Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Кыргызстанда акыркы учурда пайда болуп жаткан жаңы диний агымдар өлкө коопсуздугуна канчалык коркунуч туудурат, алардын көздөгөн максаты эмне? Теология илимдеринин доктору, саясий илимдердин кандидаты Самаган Мырзаибраимов “Азаттыкка” маек курду.

- Акыркы учурда Кыргызстанда салафи, ахмадия, нурчулук, сулеймания өңдүү көптөгөн диний агымдар пайда болгону тууралуу айтылып жатат. Алар эмне болгон агымдар? Булардын максаты эмне?

- Жогоруда атап өткөн агымдарды атайын өзүнүн категориясына жараша бөлүп карашыбыз зарыл. Негизинен агымдар ислам адабиятында ишеничке таянган жана укуктук, жашоо-турмушка таянган агымдар болуп экиге бөлүнөт.

Бул агымдардын ичинен салафи аттуу агым Египеттен чыккан жана ал исламдын негизги булактарын ачыктап, ошонун жашоодогу өзгөчөлүктөрүн гана түшүндүрөт. Ал эми "нурчулар" ишенимге байланыштуу агымдарды таанып билүү менен, аны белгилүү аймакта, белгилүү бир аалымдын көз карашынын негизинде колдонуу, таратуу ыкмасы катары гана каралат.

Булар Кыргызстандын коопсуздугуна кандай таасир тийгизет? Бул суроого азыркы учурда объективдүү баа берүү өтө кыйын. Себеби саясий кырдаалдын негизинде гана аныкталып келе жатат. Бирок булардын жактоочулары Кыргызстанда бар экени чындык.

- Дегеле ушул салафия, ахмадия, нурчулук, сулеймания сыяктуу агымдардын көздөгөн максаты эмне?

- Кандай гана агым, же диний аракет болбосун аны эки багыттан карашыбыз зарыл. Биринчиси, алардын максаты, экинчиси, максатка жетүү үчүн колдонгон ыкмасы.

Кандай гана агым болбосун ал таянган принциптер исламга туура келбейт деп айтуу кыйын. Себеби ал агымдар исламдын эрежелеринен кандайдыр бир баалуулуктарды өздөрүнө энчилеп алышат. Ошол эле учурда туура максат үчүн туура эмес ыкма колдонуп алган агымдар да жок эмес. Мисалы, агымдарды жайылтуу жолунда маданий жолду тандабай, консервативдүү ыкмаларды колдонгон агымдар да бар.

Муну менен катар максатында туура эмес саясат болгон, бирок жайылтуу ыкмаларын ушунчалык акылдуулук менен ойлонуштурганынан улам аларды коомчулук коопсуз санаган агымдар да бар.

- Мындай диний агымдардын активдешинин себеби эмнеде? Айрымдар Казакстанда кысымга алынган диний агымдар Кыргызстанга кирип жатат деп айтып жатышат.

- Диний агымдардын активдешинин алгачкы себеби өлкөбүздө дин эркиндиги деп, ар кандай агымдарга динди өз алдынча түшүндүүгө шарт түзүп берип койгонбуз. Ошол эле мезгилде аны көзөмөлдөө параллелдүү түрдө жүргүзүлбөй келет. Мындан улам бизде коомдук кубулуш катары ар ким каалагандай динге ишенүү көбөйүп кеткен.

- Кыргызстанды диний жактан эркин өлкө катары сыпаттап жүрөбүз. Сиздин пикириңизде бул жакшыбы, же жаманбы?

- Эркиндик десе эле баарынын башын бош коюп, каалаганын жасай берүү дегенди түшүндүрбөйт. Кыргызстанда азыр эркиндик сөз жүзүндө болгону менен, аны конкреттүү түрдө кайсы бир идеяга, багытка, үмүткө жараша жөндөштүрүүнү колго ала албай жатабыз. Муну "көзөмөлдөн чыккан эркиндик" деп атасак болчудай. Мунун бизге пайдасынан да коркунучу көп.

- Казакстанда жардыруулар дал ушундай диний агымдар тарабынан жасалганы айтылды. Мындай кырдаалдын Кыргызстанга ооп кетүү ыктымалдуулугу канчалык?

Биз бардык эле агымдарды экстремисттик же коркунучтуу катары санап, басымга ала берип, тынч максатты көздөгөн диний агымдарды да душманга айландырышыбыз толук мүмкүн.

- Бул сымал коркунучтар азыр деле бар экенин айтып койсок болот. Тек гана кыргыз коомунун экстремисттерге каршы басмырлоосу анчалык эмес, мындан улам алардын аракети анчалык байкалбай жатат. Биздин мамилебизге жараша алардын жообу басаңдап же күчөшү мүмкүн.

- Диний агымдары ооздуктоо же аларды тартипке келтирип, жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек? Айрымдар Кыргызстанда жаңы диний агымдар менен салттуу диндерди ажыраткан мыйзам жазууну сунуштап жатышат.

- Бизде мындай мыйзам жазуу менен муну жөнгө салуу маселени бир жагынан гана чечип, толугу менен чече албайт. Себеби ошол мыйзамды кабыл алууга коом даяр эмес. Ошондуктан мен бул көйгөйдүн түйүнүн чечүүдө эки жолду көрүп жатам. Биринчиси, экстремисттик кыймылдарды тиешелүү органдар алдын-алышы керек. Болбосо, учурда кайсы бир деңгээлде өз иш аракетин жүргүзүп жатат.

Экинчиден, ошол экстремисттик кыймылдардын өз иш аракетин легитимдүү катары жүргүзүүгө ыңгайлуу учурларды жаратпаш керек. Башкача айтканда мамлекет менен мусулман коомун жакындаштырып, экстремисттик коом менен катардагы мусулманды бирдей деңгээлде көрбөшүбүз керек.

Биз бардык эле агымдарды экстремисттик же коркунучтуу катары санап, басымга ала берип, тынч максатты көздөгөн диний агымдарды да душманга айландырышыбыз толук мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG