Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Муфтий: Ислам радикалдашпайт


Муфтий Максат ажы Токтомушев
Муфтий Максат ажы Токтомушев

Кыргызстанда ислам радикалдашууда деген пикирлер бар. Бул пикирлер канчалык туура? Кыргызстан муфтияты Париж жана башка жерлердеги террордук актыларды кандай баалайт? Муфтий Максат ажы Токтомушев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Азирети муфтий, Кыргызстанда ислам радикалдашууда деген пикирлер айтылууда. Сиздин буга пикириңиз кандай?

Муфтий Максат ажы Токтомушев: Биринчиден, айтып кетейин, ислам радикалдашпайт. Радикал - ал ислам эмес. Ислам эң боорукер жана эң таза дин экени эч кимге жашыруун эмес. Исламдын атын жаманатты кылып аткандардын баарына ислам каршы. Терроризмдин биринчи душманы ислам деп айтат элем.

"Азаттык": "Ислам мамлекети" тобунун жана башка радикал идеологиялардан таза исламды ажыратып, экөөнү бири-бири менен байланыштырбаганга кантип жетише алабыз?

Муфтий Максат ажы Токтомушев: Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атагандарды Бүткүл дүйнөлүк аалымдар комитети Меке, Мединадагы жыйындарда, жакында Москвада өзүбүз да көптөгөн аалымдар менен өткөргөн жыйында бирөө да колдогон жок. Алардын арасында билимдүү, Куран жана хадиске каныккан бир да адам жок экенин белгилешти.

Бул - саясат. Аларды дин жолундагылар деп эсептебейбиз. Ошондуктан экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн бардык мечиттерде казыларга тапшырма бердик. Медреселерде ханафий - мазхабды күчөтүү багытында бирдиктүү программа киргиздик.

Окутуп жаткан жаштарыбызга, коомчулукка экстремизм жана терроризмдин исламга эч кандай тиешеси жоктугун айталы. Өзүн-өзүн жардырып атса, бул кандай дин болсун? Бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатса, бул динби? Буга биз таптакыр каршыбыз. Бул исламды жаманатты кылуу. Андай чагымдарга берилбейли. Буга каршы коомчулук менен чогуу иштеп, Кыргызстандын тынчтыгына өзгөчө көңүл буруп атабыз. Албетте, ааламдагы окуяларга жүрөгүбүздөн кайгырабыз.

"Азаттык": "Ислам мамлекети" жана башка радикал идеологияга биздин айрым жаштар тартылып кетип жатат. Ага каршы эмне коё алабыз?

Муфтий Максат ажы Токтомушев: Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Булардын идеологиясы такфир деп аталат. Булар - такфиристтер. Такфиристтер мусулманды каапырлыкка айыпташат. Таза эле мусулман адамды бир күнөөнүн негизинде аны каапырлыкка чыгарат. Өтө өкүнүчтүүсү, кээ бир жаштарыбыздын билип-билбей туруп ошолорго кошулуп кетип жатканында. Ага жол бербеш үчүн бардык органдар өзүнүн чегинде иш алып барышы керек. Мисалы, паспорт берүү, чет өлкөгө чыгууда, ошол жерлерде чек ара, бажы көзөмөлдөрү дыкат иштеп, УКМК өзүнчө, Ички иштер министрлиги, айыл өкмөттөр, диний башкармалыктар биргелешип аракеттенип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен токтото алабыз. Башка жол жок.

"Азаттык": Урматтуу муфтий, дааватка чыгуунун эрежесин катаалдантуу сунушталып жатат. Дааватка билими тайкы адамдар чыгып алып, тескери жолго түрткөн фактылар бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Муфтий Максат ажы Токтомушев: Кудайга шүгүр, даават Кыргызстан дин башкармалыгынын бекем көзөмөлүндө турат. Ким чыгып атат, кандай чыгып атканы көзөмөлдө. Даават аркылуу биз жаштарыбызды ханафий-мазхабы менен тааныштырып, радикал идеологияларга каршы күрөшө алабыз. Имамдарды, билимдүү адамдарды дааватка чыгарып, агартуу аркылуу максатыбызга жете алабыз деген үмүттөбүз. Дааватка чыгуунун өзүнүн тартиптери, жоболору бар. Ошолор аркылуу иштейбиз. Абал жакшы. Дагы иштешибиз керек.

"Азаттык": Сиздин өзүңүздү да "Таблиги жамааттын" мүчөсү деп айыптап келатышат. Ага кандай жообуңуз бар? Бул уюмга тиешеңиз барбы?

Муфтий Максат ажы Токтомушев: Мен дайым ушуну айтып келем. Мындай жамаат бизде катталган эмес. "Таблиги жамаат" деген уюм жок. "Даават" деген чакыруу, "таблиг" деген жеткирүү деген сөз. Өзүңүзгө жакшы каалаган нерселерди, динибизди, өзүбүздүн мазхабыбызды жеткиргендин аты "таблиг" деген сөз. Ушул иштерди кылып атса, аны өзүнчө жамаат деп, өзгөчөлөнткөн туура эмес деп ойлойм. Тескерисинче, намазга жыгылуу милдеттүү болгондой эле намазга чакыруу да милдеттүү. Башкаларды арам иштен оолак болууга чакыруу, токтотуунун аты даават.

"Азаттык": Өзбек муфтияты Париждеги жардырууларды айыптап чыкты. Биздин муфтият ошондой айыптап чыктыбы?

Муфтий Максат ажы Токтомушев: Биз Париждеги жардыруу туура эместигин бардык жерде айтып жатабыз. Андай террордук актыларды буга чейин да айыптап келгенбиз.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG