Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Ош: Жоолукчан кыздарды мектепке киргизбей жатат


Асия Замирбекова, жоолуктун айынан кодулоого кабылган окуучу кыздардын бири, Ош.
Асия Замирбекова, жоолуктун айынан кодулоого кабылган окуучу кыздардын бири, Ош.

Ош шаарында эки окуучy кызды жоолук салынганы үчүн мектепке киргизбей жатышканын ата-энелери айтып чыгышты.

Жоолукчан кыздардын ата-энелери казыятка, прокуратурага кайрылып, бирок андан майнап жоктугун айтышууда. Ал эми агартуу кызматкерлери жоолук салынуу мектептин жобосунда жоктугун белгилешип, бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын тастыкташууда.

10-класстын окуучусу Асия Замирбекова дин жолуна түшүп, ар дайым жоолук салынып жүрүүнү адат кылганына эки апта болду. Бирок бул аракетин ал окуган Исхак Раззаков атындагы №20-мектептин жетекчилери терс кабыл алды. Асия кодулоолорго кабылып, сабакка барыш кыйын болуп калганын айтат:

- Мен мектепке жоолук салынып барсам эжекелер, мектеп директору мага аябай терс мамиле кылышты. «Киргизбейм, бар үйүңө бар» деп биринчи сабактан эле кетирип жиберишти. «Эмне кап кийип алгансың, эми мектепке эмес медресеге барып оку» деп кемсинтишти. Ал эмес «сен сектага кирип алгансың» дегенге чейин барып, ойлоруна келген сөздөрдү айтып, каалашынча кемсинтип, кодулашты.

Асиянын апасы Жумакан Исмаилова да кызы жоолук салынып, ээн-эркин мектепке бара албай жатканына нааразы:

- Жоолук салынган кыздарга эмне үчүн кысым көрсөтүлөт? Менин кызымды ушинтип ар ким кемсинте берсе, ал психологиялык жактан кандайдыр бир ооруга тушугуп калса ким жооп берет? Эгер менин кызымды ушинтип эле мектепке киргизбей эле кыйнашса мен бара турган баардык жерге барам. Жогорку Кеңешке чейин, президентке чейин укугумду талашып барууга алым жетет.

Шаардын башка бир тургуну Мирланбек Калбаев мектепте жоолук салынып жүрүүгө уруксат жок болгондуктан анын карындашы да эки аптадан бери үйдө сабак окуп жатканын айтууда. Анын бир тууганы Айгеримди «сектага кирип кеткенсиң, хизбутсуң» деп кодулашкан экен. Ал мындай жагдайлар Ош шаарында ондоп саналаарына токтолду:

- Булар эми мамлекеттик мектепти өздөрүнүн менчик үйү кылып алышканбы билбейм. Өздөрү каалаганын кылышып, карындашым Айгеримди мектептен кууп чыгышты. Бир эле биз эмес, башка канча окуучуларды жоолук салынганы үчүн эле айдап атышат. Өз алдыңча коргой албагандан кийин, эми менин жеке оюмча, мусулмандардын укугун коргоо боюнча атайын бир штаб түзүлүш керек болуп калды окшойт. Себеби бул жагдай өтө эле көп болуп жатат, керек болсо массалык болуп жатат деп айтса болот. 10 кыз чын жүрөгүнөн жоолук салынам десе, анын бирөө эле араң жоолук салына алат. Калган тогузу коркконунан жоолук салына албайт.

Ал эми шаардык билим берүү башкармалыгы мындай жагдайлар аз экенин белгилеп, окуучулар бирдей форма эрежесин сактоого милдеттүү экенин эске салууда. Мекеме жетекчиси Гүлайым Машрапова окуучу кыздарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн жана алар кайрадан мектепке барып жатканын тастыктады:

- 2011-жылы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аймактык билим берүү башкармалыктарына атайын кат келген. Анда жоолук салынууга атайын тыюу салынбагандыгы айтылган. Бирок ар бир мектептин өзүнүн жобосу бар, ошол жобону сактоого ар бир окуучу милдеттүү.

Машрапова ошондой эле оокучуларга бирдей форма кийгизүүнү ата-энелер өздөрү суранышкандыгын кошумчалады:

- Шаардагы бардык мектептерде конференциялар өтүп, мугалимдер, ата-энелер өздөрү суранышып, мектеп болгондон кийин ар бир окуучу бирдей форма кийишсин дешкен. Демилге көтөрүлүп, ушул талап катуу каралсын деп айтылган. Азыр эми айрым бир мектептерде гана ушул жоолук маселеси чыгып жатат. Муну эми дагы түшүндүрүү иштери менен чечишибиз керек.

Окуучу кыздардын ата-энелери билим берүү башкармалыгынан сырткары Ош шаардык казыятка жана прокуратурага да арыз менен кайрылган. Бирок алардан азырынча оңдуу жооп боло элек. Мындай мамиле улана берсе ата-энелер мектеп жетекчилерин сотко беребиз деп турушат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG