Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:22

Кыргызстандан сыртка аттанып жаткан радикал маанайдагы балдарды кантип токтотуп, кантип алдын алса болот?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаев, муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов жана “Дин, укук, саясат” көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов.

“Азаттык”: Кыргызстандан жаштар Иранга, Иорданияга, Египетке, Сауд Арабиясына, Түркия, Пакистан, Индияга барып, ислам багытында таалим-тарбия алып келишери айтылат. Өзгөчө он беш чакты бала Сирияга согушка кетиптир деген маалымат коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да Бишкекте студенттер менен жолугушканда диний кырдаал кооптуу болгонун айткан эле. Ушунун өзү өлкөдө динчилдер радикалдашып баратат дегенди билдирбейби? Мындай пикирлерге негиз барбы?

Эсен Өмүракунов: Жалпысынан радикалдаштыруу багытында атайын иштеген деле жагдайлар жок. Негизинен жалпы эл динге кызыгат, бирок диний илимибиз тайкы болгондуктан, бул багытта туура маалымат, илим алууда аракет жок болгондуктан радикалдашып кетүү көрүнүшү бар.

Мисалы, Сирияга чыгып кеткенден башка, мектепке балдарын бербей коюу, коомдук иштерден качуу, коомго аралашпоо өңдүү аракеттин баарын радикалдуу көрүнүштөр деп эсептесек болот.

Диний илим, билим берүүгө мамлекет, коом тарабынан да колдоо болушу керек. Болгон нерсени чектеп койгон эмес, бул багытта алдын ала чара көргөн мыйзам болушу керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Коопсуздук жагынан алганда, Сирияга согушуу үчүн кетүүгө даяр радикал маанайдагы балдардын көбөйүшү өлкөгө кандай коркунуч жаратат?

Кадыр Маликов: Ооба, жалпысынан алганда коркунуч бар. Бул коркунучту экиге бөлсө болот. Биринчиден, эгемендик алган жылдан бери диний кырдаалды эске алганда биз жарандарды коопсуздукка шылтап, сыртка чыгышына чек койо албайбыз.

Эки ыңкылаптан кийин биздин саясий система Казакстан же Өзбекстандан айырмаланып турат, бул - эркиндик.

Экинчиден, тоталдык көзөмөл Кыргызстанда натыйжа бербейт. Себеби кырдаалдын өзгөрүшүнө сырткы жана ички факторлор таасир этип жатат. Ички фактор - жаштар жан дүйнө, идеологиялык багытын динден издеп жатат. Бизде азыр светтик бийликтин бедели түшүп жатат.

Экинчи фактор - баары бир ислам, ислам жамааты дайыма ири геосаясий оюнчулар АКШ, Орусия жана регионалдык державалар Пакистан, Катар, Сауд Арабия, Түркия тарабынан саясаттын объектиси болуп келген. Ушуну эске алганда мамлекет муфтиятка да жардам катары тез арада медреселерде билим берүүнүн деңгээлин көтөрүш керек.

“Азаттык”: Конституция боюнча Кыргызстан светтик өлкө, динге кийлигишпейт. Бирок өлкө коопсуздугун эске алганда жарандар согушуу үчүн деп сыртка жакка чыгып кетип атса мамлекет кандай кадамдарга барышы керек? Алдын алыш керекпи?

Маметбек Мырзабаев: Биринчиден, бул акыбалга кандай келгенибизди ойлонушубуз керек. Мисалы, СССР убагында бир жаран коммунизм үчүн өлгөнгө даяр эле. “Жашасын коммунизм” деген идеологияны көтөрүп турчу. Союз тарагандан кийин 1990-жылдары эл коммунизм, атеизм идеологиясын таштап динге киришти. Ошол жылдары намаз, орозо эмне, пайгамбар ким дегенди үйрөнүшкөн. Ал кезде дин үйрөткөндөр ким болгон? Ошол эле Ташкентте, Самаркандда же Ошто окуган молдолор сабак берген.

Экинчи этап 2000-жылдарга туура келет. Ушул кезде диний уюмдардын саны абдан көбөйө баштаган. Мисалы 1990-жылдары “мен динчилмин, сен динге көп ишенбейсиң” десе, 2000-жылдары “мен кирген диний уюм туура, бул туура эмес” деген көз караштар пайда болгон. Коомдогу уюмдар бири-бирине карама-каршы келе баштаган учур болгон.

Ал эми үчүнчү этапта бул коомдук деңгээлден мамлекеттик деңгээлге өтүп атат. Мисалы, бир кыргыз эмнеге ушул жерден Сирияга кетти? Ал үчүн мамлекеттик, улуттук баалуулуктар маанилүү эмес, ага исламий, диний баалуулуктар жогору болууда. Ал үчүн өлгөнгө даяр. Бул да диний түшүнүгүбүздө башка багытта кетип жатканыбыздын далили.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG