Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстанда мусулман жамааттарынын ортосунда пикир келишпестиктер жана тирешүүлөр болуп жатканы айтылууда.

Бул тууралуу 14-апрелде Бишкекте “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору өткөргөн конференцияда сөз болду.

Талаштын себеби эмнеде?

Идеологиялык карама-каршылыктар Куранды туура эмес чечмелөөдөн улам болуп жаткан экен. Бул сыяктуу бөлүнүп жарылуучулукту алдын албаса, арты кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин дин адистери айтып жатышат.

Ислам жамааттарынын ортосунда жакынкы күндөрү эле бир нече келишпестиктер орун алган. Бул тууралуу Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандары Конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов “Исламдын коомдогу туруктуулукту камсыздоодогу орду” аттуу конференцияда билдирди. Ошондой эле ал диний чөйрөдө салафи деп кээ бир адамдар тууралуу туура эмес сөздөр айтылып жаткандыгын айтты.

- Жамааттар арасында кээ бир маселелерде пикир келишпестиктер болууда. Бир топту да салафилер деп айтып коюп жатышат. Бирок аларга да так аныктама жок да. Баланча салафи, түкүнчө салафи деп коюп, жамааттар арасында туура эмес үгүттөөлөр жүргүзүлүп, азыр мусулмандарда бири-бирине карам-каршылык аябай күчөп кетти да. Мына жакында Нарындын Ат-Башысында, Кочкордо, Көлдө, Чүйдө, Бишкекте жамааттын ортосунда тирешүүлөр кетти. Бул бара-бара чоң көйгөйгө айланат.

Жамааттар арасындагы бөлүнүп жарылуучулук Куран аяттарын ар башка чечмелөөдөн улам болуп жатыптыр. Дин иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Ормон Шаршенов аталган жамааттар арасындагы тирешүүлөр жакшылыкка алып келбейт деп эсептейт.

- Жамааттардын бирикпегени булардын ички иши деген туура эмес. Булар бири-бирин өлтүрсө да, бирин-бири атып кетсе да, булардын арасында коррупция болуп жатса дагы, мамлекеттин кайдыгер карашы мамлекетке эртедир-кечтир терс таасирин тийгизбей койбойт. Булардын ич ара бөлүнүшү Курандын аяттарын чечмелөөдө болуп жатат.

Анткен менен “Абу Ханифа” коомдук фондунун жетекчиси Умар Кулов ислам жамааттарынын ортосунда олуттуу эмес, кадыресе эле талаш-тартыштар орун алып жатат деген жүйөө кармайт.

- Талаштуу маселелер бар. Мисалы топуну киийш керекпи, кийбеш керекпи деген сыяктуу. Булар майда маселелер эле. Кыргызстанда бул боюнча оор деле маселе турган жок, азырынча. Кийин кандай болот, көрөбүз.

Имамдарды Кыргызстанда даярдоо маселеси козголууда

Айрым диний серепчилер исламды тутунган ар башка жамааттар арасындагы карама- каршылыкты чет өлкөдөн билим алып келген жаштар тутантып жатат деген пикирде.
Айтмакчы, буга чейин да чет өлкөдө билим алган жаштарды каерде, кандай билим алып жаткандыгын тактоо керек деген маселелер бир нече ирет көтөрүлгөн. Ошондон уламбы, имамдарды жана диний ишмерлерди Кыргызстан өзү даярдаш керек деген сунуштар да
көтөрүлүүдө.

Арабаев атындагы педагогикалык университеттин теология бөлүмүнүн башчысы Эрмек Бектуров ошондой ойду кармангандардын бири:

-Биз имамдарды өзүбүз даярдашыбыз керек. Алар барып Пакистандан, же Арабстандан окуп келбеш керек. Бул жерде теология бөлүмдөрүн кеңейтүү зарыл. Биз ойлоп жатабыз, теолог-социолог, теолог-экономист, теолог-философ деген адистерди даярдайбыз деп.
Медреселерде, ислам окуу жайларында кайсы мугалимдер жана кандай программалар менен окутуп жаткандыгын мамлекет көзөмөлгө алышы керек.


“Абу-Ханифа” коомдук фондунун жетекчиси Умар Кулов Сауд Арабстандан диний билим алып келген экен. Кулов дүйнөдөгү көп мамлекеттердин муфтийлери Сауд Арабстандан билим алышкандыгын, анын ичинде Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов да бар экендигин айтты. Ал “чет өлкөдөн билим алуудан чочулабаш” керек дейт.

- Эстониянын муфтийи Сауд Арабстандан билим алган, Польшанын муфтийи да ошол жакта окуган. Биз деле ошол жактан окудук. Эл аралык тажрыйбада бул болуп келе жаткан нерсе да. Жер жүзүндөгү көптөгөн муфтийлер, анын ичинде биздин муфтий Чубак ажы Жалилов да Меккедеги университетте окуган.

Диний чөйрөнү иликтеген серепчилер Кыргызстанда кийинки кезде байкалып жаткан мусулман жамааттарынын тарам-тарамга бөлүнүп, майдаланып жатканы опуртал
жышаана экендигин эскертүүдө. Ошого жараша мусулман жамааттары өздөрү азыртан ымалага келүү керек деген сунуштар айтылып жатат. Жыйында бул жараянга мамлекет дипломат катары кийлгишпесе, ажырым тез арада тереңдеп кетиши ыктымал деген ойго да басым жасалды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG