Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

“Ахмадийди” атты деп шектелгендер кармалды


Тинтүү учурунан бир көрүнүш
Тинтүү учурунан бир көрүнүш

Кара-Суу районунун тургунун атып кетүүгө шектелген куралчан алты киши кармалды.

Алдын ала божомолдорго ылайык, алар диний көз караштарга байланыштуу ушундай кылмышка барышкан. Өлтүрүлгөн Юнусжан Абдужалилов ислам дининин "Ахмадий" агымынын мүчөсү болгон.

Оштун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында киши өмүрүн алган аткылоого айыпталгандар Жалал-Абад шаарынан колго түштү. Кармалган алты адам террордук уюмдарга тиешеси бар экендиги да божомолдонууда.

Кармалгандардын үчөө Кара-Суу районунун тургуну, бирөө Жалал-Абад облусунун жашоочусу жана экөө Өзбекстандын жарандары экени аныкталды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Тинтүү жүргүзгөн учурда алардын жанынан 100 огу менен “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 150 огу менен “Наган” револьвер тапанчасы табылды. Мындан сырткары электрондук сактагычтарда, дисктерде кайсы бир террордук уюмга тиешелүү материалдар алынды. Кармалгандар Ош шаарына жеткирилип, сурак бере баштады. Алардын Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Абдужалиловду өлтүрүүгө катыштыгы боюнча бизде далилдер бар. Бул топ ушул эле айылдан мурда башка бир тургунга да кол салган болушу мүмкүн.

Кармалгандардын бири
Кармалгандардын бири

Белгисиз жарандар Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Юнусжан Абдужалиловду 22-декабрь күнү кечинде өз үйүнөн анча алыс эмес жерде атып кетишкен. 37 жаштагы Абдужалиловго 9 жолу ок тийген. Жабырлануучу ооруканага жеткенде каза болгон. Окуя болгон жерден белгисиз куралдын 12 даана огу да табылган.

Шектүүлөр Юнусжан Абдужалиловду диний келишпестиктерден улам өлтүрүп салышканы жоромолдонууда. Жеңиш Ашырбаев:

- Колго түшкөндөрдүн жүрүм-туруму жана алардын жанынан алынган далил буюмдарга таянуу менен алар кандайдыр бир экстремисттик, радикалдык топторго тиешеси бар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Алты кишиден турган бул топ ошол эле Юнусжан Абдужалилов менен да диний идеологиялык жактан келишпестиктен улам чатакташкан болушу мүмкүн. Башынан эле ушул версия менен иштегендиктен ушинтип айыптууларды кармап отурабыз. Калган жагдайлар иликтөөдөн кийин ачыкталат.

Күч кызматтары Юнусжан Абдужалилов “Ахмадийлер" жамаатынын мүчөсү болгонун ырасташты. Ал эми аны өлтүрүүгө шектелип жаткандар кайсы уюмдун жактоочулары экени айтыла элек.

Абдужалиловдун досу, “Ахмадий” агымынын өкүлү Айбек Кадыров да кылмыштын артында диний жүйө болушу мүмкүндүгүн четке какпайт:

- Кашкар-Кыштактагы мечитте мурда бир имам бизди “каапыр, динди туура эмес тутунат” деп жарыялай берчү. Ал мечитте “"Ахмадий" жамаатындагыларды өлтүрсө боло берет, алардын канын төксөңөр, ар бир тамчы үчүн сооп аласыңар” деп ачык эле айтчу. Кийин өзү Сирияга кетип калган. Бир эле бул жерде эмес, Кыргызстандагы бардык мечиттерде бизге каршы үгүт жүрөт. “Буларга акча келет, булар пайда үчүн эле намаз окушат” деп айткан диниятчылар бар. Кара-Суудагы мечиттерде болсо “ахмадийлер менен кыз алып, кыз беришпегиле, сөөктөрүн бир мүрзөгө койбогула” деп айтышат. Ал тургай “Ахмадий” жамаатындагыларды өлтүрсө болот, сабап салса болот” деп эле ачык айткан молдолор бар. Мунун баары биздин уюмга коюлган жалган жалаа. Бирок ушундай терс үгүт иштеринен улам ар кандай кол салуулар болушу мүмкүн. Досубузга можахеддер, "салафилер" кол салган деп шектенип атабыз.

Айбек Кадыровдун айтуусунда, Кашкар-Кыштак айылында эле "Ахмадий" агымынын 100гө жакын мүчөсү бар. Кара-Суу районунда болсо алар миңдеп саналат:

- Мен “Ахмадий мусулмандар” жамаатынын мүчөсүмүн. Досум Юнусжан экөөбүз бул уюмга 2007-жылы өз эркибиз менен кошулганбыз. Ал кезде бизде диний үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат бар болчу, кийин даваатка чыгууга макул болбой коюшкан. Бул уюм азыр деле Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган эмес. Ошого карабай кээ бир мечиттерде имамдар бизге каршы үгүт-насааттарды жүргүзүп жатышат. Ушуга окшогон сөздөрдөн улам жаштардын мээсине вирус түшүп, бизди, “Ахмадий” жамаатындагыларды жаман көргөндөр көбөйдү.

Кармалгандардын бири
Кармалгандардын бири

Абдужалиловдун туугандары болсо, аны кандайдыр бир терс агымдарга тиешеси жоктугун айтышууда. Маркумдун бир тууганы Юсуфжан Абдужалилов окуя боюнча буларга токтолду:

- Үкөбүзгө эмнеге кол салганын эч түшүнбөй атабыз. Же көп акчасы жок, же бизнеси жок, жөн гана устачылык кылчу. Мурда Оштогу Кыргыз-өзбек университетин аяктап, эки-үч жыл мектепте мугалим болуп да иштеген. Түз намазын окуп жүргөн бала эле. “Ахмадий” жамаатында экендигин билем, бирок ал террорчулар менен, экстремисттер менен эч качан карым-катнаш кылган эмес. Тескерисинче, аларды туура эмес деп ачык айтчу.

Юнусжан Абдужалиловдун артында төрт баласы жетим калды. Апасы Табакалхан Абдужалилова буларды айтты:

- Бир динди карманып жүрүп эле эмне талашканын билбейм. Кандай чыр болсо деле, окко жеткирбей эле чечип алышса болбойт беле! Сөзсүз түрдө ушинтип, биринин этин бири жеп, өлтүрүп тыныш керек беле? Мына, төрт неберем жетим калды, кичүүсү болгону үч жашта эле. Балдарын эми ким багат? Уулумду өлтүргөндөр ушул балдардын тагдырын деле ойлонушпайбы? Ушул балдарды жетим калтыруу Аллага деле жакпаса керек.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.

“Ахмадий” агымы салттуу исламдан негизинен эки нерседен гана айырмаланат. Биринчиси - жалпы мусулмандар Иса пайгамбарды тирүү, Кудай аны асманга алып кеткен, кийин кайра түшүрөт десе, "ахмадийлер" аны өлгөн, бирок башка адам болуп, бул дүйнөгө төрөлөт деп эсептешет.

“Ахмадийлердин” эсебинде Кыргызстанда алардын миңге чукул мүчөсү бар. Булар жума намазды мечиттерде эмес, өздөрүнчө окушарын айта кетели. “Ахмадийлер” тарабынан Куран дүйнөнүн 70ке жакын тилине которулган. Алардын 2009-жылы 3 миң нускада чыгарган Курандын кыргызча котормосун Кыргызстандын муфтияты колдонууга жараксыз деп тапкан. Анда Курандын негизги түшүнүктөрүн бурмалоого жол берилгендиги айтылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG