтылат. Ошондон улам сурагым келип турат, маселен, сиздердин расмий бийликке, мамлекеттик органдарга болгон көз карашыңыздар кандай? Мыйзамдарды толук сыйлап, Конституциялык түзүлүштү колдойсуздарбы? Мамлекеттик органдарга жана жетекчилерге сиздердин диний окууларды толук баш ийүү керек деп айтылабы?

Маныбаев: “Ыйык жазууда” баары жазылган. Мисалы, бийлик башындагыларга баш ийгиле, аларга урмат-сый көрсөткүлө, салык төлөгүлө дегендин баары жазылган. Ошолордун баарын аткарууга биз болгон аракетибизди кылабыз. Бирок эгер “сен Ыйсага ишенбе, сен кыргызсың, ислам дининде гана кал, бул “жакшы кабарыңды” айтпа, токтот” десе, анда каршы чыгабыз. Мен эмнеге өз ишенимим жөнүндө айтпашым керек? Биз Кудайдын эркине каршы болгон мыйзамдарга гана баш ийбейбиз, ал эми мамлекеттин өнүгүшү жана өркүндөшү үчүн дайыма сыйынабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандын аймагында 150 жылдан ашык мезгилден бери православ христиандары жашап, бул дин өкүм сүрүп келатат. Алар менен сиздердин мамилеңиздер кандай?

Маныбаев: Алар менен жолукканда учурашып гана коёбуз. Бизге алардын айтаары деле белгилүү: “протестанттар - дин бузарлар, протестанттар - секта” дешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG